Нарында Сары-Кыр жана Кында ашуулары жабылды

Аймак
Нарында Сары-Кыр жана Кында ашуулары жабылды
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу эки ашууда жана бир унаа жолунун тилкесинде унаа кыймылы убактылуу токтотулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, төмөнкү жол тилкелери жабылды:

  • Казарман – Жалал-Абад жолу — 0-52-чакырым аралыгы, Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусу;
  • Нарын – Орук-Там жолу — Эки Нарын айылынан 50-чакырымдан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки тилке;
  • Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу — 0-225-чакырым аралыгы, Ат-Башы районундагы Кында ашуусу.
"Аба ырайынын жана жол шарттарынын начарлашынан улам бул тилкелерде унаалардын коопсуз жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк жок", - деп айтылат маалыматта.

Жабылган жол тилкелери аба ырайына жана жолдун абалына жараша жаз айларында ачылат. Айдоочуларга убактылуу жабылган жолдорго чыкпоо жана коопсуздук талаптарын сактоо эскертилди.