Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда "Кыргызалтын" ишканасынын башкаруу түзүмү өзгөрүп, өндүрүштүк жана инвестициялык багыттары кеңейди.
Компания алтын өндүрүү менен гана чектелбестен, мамлекеттик активдерди башкарган көп тармактуу холдингге айланды. Бул мезгилде экономикалык көрсөткүчтөр өсүп, жаңы кен долбоорлору ишке киргизилип, эл аралык кызматташтык кеңейди.
Экономикалык өсүш: таза пайда 90 млрд сомдон ашты
Акыркы беш жылда "Кыргызалтындын" таза пайдасы 90 млрд сомдон, жалпы кирешеси 99 млрд сомдон ашты. Бул аралыкта мамлекеттик бюджетке 6,8 млрд сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 млн сом которулду.
2026-жылдын тогуз айында компаниялар тобунун кирешеси 131 млрд сомдон, таза пайдасы 82,3 млрд сомдон ашты. Ал эми "Кыргызалтындын" өзүнүн таза пайдасы 33,2 млрд сомду түздү.
Стратегиялык кендер мамлекеттин карамагына өттү
Акыркы беш жылда стратегиялык кен байлыктарды мамлекеттик кызыкчылыкка пайдаланууга багытталган иштер жүргүзүлдү. Буга чейин жеке инвесторлордун пайдалануусунда болгон бир катар келечектүү кен тилкелери мамлекеттин карамагында өздөштүрүлө баштады.
"Кумтөр Голд Компани" жана "Макмал Голд Компани" сыяктуу туунду ишканалар өндүрүштү өз күчү менен өнүктүрүүдө. Ошондой эле Тоголок, Үңкүр-Таш, Талды-Булак жана Андаш кендери боюнча долбоорлор өлкөнүн жаңы өнөр жайлык мүмкүнчүлүктөрү катары каралууда. Геологиялык чалгындоо иштерин компаниянын өз күчү менен жүргүзүүсү да бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири болду.
Кыргыз алтыны эл аралык рынокко чыкты
"Кыргызалтын" эл аралык финансылык уюмдар жана компаниялар менен кызматташтыгын кеңейтти. Атап айтканда, ICBC Standard Bank, StoneX жана Citibank London сыяктуу дүйнөлүк өнөктөштөр менен байланыштар өнүктүрүлдү.
Мындан тышкары, Монголиянын Борбордук банкы жана Малайзиянын Public Gold Marketing компаниясы менен кызматташуу багыттары түзүлдү. LBMAнын эл аралык талаптарына шайкештик, сапат стандарттары жана жаңы келишимдер кыргыз алтынынын дүйнөлүк баалуу металлдар рыногундагы атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталды.
Өндүрүшкө 12ден ашык санариптик система киргизилди
Акыркы беш жылда компаниянын өз күчү менен 12ден ашык маалыматтык система иштелип чыгып, өндүрүштүк жана башкаруу процесстерине киргизилди. Бул филиалдар менен туунду ишканалардын ишин бирдиктүү системага бириктирип, башкаруунун ачыктыгын жана ыкчамдыгын жогорулатууга шарт түздү.
Ошондой эле кен жайларда жана өндүрүш объектилеринде күнү-түнү иштеген видеобайкоо системалары орнотулуп, мамлекеттик активдерди коргоо жана өндүрүштүк коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
"Кыргызалтын" көп тармактуу холдингге айланды
2021-жылы компаниянын курамында 7 филиал жана 4 биргелешкен ишкана болгон. Кийин экономикалык жактан натыйжасыз 5 филиал жоюлуп, башкаруу түзүмү оптималдаштырылган.
Беш жыл ичинде "Кыргызалтын" 2 филиалды, 13 туунду ишкананы жана 5 биргелешкен ишкананы бириктирген холдингдик башкаруу моделине өттү. Компаниянын ишмердүүлүгү алтын өндүрүүдөн тышкары логистика, курулуш, туризм жана жаңы инвестициялык долбоорлор менен толукталды.