Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жаштарды диний темадагы материалдар менен таанышууда сак болууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз катчысы Жунусаалы Мырзалиев "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, деструктивдүү түзүмдөр мессенджерлерде жаштарга психологиялык таасир этүү жана манипуляциялоо ыкмаларын активдүү колдонуп жатышат.
"Шектүү мазмундагы маалымат аныкталган учурда жарандарга дароо улуттук агенттикке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымдоону сунуштайбыз. Келип түшкөн бардык кайрылуулар сөзсүз түрдө каралат", — деди ал.
Ошондой эле ал учурда Кыргызстандын аймагында 21 уюм экстремисттик жана террористтик деп таанылганын кошумчалады.