Алдыдагы апта кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?

Коом 28 сентябрь 2026 19:00
Алдыдагы апта кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандагы аба ырайынын бир апталык божомолу менен бөлүштү. Ага ылайык, Кыргызстанда 1-2-октябрда айрым аймактарда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Ошондой эле 29-сентябрда күндүз, 30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй жана Талас облустарында

29-30-сентябрда Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-октябрда жана 2-октябрга караган түнү Чүйдүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Айрым жерлерде жаан катуу жаашы мүмкүн. Таласта бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

2-октябрда күндүз жана 3-4-октябрда эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. 4-октябрда күндүз жана 5-октябрда Чүйдүн айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Таласта 5-октябрда жаан жаашы күтүлөт.

Чүй облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

29-30-сентябрда айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

1-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 1-октябрда күндүз жана 2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.

2-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаайт. 3-октябрда жана 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-октябрда күндүз жана 5-октябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында

29-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда Ысык-Көлдө, ал эми Нарын облусунда 29-30-сентябрда күндүз жаан-чачын болбойт. Нарын облусунда 30-сентябрда түнкүсүн да айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

1-октябрда түнкүсүн эки облустун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 1-октябрда күндүз жана 2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.

2-октябрда күндүз Ысык-Көлдө айрым жерлерде жаан, Нарын облусунда айрым жерлерде жаан жана бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

3-октябрда жана 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-октябрда күндүз жана 5-октябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.