Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү башталды

Маданият Загрузка... 21 Апрель 2025 09:55
1084588725_0_34_3522_2015_1920x0_80_0_0_2041800e86d2d6314ae80dc0c7cb67bd.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда Азербайжандын маданият күндөрү башталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 20-апрелден 25-апрелге чейин созулат.

Маданий иш-чаралардын программасы:

21-апрель.

Саат 15:00 – Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү (Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде);

Саат 19:00 – Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт (Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында).

22-апрель

Саат 14:30 – Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);

Саат 15:00 – Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары (Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада);

Саат 19:00 – Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

23-апрель

Саат 16:00 – Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы (Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында);

Саат 19:00 – Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында).

24-апрель

Саат 16:00 - Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти (Кыргыз улуттук “Манас” театрында);

Саат 19:00 – Джаз музыкасынын кечи (Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында).