Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана аларга жол бербөөгө багытталган түшүндүрүү иштерин улантууда.
Ведомство жарандардын көңүлүн коррупциянын алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо жана коррупциялык аракеттерге жол бербөө зарылдыгына бурууда.
ИИМдин маалыматына караганда, пара берүү жана алуу, ошондой эле башка коррупциялык аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Министрлик жарандарды мыйзам талаптарын сактоого, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө жана мындай фактылар аныкталган учурда алар тууралуу укук коргоо органдарына өз убагында билдирүүгө чакырды.