Нарында 5 жылда кандай өзгөрүүлөр болду? Негизги долбоор

Аймак
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда Нарын облусунда турак жай, транспорт, энергетика жана маданият тармактарында бир катар долбоорлор ишке ашырылып, жаңы объектилер курулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, Нарын шаарында заманбап маданий борбор курулду. Ошондой эле шаарда 216 батирлүү, Кочкор районунда 217 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынды.

Мындан тышкары, Балыкчы – Кочкор темир жолу бүткөрүлүп, поезд Кочкорго жетти. Учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүүдө.

Энергетика тармагында кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат. Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 97 чакырым аралыгы күн энергиясы менен иштеген чырактар аркылуу жарыктандырылды.

Орунбеков бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталганын белгиледи.