Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга болгон расмий сапары эки мамлекеттин алакасын жаңы деңгээлге чыгарышы күтүлүүдө. Тараптар арасындагы дээрлик 20 жылдык тыныгууну 2025-жылы президент Садыр Жапаровдун Исламабадга болгон сапары жандандырып, саясий диалогду кызуу баштап берген эле. Пакистандык лидердин Чолпон-Ата шаарына визити ошол жолугушуунун уландысы десе болот. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Бишкек менен Исламабаддын соода-логистикалык коридорлорду куруу жана андан ары жаңы жолдорду ачуу, Кыргызстандын дүйнөлүк соода түйүндөрүнө кошулуусу, деги эле байланыш үчүн мүмкүн болгон бардык багыттардагы алаканы кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн маанилүү.
Эгемен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы расмий дипломатиялык мамилелердин курулганына 35 жылга чукулдап калды. Пакистан биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган мамлекеттердин бири. Андан бери Борбордук жана Түштүк Азиянын эки мамлекетинин саясий алакасы аймактык коопсуздук, соода жолдору жана геосаясий өнөктөштүк максатында жүргүзүлүп келет.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келиши эки өлкөнүн мамилесиндеги тарыхый бурулуш катары бааланууда. Пакистандын мурунку лидери Первез Мушараф Бишкекке 2005-жылы келген. Ошол бойдон эң жогорку деңгээлдеги байланыштар дээрлик 20 жылдык тыныгуу алган.
2025-жылдын декабрында президент Садыр Жапаров Пакистанга иш сапары менен барып, байланыштарды кайрадан жандандырган. Өлкө башчы Исламабадда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана президент Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Садыр Жапаров кыргыз тараптын саясий диалогду жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуп жатканын билдирген эле.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер эки тараптуу байланыштарды жандандыруу жана конкреттүү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышкан. Атап айтканда, экономика, саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер, билим берүү тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жана деңиз портторун пайдалануу багытында дээрлик 16 документке кол коюлган. Негизги келишимдердин бири Пакистандын деңиз портторун аймактык байланыш үчүн пайдалануу боюнча меморандум болду.
Кыргызстандын аймагында кызуу курулуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу туш тараптагы өлкөлөрдү байланыштырган эң кыска жана арзан транзиттик түйүн болот. Кыргызстан аталган транзит аркылуу Өзбекстанга жана андан ары Трансафган багыты менен Пакистандын Карачи деңиз портуна чыга алат. Бул арада Пакистан дүйнөлүк океанга түз чыга албаган Борбордук Азия өлкөлөрүнө Араб деңизиндеги Гвадар жана Карачи порттору аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгуучу эң кыска жолду сунуштап келет. Ошентип, Кыргызстан үчүн Пакистан эң кыска түштүк транзиттик коридорлорун ачса, Исламабад үчүн Бишкек Евразия экономикалык биримдиктин рыногуна маанилүү жол болуп саналат.
Алдыда Карачи жана Гвадар деңиз портторун пайдалануу боюнча мурда кол коюлган меморандумду ишке ашыруу маселеси турат. Мындан сырткары энергетикалык, соода, инвестиция, туризм жана БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭТУ сымал эл аралык институттардын аянтында кызматташтыктын маселелери бар.

Саясат таануучу Асель Өмүракунова Пакистан президентинин сапарын конкреттүү күн тартибине өтүү мүмкүнчүлүгү катары кабыл алуу керектигин айтат. Ал эл аралык саясатта дал ушул практикалык натыйжа чыныгы өнөктөштүктүн эң мыкты көрсөткүчү болуп саналарын белгилейт.
"Пакистан Президенти Асиф Али Зардаринин Кыргызстанга сапары – жөн гана дипломатиялык окуя эмес, биздин өлкө үчүн жаңы география тууралуу сөз. Деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн ар бир ишенимдүү транспорттук коридор – соода маселеси гана эмес, экономикалык туруктуулуктун да маселеси. Образдуу айтканда, Пакистан Кыргызстан үчүн – деңизге чыгуучу түштүк дарбаза. Бул жагынан Карачи порту өзгөчө мааниге ээ. Деңизге түз чыга албаган өлкө үчүн мындай портко жетүү - кеңири регионалдык жана дүйнөлүк соода чынжырларына кошулуу мүмкүнчүлүгү. Бишкек – Торугарт – Кашкар – Хунжераб – Исламабад – Карачи маршруту өзгөчө мааниге ээ. Бул багыт Карачи портуна жол ачып, Кыргызстанга деңизге чыгуунун альтернативдүү жолуна ээ болууга мүмкүндүк берет", - деди Асель Өмүракунова.
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү азырынча жогору эмес, бирок потенциал бар. Пакистанды кыргызстандык айыл чарба продукциясы, төө буурчак, узак сакталуучу жашылчалар, булгаары сырьесу кызыктырат. Кыргызстан болсо, өз кезегинде, Пакистандан күрүч, фармацевтикалык продукция жана текстиль сатып алат. Ошондуктан товар жүгүртүүнү 200 млн долларга чейин жеткирүү – ишке аша турган практикалык милдет.
Эки өлкөнү жакындата турган дагы бир келечектүү долбоор CASA-1000 экени айтылып келет. Пакистан дүйнөдөгү суу тартыштыгы курч маселеге айланган ири мамлекеттердин катарында. Бир жагынан калкынын саны (260 млн), климаттын өзгөрүшү таасирин тийгизсе, экинчи жагынан суу ресурстарын колдонуу жөнгө салына элек. Анын үстүнө Индия менен саясий пикир келишпестиктерден улам Инд дарыясынан суу алуу чектелүү. Суу тартыштыгынан улам өзүнүн ГЭСтеринен жетиштүү электр кубаттуулугун ала албай келет. Кыргызстан келечекте CASA-1000 аркылуу жай айларында электр энергиясын Пакистанга экспорттоону пландап жатат. Бул долбоор боюнча Кыргызстан курулуштарынын баарын аяктаган.
Кызматташтыктын дагы бир өңүтү – билим берүү жана эмгек миграциясы. Учурда Кыргызстан жалпы чет өлкөлүктөргө 52 миң квота берсе, 2025-жылдагы көрсөткүч боюнча алардын 17 пайызын пакистандыктар түзөт. Ал эми биздин ЖОЖдордо 12 миңден ашуун пакистандык студент билим алууда.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров Пакистандын президентинин бул сапары өлкөлөр ортосундагы мамилелердин декларативдик достуктан экономикалык өнөктөштүккө өткөнүн ачык көрсөтүп турганын белгилейт. Ал эки мамлекеттин кызматташтыгы транзит болобу, энергетика болобу, кайсы тармакты алба бири-бирине туташ кызыкчылыктуу экенин баса белгиледи.

"Августтун аягында, сентябрдын башында Бишкекте Шаңхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммити өткөнү турат. Ага Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Бул визитте ШКУ саммитине карата кандай маселелер, кандай форматта көтөрүлөт деген ойдомун. Кыргызстан менен Пакистан экөө тең Ислам кызматташтык уюмуна мүчө. Бул багытта да кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү бар", - деди Кубанычбек Чекиров.
Эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүк
Кыргызстан менен Пакистандын ШКУ, БУУ сымал саясий эл аралык уюмдарга мүчөлүгү эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарды. Талдоочулар Пакистандын ШКУдагы кызуу ишмердигин жана региондогу тынчтыкты колдоо боюнча дипломатиялык тажрыйбасын белгилешүүдө. Applicata стратегиялык чечимдер борборунун аткаруучу директору Кубат Рахимовдун пикиринде, Пакистандай өзүнүн көз карандысыз пикири бар, демилгечи өлкөлөр менен өнөктөш болуу Кыргызстан үчүн маанилүү.

"Геосаясий жагдай боюнча сөз кылсак, Пакистан эч бир клубга кирбеген өзөктүк держава. Ядердик куралы бар негизги өлкөлөрдүн Р5 бешилтигине да, батыш альянсына да кирбейт. Ошол эле убакта АКШ - Иран сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук кылып, ШКУга мүчөлүгүн тынымсыз тереңдетип жатат. Кыргызстан үчүн дал ушундай өнөктөштөр маанилүү", - деди Кубат Рахимов.
БУУнун алкагында азиялык бул эки өлкө климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу өнүгүүнү илгерилеткен негизги өнөктөштөргө айланды. Кыргызстан да, Пакистан да бийик тоолуу өлкөлөр. Экөөнүн тең мөңгүлөрү климаттын глобалдык жылуулугунан улам тез эрип, сел, суу ташкындары коркунучун жаратып жатат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУ Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын (2023–2027-жылдар) кабыл алган. Тоо беш жылдыгынын алкагында БУУ Пакистанга эрте эскертүү системаларын орнотуу баштаган бир катар көмөктөрдү көрсөтөрү айтылган.