Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов "AzerGold" ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Азербайжан менен Кыргызстандын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйынынын алкагында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда кол коюлган "Кыргызалтын" ААК менен "AzerGold" ЖАКнын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдан келип чыккан маселелерди талкуулашты.
Жолугушууда тоо-кен тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, инвестиция тартууга, ошондой эле пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
"Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов акыркы беш жылда Кыргызстандын тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын алдыңкы секторлорунун бирине айланганын белгиледи.
Анын айтымында, азербайжан тарапка "Кыргызалтын" ААКда жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр, мамлекеттик компаниянын түзүмүн өркүндөтүү, туунду ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле учурдагы долбоорлордун портфели жана ишмердүүлүктүн жаңы багыттары тууралуу маалымат берилди.
"Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы компания эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин да баса белгиледи.
Өзгөчө көңүл "AzerGold" ЖАК менен кызматташууга бурулду. Кубат Абдраимов азербайжан тараптын кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара колдоо көрсөтүү боюнча сунушу "Кыргызалтын" тарабынан оң кабыл алынганын белгиледи.
Анын айтымында, өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр кызматташтыктын жаңы багыттарын ачууга, ошондой эле Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы келечектүү долбоорлорду биргелешип кароого мүмкүнчүлүк түзөт.
Өз кезегинде "AzerGold" ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов мамлекет башчыларынын лидерлиги жана саясий эркинин негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда достук жана боордоштук мамилелер түзүлүп, бул экономикалык байланыштарды, анын ичинде тоо-кен өнөр жайындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи.