Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесинин президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин саясий эркинин негизинде жөнгө салынышы аймактагы туруктуулукту бекемдеп, өз ара ишенимди арттырган маанилүү фактор болду. Бишкек менен Ташкент талаштуу тилкелер боюнча эки тарапка тең пайдалуу макулдашууга жетишип, СССР тарагандан бери чечилбей келген аймактык пикир келишпестиктерди артта калтырды. Бүгүнкү күндө коңшу жана жакын өнөктөш мамлекеттер бири-биринин улуттук кызыкчылыктарын эске алган, өз ара пайдалуу өнүгүүгө багытталган макулдашылган саясатты жүргүзүүдө.

Албетте, кызматташуунун башкы артыкчылыгы – бул экономикалык багыт. Бул жаатта Кыргызстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүнү бир нече эсеге көбөйтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Эки өлкөнүн соода алакасы маанилүү, бирок бүгүнкү күндө мамлекет башчылары андан өтүп, Борбор Азиянын мүмкүнчүлүгүн арттыра турган, өнөр жай жана технологиялык секирикке түрткү бере турган аймактык деңгээлдеги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууда.
Эки өлкө биргелешип ишке ашырып жаткан негизги долбоорлордун бири – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. Курулуп жаткан бул каттам Евразиядагы эң маанилүү транспорттук артериялардын бирине айланып, континенттин ар кайсы бөлүктөрүн эң кыска жол менен байланыштырат. Анын транзиттик мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Бирок долбоордун мааниси муну менен эле чектелбейт. Темир жол өткөн аймактарда өндүрүш ишканаларын жайгаштыруу пайдалуу болуп, ири инвесторлорду тартууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Эксперттердин айтымында, темир жол пайдаланууга берилгенден кийин ачыла турган мүмкүнчүлүктөр өлкөлөрдүн кызматташтыгын мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгарат.
Мындан кем эмес маанилүү долбоор – “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу. Бул ири гидроэлектр станциясы Борбор Азиянын өнүгүүсү үчүн керектүү энергияны камсыздап, суу ресурстарынын тең салмактуулугун сактоого көмөк көрсөтөт. Климаттын өзгөрүшү күчөп жаткан шартта бул фактор Борбор Азиянын экономикасы жана жалпы Евразия мейкиндигинин туруктуу өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан Бишкек менен Ташкент өнөктөштөрү менен бардык макулдашууларды мүмкүн болушунча эртерээк аяктап, Казакстан менен биргеликте консорциум түзүп, масштабдуу курулуш иштерин баштоого кызыкдар. Бул долбоор дагы эки коңшу өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарат.
Бул – жакынкы келечектин маселеси. Ошол эле учурда жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз таасир эте турган милдеттер күн тартибинде турат. Алардын катарына биргелешкен ишканаларды түзүү, товар жүгүртүүнүн көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо маселелери кирет.
Экономист Нурбек Элебаев Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнө коюлган эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү милдети алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чеги эмес экенин белгилейт.

“Агроөнөр жай комплекси менен кайра иштетүү өнөр жайы – биз көптөн бери кызматташып келе жаткан тармактар. Өзбекстан бизге эрте бышкан жашылча-жемиштерди үзгүлтүксүз жеткирип турат. Ал жактагы климат алардын түшүмүн көбүрөөк жана кеч күзгө чейин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Кыргызстандан Өзбекстанга эт, сүт азыктары, бал жана суусундуктар экспорттолот. Чек арадан өтүү тартиби улам жакшыртылып жатат, бирок анын талаптарын дагы да жеңилдетүү маанилүү. Бул бизнеске товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жол ачат.
Текстиль кластерлеринин дагы келечеги кең. Өзбекстан пахта менен кездеме өндүрсө, Кыргызстанда сапаттуу тигүү тармагы бар. Мындай продукция үчүн Евразия экономикалык биримдигинин рыногу толугу менен ачык жана ал атаандаштыкка жөндөмдүү болот.
Курулуш тармагында Өзбекстан бизден цемент менен айнек сатып алат. Биз болсо ал жактан керамика, сантехника жана арматура алабыз. Бул багытта, мисалы, Оштогу кампалардын базасында биргелешкен ишканаларды түзүүнүн келечеги бар. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке киргенден кийин бул товарлар үчүн ЕАЭБдин рыногу гана эмес, алыскы чет мамлекеттердин базарлары дагы ачылат.
Биз бири-бирибизди электр энергиясы менен да колдоп келебиз. Ошондуктан "Камбар-Ата-1" ГЭСинин жана ушул сыяктуу башка долбоорлорду ишке ашыруу экономикалык кызматташуунун эң маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Суу-энергетикалык тең салмактуулук – бүтүндөй аймактын туруктуулугунун негизги шарты”, – деди Нурбек Элебаев.
Экономика жана бизнес боюнча эксперт Сергей Пономарев да “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстан үчүн кызыктуу болгон бир катар багыттарды белгиледи.

“Биз Өзбекстандагы заманбап технологиялык линиялар орнотулган ишканаларды көрдүк. Алар пахтаны өздөрү өстүрүп, жип чыгарып, кездеме токуп, даяр материал өндүрүшөт. Башкача айтканда, бул тармакта өндүрүштүн толук цикли түзүлгөн.
Кездемелердин, материалдардын жана фурнитуранын сапаты жакшы, баасы дагы атаандаштыкка жөндөмдүү экенин байкадык. Өзбекстан менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Ал эми Кыргызстанда буга мисал боло турган автоунааларды толук цикл менен чыгаруучу завод иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кытайлык, америкалык жана япониялык бренддер иш алып барууда. Бул багыттагы кызматташууну дагы кеңейтишибиз керек.
Өзбекстанда мунай бар, химия өнөр жайы өнүккөн. Бул дагы Кыргызстан үчүн кызыктуу жана келечектүү тармактар. Учурда кайра иштетүүчү заводдорду түзүү, аларды иштетүү тажрыйбасын өздөштүрүү өзгөчө маанилүү”, – деп сөзүн жыйынтыктады Сергей Пономарев.
Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуу күн тартиби кеңири багыттарды камтыйт. Анын негизгилеринин бири — экономикалык өнөктөштүк. Бул өзгөчө азыркы шартта маанилүү. Анткени Борбор Азия дүйнөлүк деңгээлде Евразиядагы ири өнөктөштүк мейкиндигин калыптандырууда маанилүү, ал тургай стратегиялык ролду ойной турган өзгөчө аймак катары каралууда.