Кыргызстанда экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүдө негизги басым кылмыш жасалгандан кийинки чараларга гана эмес, анын алдын алууга, коомдогу тобокелдиктерди эрте аныктоого жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталууда. Бул тууралуу 2023–2027-жылдарга карата министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программасында белгиленген.
Маалымдалгандай, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын биргелешкен ишин талап кылган комплекстүү багыт катары каралат.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушууда терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жаңы шарттарга тез ыңгайлашып жатканын билдирген.

"Терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук да жаңы шарттарга тез ыңгайлашууда. Мунун баары бир нерсени көрсөтүп турат: бүгүнкү күндө коопсуздук саясий, экономикалык, технологиялык, экологиялык жана гуманитардык өлчөмдөрдү камтыйт. Мындай комплекстүү чакырыктарга бир дагы мамлекет жалгыз өзү туруштук бере албайт. Ошондуктан ШКУ мындан ары да биргелешкен жоопкерчилик жана макулдашылган аракеттер мейкиндиги катары бекемделиши керек", - деп белгиледи президент.
Ал эми коопсуздук тармагы боюнча эксперт Артур Медетбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда терроризм жана экстремизм коркунучу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөн.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда экстремизм жана терроризм коркунучу мурдагы жылдарга караганда, албетте, абдан төмөнкү минималдуу түрдө бар. Бирок, коркунучтун толук жоюлду деп айтууга болбойт. Себеби, Кыргызстанда мурда түзүлгөн айрым жашыруун аракеттердин болушу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн айрым жарандардын ар кандай жолдор менен террористтик жана экстремисттик уюмдардын таасирине түшүп калуу коркунучу сакталууда", - деди ал.
Анын айтымында, терроризм жана экстремизмдин формалары да өзгөрүп, акыркы жылдары санариптик же гибриддик ыкмалар кеңири колдонула баштады.

"Акыркы жылдары терроризм жана экстремизмдин өзүнчө формасы катары гибриддик, санариптик ыкмалар көбүрөөк кездеше баштады. Террористтик-экстремисттик уюмдар интернет ресурстарын, социалдык тармактарды жана мессенжерлерди активдүү колдонууда. Алардын түзүмдөрү да өзгөрүп, мурдагыдай борборлошкон моделдин ордуна чакан, өз алдынча топтор аркылуу иш алып барган учурлар көбөйүүдө", - деди Медетбеков.
Алдын алуу иштери максаттуу жүргүзүлөт
Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, экстремизмдин алдын алууда коркутуу эмес, коркунучту эрте байкап, туура аракет кылууга үйрөтүү маанилүү.
"Эң негизгиси — жарандарды коркутуу эмес, коркунучту эрте байкап, туура аракет кылууга үйрөтүү. Ата-энелер балдарынын интернеттеги чөйрөсүнө көңүл буруп, кайсы социалдык тармактарды жана мессенжерлерди колдонорун билип, алар менен ачык сүйлөшүүсү маанилүү. Ошондой эле балдарга зордук-зомбулукка, жек көрүүгө, мыйзамсыз аракеттерге же үй-бүлөдөн обочолонууга чакырган радикалдуу үгүттөн сак болууну түшүндүрүү зарыл", - деп билдиришти ИИМден.
Мекеме жарандарга шектүү маалыматты таратпастан, анын булагын текшерип, расмий жана ишенимдүү маалыматтар менен салыштырууну сунуштайт. Ошондой эле жеке маалыматтарды бейтааныш адамдарга бербөө, шектүү байланыштар болгон учурда аны токтотуу жана зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу маанилүү экенин белгилейт.

"Негизги алдын алуу — ишенимдүү үй-бүлөлүк мамиле, медиасабаттуулук, интернет коопсуздугу жана көйгөй жаралганда өз убагында жардамга кайрылуу", - деп айтылат маалыматта.
Жаштар жана интернет — негизги багыттардын бири
Адистердин айтымында, радикалдык идеялардын интернет аркылуу жайылышы күчөп жаткандыктан, жаштардын медиасабаттуулугун жогорулатуу экстремизмдин алдын алуунун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
"Терроризм жана экстремизм идеяларын жайылтууда, өз катарына жаштарды тартууда интернет ресурстары колдонулуп жатат. Социалдык тармактарга ар кандай маалыматтарды жайгаштыруу менен жаштарды өз катарына чакырууга умтулган учурлар бар. Бул эл аралык деңгээлдеги экстремисттик жана террористтик уюмдардын таасири дагы эле аз эмес экенин көрсөтөт", - деди Артур Медетбеков.
Ал ошондой эле айрым учурларда мессенжерлер, каржылык операциялар жана санариптик активдер экстремисттик жана террористтик аракеттерди уюштуруунун жаңы инструменттерине айланып жатканын белгиледи.
ИИМ да интернет жана социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик идеологияларды жайылтуу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин кабарлайт.
"Негизги коркунучтардын бири — айрыкча жаштарды радикалдык идеяларга тартуу. Ошондой эле жалган маалымат, кастыкты козуткан билдирүүлөр жана атайын даярдалган видеолор коомдогу ишенбөөчүлүктү жана карама-каршылыкты күчөтүшү мүмкүн. Мессенжерлердеги жабык топтор жана каналдар да экстремисттик материалдарды жайылтуу үчүн колдонулушу ыктымал. Ошондуктан маалыматтын булагын жана аныктыгын текшерүү маанилүү", - деп билдирет ИИМ.

Радикалдык идеологиянын таасирине кабылган адамдарды коомго кайтаруу
Мамлекеттик саясаттын дагы бир багыты — экстремисттик жана террористтик идеологиянын таасирине кабылган адамдарды кайра социалдаштыруу.
Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен кабарлашкандай, радикалдык идеологиянын таасирине кабылган адамдарды коомго кайтаруу боюнча иштер комплекстүү түрдө, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин негизинде жүргүзүлүүдө.
Агенттиктин кызматкерлери мындай жарандар менен маектешип, алардын жүрүм-турумуна мониторинг жүргүзүп, тиешелүү тыянактарды чыгарышат. Ал эми диний радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алууда негизги көйгөйлөрдүн бири катары жаштардын интернет жана социалдык тармактар аркылуу деструктивдүү диний агымдардын таасирине кабылышы аталууда.
"Учурда Кыргызстанда радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алууда негизги көйгөйлөрдүн бири – жаштардын интернет жана социалдык тармактар аркылуу деструктивдүү диний агымдардын таасирине кабылышы. Ошондой эле айрым жарандардын интернет тармагында тыюу салынган уюмдардын маалыматтарын билип-билбей бөлүшүп коюшу да коркунуч жаратууда", - деп айтылат Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин маалыматында.
Анда белгиленгендей, бул багытта заманбап маалыматтык технологиялар аркылуу жүргүзүлүп жаткан азгырыкка жана диний радикалдык идеялардын жайылышына каршы агартуу жана түшүндүрүү иштери тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте туруктуу жүргүзүлүп келет.

"Айрыкча жаштар арасында экстремизмдин алдын алуу боюнча атайын программалар ишке ашырылып, мыйзам талаптары жана светтик принциптер түшүндүрүлүүдө. Мектеп окуучулары жана жарандар үчүн "Радикализмден кантип коргонобуз" аттуу атайын маалыматтык нускамалар да иштелип чыккан. Жалпысынан бул маселе комплекстүү каралып, бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан системалуу түрдө иш алып барылууда", - деп айтылат маалыматта.
Аталган улуттук агенттиктин расмий маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында учурда 21 террористтик жана экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Интернеттеги коркунучтарга каршы аракеттенүү
Медетбековдун пикиринде, санариптик чөйрөнүн кеңейиши терроризм жана экстремизмдин алдын алуу иштеринде жаңы ыкмаларды талап кылууда.
"Телефондук террористтик чабуулдар сыяктуу учурлар да кездешип жатат. Социалдык тармактарда жана интернетте тараган айрым радикалдуу идеялардын таасирине түшкөн адамдар коомдук жайларга, мектептерге же башка мекемелерге "жардыргыч бар", "жардыруу болот" деген жалган маалыматтарды таратып, коомчулукка ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Мындай көрүнүштөр да маалыматтык чөйрөдөгү коркунучтардын бири", - деди эксперт.

Жыйынтыктап айтсак, экстремизм жана терроризмге каршы саясат бир гана укук коргоо органдарынын иши катары эмес, алдын алуу, билим берүү, агартуу, маалыматтык коопсуздук, жаштар менен иштөө, кайра социалдаштыруу жана коомдук коопсуздукту камсыздоону камтыган комплекстүү система катары каралат.
Артур Медетбековдун пикиринде, терроризм жана экстремизм коркунучу төмөн деңгээлде турган учурда да алдын алуу иштерин үзгүлтүккө учуратпоо маанилүү.
"Терроризм жана экстремизмге азыр анча көңүл бурулбай калды деп, бул коркунуч толугу менен жоголду деп айтууга болбойт. Бул багытта укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын иши, ошондой эле коомдун маалыматтык сабаттуулугу маанилүү. Анткени терроризм жана экстремизмдин формалары өзгөрүп, алар заманбап технологияларга ыңгайлашууда", - деди ал.
Мамлекеттик программада да негизги басым коркунуч пайда болгондон кийин гана ага жооп кайтарууга эмес, анын себептерин жана шарттарын алдын ала аныктоого багытталган.

Иш-чаралардын катарына экстремизм жана терроризм боюнча соттолгон адамдардын кайра радикалдашуусун алдын алуу жана коомго аралаштыруу боюнча мекемелер аралык план, жабык мекемелердеги адистерди окутуу жана экстремисттик материалдарды таратууга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери кирет.
Мындай чаралардын негизги максаты — коркунучка кийин жооп берүү менен чектелбестен, ага алып келиши мүмкүн болгон себептерди жана шарттарды эрте аныктоо, жаштардын жана жалпы коомдун маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу жана коомдук туруктуулукту камсыз кылуу.