Кыргызстан менен Алжир саясий диалогду тереңдетүүнү талкуулады

Саясат 26 сентябрь 2026 12:00
Кыргызстан менен Алжир саясий диалогду тереңдетүүнү талкуулады
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин тышкы иштер министри Ахмед Аттаф менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле саясий диалогду тереңдетүү жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды.

Тараптар БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү жана актуалдуу маселелер боюнча координацияны күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Алжирдин ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.