Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Азербайжандын "AzerGold" ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушуу өткөрдү.
Компаниядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Чолпон-Ата шаарында эки өлкө башчыларынын катышуусунда кол коюлган меморандумду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл тоо-кен тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу, ошондой эле геологиялык чалгындоо, кен казып алуу жана кайра иштетүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелерине бурулду.
Кубат Абдраимов акыркы жылдары Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Закир Ибрагимов Борбор Азияда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын кабарлап, геологиялык изилдөөлөрдөгү заманбап технологиялары менен бөлүштү.
Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга макулдашты.