Кыргызстан менен Пакистандын саясий эрки экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет – маек

Маек Загрузка... 07 Июль 2026 18:15
WhatsApp Image 2026-07-07 at 18.06.23.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Пакистандын кыргыз жергесиндеги эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өлкө бийлигинин көп векторлуу тышкы саясатынын логикалык уландысы. Бул туурасында экономист Нургүл Акимова “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-07 at 18.04.31

— Ири рыногу, айрым багыттары боюнча дүйнөдө алдыңкы орундагы экономикасы жана эл аралык олуттуу пикир келишпестиктерди жайгарууда тажрыйбасы бар өлкөнүн лидеринин Кыргызстанга келиши эмнеден кабар берет?

— Бишкек көп учурда Россия, Кытай, КМШ өлкөлөрү менен тыгыз алака куруп келет. Пакистан менен мамилелерди калыбына келтирүү аркылуу Кыргызстан бул мамлекет аркылуу Түштүк Азия тарапка бет алды деп эсептесек болот. Бул сүйлөшүүлөр өлкө бийлигинин көп векторлуу тышкы саясатынын логикалык уландысы.

Пакистан көз карандысыз позициясы бар өлкө экени маалым. Ошондой эле ядролук держава болуп эсептелет. Иран менен АКШнын ортосунда негизги ортомчу болду. Олуттуу аймактык оюнчу. Ал эми Кыргызстан учурда Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып, саясий салмагын салып турат. 2025-жылы декабрда кабыл алынган милдеттенмелер 2026-жылдын июлунда бекемделет деп ишенем.

Кыргызстан жана Пакистан арасындагы экономикалык байланыштын маанилүү жагдайлары кайсылар?

— Негизгиси, Кыргызстан үчүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү. Пакистан Кытайдын, Россиянын же Ирандын портторуна көз карандылыкты азайтуу альтернативасы болуп эсептелет. Ошону менен катар бул өлкө 250 миллиондук базары менен Экономикалык кызматташтык уюмунун мүчөсү. Биз үчүн бул пайдалуу кызматташтык.

Андан тышкары потенциалдуу энергетикалык киреше жөнүндө айткым келет. "CASA-1000" долбоору аркылуу Кыргызстан ашыкча электр энергиясын сатса болот. Эки өлкө үчүн 250 миллион доллардан ашык киреше болжолдонуп турат деп ойлойм.

WhatsApp Image 2026-07-07 at 18.05.12

Учурда кыргыз экспортерлору Түштүк Азия тарапка кандай чыгып жатышат?

— Азыр Кыргызстандын бизнеси товарды Түштүк тарапка унаа жол менен ташып жатат. Логистика боюнча Кашкардан Карачиге өткөн Кытай-Пакистан экономикалык коридору бар. Бирок ал темир жол эмес, автожол менен гана өтүүгө болот. Белгилүү болгондой, кыргызстандык товарлардын көлөмү өтө аз. Мындан сырткары, Карачи каттамында жол өтө узак жана транзит кымбат.

Бул маселени учурда курулуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу чечеби?

— Эгер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, альтернативалуу жана арзан каттам болмок. Соода агымы көбөйүп, товар ташуу активдүү жүрөт эле. Темир жол бүтүп калса, трафиктин көбөйүшүнө шарт түзүлүп, соода агымы өсөт. Деңизге чыгуу үчүн курулуш бүтө элек болгондуктан, азырынча логистика туурасында сөз кылуу эрте. Анткени жогоруда айткандай, инфраструктура жетишсиз. Эң негизгиси, КМШ, Кытай менен эле соода кыла бербей, альтернативдик экономикалык каналдарга мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Кыргызстан менен Пакистан саясий эркти көрсөтсө эле экономика, инвестиция жанданат. Пакистан президенти менен сүйлөшүүлөр саясий кадам ташталды дегенди билдирет.

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!