Кыргызстан менен Калифорния өнөктөштүктү кеңейтет

Коом 29 сентябрь 2026 10:50
828572948_1698338878535312_1927092026528256331_n.jpg
828651375_1078359801828300_2772476792181361198_n.jpg
825353344_1029254776821359_6887476630782686124_n.jpg
828469167_941888405184185_2369427161985934518_n.jpg
825292953_4178755525756284_3077260850999015934_n.jpg
828834186_1305858962616574_8293489338962424659_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Калифорния штатынын Бизнес жана экономикалык өнүгүү башкармалыгынын (GO-Biz) Эл аралык байланыштар жана соода бөлүмүнүн өкүлү, Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Индия боюнча соода жана инвестициялар өкүлү Патриша Уттербек менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Калифорниянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү, инвестиция тартуу жана келечектеги кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алышты.