Кыргызстан менен Казакстан жеке сот аткаруучулар институтун өнүктүрүү жаатында кызматташат

Коом Загрузка... 26 Декабрь 2025 17:35
WhatsApp Image 2025-12-26 at 16.07.26 (2).jpeg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан жеке сот аткаруучулардын институтун өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин “Аткаруу өндүрүшүнүн тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 22–23-декабрда Алматы шаарында Кыргызстан жана Казакстан өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү. Ага Башкы прокуратуранын, Юстиция департаментинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеке сот аткаруучулар институтун киргизүү, аткаруу өндүрүшүн санариптештирүү жана автоматташтырылган маалыматтык тутумун пайдалануу маселелери талкууланды.

Тараптар сот актыларын аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мындан аркы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашышты.