Быйыл Нарында 95 жаңы ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү

Экономика
Быйыл Нарында 95 жаңы ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Нарын облусунда 2026-жылдын тогуз айында 95 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы ачылган ишканаларда жалпы 464 жумуш орду түзүлдү.

"Отчеттук мезгилде өнөр жай продукциясынын көлөмү 14,5 млрд сомго жакындап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайыздан ашык өстү", - деп айтылат билдирүүдө.