Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Баку шаарында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов санариптик технологиялар, "акылдуу шаар" жана киберкоопсуздук жаатында иш алып барган Elon Smart Technology жана MegaSec MMC компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Агенттиктен билдиришкендей, Elon Smart Technology компаниясынын аймактык кеңсесинин жетекчиси Вугар Салахли менен жолугушууда шаардык инфраструктуранын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган заманбап чечимдер тааныштырылды.
Алардын арасында интеллектуалдык видеобайкоо системалары, светофорлорду жана жол кыймылын башкаруу, автоматташтырылган унаа токтотуучу жайлар, абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, интеллектуалдык шаардык жарыктандыруу жана үн күчөткүч байланыш системалары бар.
Тааныштырылган технологияларды Кыргызстанда заманбап шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралып, аларды киргизүү, инвестициялык жана технологиялык кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, MegaSec MMC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда киберкоопсуздук жана санариптик инфраструктура багыттары каралды. Компаниянын өкүлдөрү маалыматтык системаларды коргоого жана мамлекеттик сектордо колдонууга багытталган өз чечимдерин тааныштырышты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү, ошондой эле Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган кызматташуунун конкреттүү багыттарын биргелешип кароого кызыкдар экендиктерин билдиришти.