Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук кинематографиясынын жетишкендиктери жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү Стамбулда өткөн "Түрк дүйнөсүнүн кино саммитинде" тааныштырылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 4-ноябрда VI "Коркут ата" Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалынын алкагында өттү.
Саммитте Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков өлкөнүн кино тармагындагы жетишкендиктери жана келечектеги кызматташтык багыттары боюнча баяндама жасады.
Ошондой эле кыргызстандык режиссёрлор жана кино тармагынын өкүлдөрү түрк дүйнөсүндөгү кесиптештер менен чыгармачылык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.