Кыл кыяк күүсү Каспийдин жээгинде жаңырды. Азербайжан элине "Коркут Ата" спектакли тартууланды

Маданият 21 Апрель 2025 10:16
488657952_1218243816502475_1291656369528134809_n.jpg
488714202_1218243749835815_6723256819327327049_n.jpg
488602228_1218243889835801_8708548213164526795_n.jpg
488646886_1218244066502450_1729765501448263092_n.jpg
488650094_1218243776502479_8026972568040180785_n.jpg
488658075_1218243639835826_3518611091871535691_n.jpg
488658783_1218243679835822_1383604464632733743_n.jpg
488660591_1218243849835805_4421911306135462557_n.jpg
488660594_1218243979835792_1244378520849952776_n.jpg
488832152_1218243716502485_6634282083707511148_n.jpg
488946465_1218243599835830_5698561179449864803_n (1).jpg
489080211_1218244023169121_3329936807866249783_n.jpg
489324915_1218243926502464_1073494292696892014_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кайрат Иманалиевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Баку шаарында Азербайжандын Маданият министрлигинин чакыруусу менен "Коркут Ата" спектакли тартууланды. Бул тууралуу пьесанын автору - Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, чыгарма түрк элдеринин эпикалык жомокторунун негизинде жазылган.

Иш-чарага Азербайжандын маданият министри Адиль Керимли, башка жогорку даражалуу расмий адамдар, чыгармачыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Түрк маданияты жана мурасы фондунун жана Кыргызстан элчилигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. 

Спектакль азербайжандык көрүүчүлөрдүн алкоосуна ээ болуп, Азербайжандын Маданият министрлигинин жана театр ишмерлер союзунун, Түрк маданияты жана мурасы фондунун сыйлыктары берилди.

Мындай сыйлыктарга спектаклдин режиссеру маркум Марат Козукеев, КР Эл артисттери Шайгүл Алсеитова, Калича Сейдалиева, Коркуттун образын жараткан Адыл Болорбек уулу менен Атай Өмүрбеков татыктуу болду.

"Коркут Ата" спектакли Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында мындан тогуз жыл мурун коюлуп, сахнадан түшпөй, бир нече эл аралык фестивалдарга катышып, бир топ ийгиликтерди багындырып келген.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтүүдө.