Кыргызстан – Индия: соода менен билим берүүдөн IT жана аскердик-техникалык кызматташтыкка чейин

Саясат 164 20 Август 2026 16:40
WhatsApp_Image_2026_YOhZjkB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
03_1_EtQ1bPg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x10.width-8004.png
44f531aa-a281-4df1-884b-0bc3f41f2d28.width-80020.jpg
64b9646dce5f0.width-8007.jpg
01287daa-aac6-49c1-91d8-f32b7f1b8e3b.width-80018.jpg
1800-silver-barIaMLbHmkLpBliocaHB.width-8003.jpg
2021-01-15_16-38-32_698752.width-80017.jpg
2022-12-20_12-50-25_604211.width-80012.jpg
1220557_nGV7G5Y.25f8b2e6b2d3c0ca17e7c7528a3980.width-8005.jpg
1256141.d2383b8f4c474449fd3e62df61913857.width-8002.jpg
1102487879_0_0_1280_720_1920x0_80_0_0_ebdd84fe.width-80021.jpg
1611137434_0.width-80016.jpg
1775735869-3vnc6h52.max-2560x1440.format-webp..width-80011.png
347219113181071.width-80015.jpg
aa43ee31-8442-440c-96b5-f15cbab91c17.width-80013.jpg
Doctors.width-80010.jpg
e3809528-ef2f-4ffd-9c45-664e3a3bf31d.width-80014.jpg
file_00000000adb4820b8c960aae238ba2ef.width-80019.png
Konferentsiya-10.width-8009.png
photo_54003280_NC1Pgo0.max-2560x1440.format-we.width-80022.png
vla2zw1jibqebjrnp2my7pv8tspcz8or.width-8006.png
WhatsApp_Image_7SLPene.max-2560x1440.format-we.width-8008.png
WhatsApp_Image_2026_YOhZjkB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
44f531aa-a281-4df1-884b-0bc3f41f2d28.width-80020.jpg
1102487879_0_0_1280_720_1920x0_80_0_0_ebdd84fe.width-80021.jpg
photo_54003280_NC1Pgo0.max-2560x1440.format-we.width-80022.png
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2026_YOhZjkB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
03_1_EtQ1bPg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x10.width-8004.png
44f531aa-a281-4df1-884b-0bc3f41f2d28.width-80020.jpg
64b9646dce5f0.width-8007.jpg
01287daa-aac6-49c1-91d8-f32b7f1b8e3b.width-80018.jpg
1800-silver-barIaMLbHmkLpBliocaHB.width-8003.jpg
2021-01-15_16-38-32_698752.width-80017.jpg
2022-12-20_12-50-25_604211.width-80012.jpg
1220557_nGV7G5Y.25f8b2e6b2d3c0ca17e7c7528a3980.width-8005.jpg
1256141.d2383b8f4c474449fd3e62df61913857.width-8002.jpg
1102487879_0_0_1280_720_1920x0_80_0_0_ebdd84fe.width-80021.jpg
1611137434_0.width-80016.jpg
1775735869-3vnc6h52.max-2560x1440.format-webp..width-80011.png
347219113181071.width-80015.jpg
aa43ee31-8442-440c-96b5-f15cbab91c17.width-80013.jpg
Doctors.width-80010.jpg
e3809528-ef2f-4ffd-9c45-664e3a3bf31d.width-80014.jpg
file_00000000adb4820b8c960aae238ba2ef.width-80019.png
Konferentsiya-10.width-8009.png
photo_54003280_NC1Pgo0.max-2560x1440.format-we.width-80022.png
vla2zw1jibqebjrnp2my7pv8tspcz8or.width-8006.png
WhatsApp_Image_7SLPene.max-2560x1440.format-we.width-8008.png
WhatsApp_Image_2026_YOhZjkB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
44f531aa-a281-4df1-884b-0bc3f41f2d28.width-80020.jpg
1102487879_0_0_1280_720_1920x0_80_0_0_ebdd84fe.width-80021.jpg
photo_54003280_NC1Pgo0.max-2560x1440.format-we.width-80022.png
Алдыга
Артка

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 30-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте өтө турган юбилейлик саммити Кыргызстандын эл аралык демилгелеринин жаңы деңгээлин айгинелейт. Борбор калаа ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлерин, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүн, ошондой эле бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилерин кабыл алууга даярданууда. Саммиттин алкагында коопсуздук жана экономикалык өнүгүү боюнча глобалдык күн тартибиндеги маселелер талкууланып гана тим болбостон, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары да аныкталат.

Кыргызстан үчүн алдыдагы саммит, биринчи кезекте өнөктөш мамлекеттер менен байланышты чыңдоого багытталган стратегиялык аянтча болуп саналат жана алардын арасында Индия өзгөчө орунду ээлейт.

Индия рыногу жана кыргыз экспортунун келечеги

Кыргызстан менен Индиянын соода-экономикалык байланыштары кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 86,3 млн долларды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 26,2%га аз көрсөткүч болгон. Анын ичинде Кыргызстандын экспорту 10 млн долларды, ал эми Индиядан импорт 76,3 млн долларды түзгөн.

2026-жылдын январь-май айларында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 24,7 млн долларга жеткен. Кыргызстандын экспорту 2,5 млн долларды түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 0,4%га өскөн. Ал эми импорттун көлөмү болжол менен 22,2 млн долларды түзгөн.

Ошол эле учурда узак мөөнөттүү келечекте өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү оң динамикада өнүгүп жатат. 2021–2025-жылдар аралыгында товар жүгүртүү 1,7 эсеге, Кыргызстандын экспорту 1,9 эсеге, ал эми импорту 1,7 эсеге өскөн.

Кыргызстандын Индияга экспортун көбөйтүүнүн келечеги, алгач бул рынокко буга чейин эле жеткирилип жаткан товарлар менен байланыштуу. Алардын катарына буурчак, май өсүмдүктөрүнүн уруктары, күмүш, табигый шеллак ошондой эле башка айыл чарба жана өнөр жай продукциялары кирет.

2025-жылы Кыргызстандын Индияга экспортунун болжол менен 66%ын күмүш түзгөн. Ошондуктан буурчак, май өсүмдүктөрү жана башка агроөнөр жай продукцияларын экспорттоону көбөйтүү, ошондой эле жаңы товардык багыттарды өздөштүрүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.

Мекеменин маалыматына ылайык, экспорттун көлөмүн олуттуу көбөйтүү үчүн продукцияны сертификациялоо, Индиянын санитардык жана техникалык талаптарына шайкештигин камсыз кылуу, транспорттук-логистикалык маселелерди чечүү жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды түзүү багытында иштерди жүргүзүү зарыл.

Индия ошондой эле Кыргызстан үчүн фармацевтикалык продукциянын, технологиялардын, машиналардын жана жабдуулардын маанилүү булагы болуп саналат. Индиядан импорттолгон товарлардын болжол менен 64%ын химия өнөр жайынын продукциясы, анын ичинде негизинен фармацевтикалык товарлар түзөт. Машина куруу тармагынын продукциясынын үлүшү 14%дан ашат, азык-түлүк товарлары 9%га жакынды, ал эми жеңил өнөр жай продукциясы 6%дан көбүрөөк үлүштү ээлейт.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, кызматташтыкты кеңейтүү экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана анын түрлөрүн диверсификациялоого, айыл чарба чийки затын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, Индиянын технологияларын жана жабдууларын тартууга, фармацевтика, жеңил өнөр жай жана машина куруу тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө Индия экономикасынын көлөмү боюнча АКШ жана Кытайдан кийинки дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Индия дүйнөлүк экономикада жана геосаясатта маанилүү роль ойногон негизги мамлекеттердин бири болуп саналат. Калкынын саны дээрлик 1,5 млрд адамды түзгөн Индия күчтүү өнөр жай потенциалына, өнүккөн IT тармагына жана бай маданий мураска ээ өлкө.

Экономика жана бизнес тармагындагы эксперт Сергей Пономарев “Кабар” агенттигине берген маегинде белгилегендей, Индия менен кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

“Индиядагы элчибиз Аскар Бешимов бул багытта абдан жигердүү иш алып барып, Индиянын бизнес-ассоциациялары менен туруктуу байланыш түзүп, жолугушууларды өткөрүп келет. Биз ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жаңы көпүрөлөрдү куруубуз керек”, – деп баса белгиледи эксперт.

Сергей Пономаревдун пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү олуттуу өзгөртө турган негизги фактор ири инфраструктуралык долбоорлордун эсебинен логистикалык көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

“Соода-экономикалык кызматташтыгыбызды түп-тамырынан кеңейтүүгө шарт түзө турган негизги факторлордун бири – Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жана анын андан ары деңиз жолдоруна чыгышы болушу керек. Жаңы транспорттук каттамдын өнүгүшү татаал логистикалык маселелерди чечүүгө, жүктөрдү ташууга кеткен чыгымдарды азайтууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы сооданы жандандырууга мүмкүндүк берет”, – деди ал.

Ошол эле учурда эксперт ата мекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу баалап, экспорт үчүн туура багыттарды тандоо зарылдыгын белгиледи.

“Индия менен массалык агробизнес же кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактарда түздөн-түз атаандашуу биз үчүн өтө кыйын болорун түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан биз үчүн туура жол – кыргыз продукциясын экологиялык жактан таза жана органикалык товар катары таанытуу. Бул жерде негизги артыкчылык арзан баа эмес, жогорку сапат болушу керек”, – деп түшүндүрдү Пономарев.

Эксперт мындай продукция катары дүйнөлүк деңгээлде таанылган кыргыз балын мисал келтирди.

“Мындай товарлардын бири – кыргыз балы. Ал буга чейин сапатка жогорку талап коюлган өлкөлөргө, анын ичинде Япония, Европа Биримдигинин мамлекеттерине жана Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолуп келет. Мен бал өндүрүү жана экспорттоо менен алектенген мекендештерибизге Индиянын рыногун келечектүү багыт катары кароону сунуштайт элем. Анткени, бул жерде дээрлик 1,5 млрд адамдан турган ири рынок бар. Темир жол байланышы өнүксө, соода Индиядан импорттоо менен гана чектелбестен, кыргыз продукциясынын экспортун көбөйтүүнүн эсебинен да өз ара мүнөзгө ээ болушу мүмкүн», – деди Сергей Пономарев.

Аскердик-техникалык кызматташтык

Кыргызстан менен Индиянын мамилелери 30 жылдан ашык убакыттан бери өнүгүп келет. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн кызматташтыгы соода-экономикалык байланыштар менен гана чектелбестен, аскердик-техникалык кызматташтыкты, кадрларды даярдоону, билим берүү, илим жана медицина тармактарын да камтыйт.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Индиянын аскердик тармактагы алгачкы эл аралык келишими 1997-жылдын 16-майында түзүлгөн. Анда аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Ал эми 2015-жылы тараптар аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө келишим түзүшкөн.

2016-жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи менен Индиянын Улуттук кадет корпусунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. 2019-жылы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институту менен Индиянын Улуттук коргонуу академиясынын, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы менен Индиянын Улуттук коопсуздук гвардиясынын, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдык борбору менен Индиянын Куралдуу күчтөрүнүн Тоолуу даярдык мектебинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдары түзүлгөн.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 1996-жылдан бери Индия Кыргызстандын аскер кызматчыларына Индиянын Коргоо министрлигине караштуу аскердик окуу жайларда билим алуу үчүн жыл сайын орундарды бөлүп келет. Мындан тышкары, кыргызстандык аскер кызматчылары ITEC программасынын алкагында жана Индиянын жогорку аскердик окуу жайларында өткөрүлгөн кыска мөөнөттүү курстарда даярдыктан өтүшөт.

2011-жылдан бери эки өлкөнүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн “Канжар” аталышындагы биргелешкен аскердик машыгуулары жыл сайын кезектешип Кыргызстан менен Индиянын аймагында өткөрүлүп келет. Кезектеги “Канжар-XIII” машыгуусу 2026-жылдын 4–17-февралында Индияда өттү. Ал эми 14-жолку машыгууну 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүү пландалган.

Кызматташтыктын алкагында адистештирилген окуу-машыгуулары да өткөрүлөт. 2025–2026-жылдары кыргызстандык аскер кызматчылары снайпердик, парашюттук-десанттык, тоо жана башка атайын даярдыктан, ошондой эле минадан тазалоо жана психологиялык даярдык боюнча окуулардан өтүшкөн.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы “Эдельвейс” окуу борборунун базасында тоолуу шартта даярдык боюнча биргелешкен машыгуулар жыл сайын өткөрүлөт. Индия тарап бул иш-чараларга окутуучу адистерден турган мобилдик топту жөнөтүп, окуу-машыгууларды өткөрүүгө көмөктөшөт.

Индиянын колдоосу менен 2015-жылы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда IT-борбор ачылган. 2017-жылы анда курсанттарды даярдоо үчүн күжүрмөн кырдаалды моделдөөчү атайын программалар орнотулган. Ошондой эле Кыргыз улуттук аскер лицейинде жана 36806-аскер бөлүгүндө IT-борборлор ачылган.

2018-жылы Индия тараптын колдоосу менен Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу борборунун базасында Кыргыз-Индия тоо даярдыгы боюнча борбору ачылган. Бул жерде аскер кызматчылары тоолуу шарттарда тапшырмаларды аткаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында окутууларды жана окуу-машыгууларды өткөрүшөт.

Тараптар тынчтык орнотуучулук багытта да кызматташат. Тактап айтканда, Индиянын окутуучу тобу жыл сайын БУУнун тынчтык орнотуучу операциялары боюнча окууларды өткөрүп келет. 2026-жылдын апрель айында Индия Кыргызстанга травматологиялык жардам көрсөтүүгө арналган BHISHM Cubes модулдук системасынын эки комплектин кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Фармацевтика жана медицина

Индия Кыргызстандын фармацевтика тармагындагы маанилүү эл аралык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы индиялык фармацевтикалык өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор менен түздөн-түз кызматташууну өнүктүрүп, жеткирүү чынжырындагы ортомчулардын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

“Кыргызфармациянын” маалыматына ылайык, ишкана түз келишим түзгөн компаниялардын арасында Hetero Labs Limited, Alvita Pharma Private Limited, Kwality Pharmaceuticals Ltd., Torchem Pharmaceuticals Private Limited, Macleods Pharmaceuticals Limited, Zydus Lifesciences Limited жана Roger Medicals бар.

2026-жылга 154 аталыштагы дары-дармек каражатын сатып алуу каралган. Анын ичинен 52 аталышы, башкача айтканда 33,7%ы Индиянын өндүрүүчүлөрүнө туура келет. Ошол эле учурда индиялык 52 аталыштагы дары-дармектин 38и же 73%ы түздөн-түз өндүрүүчү заводдордон сатып алынат.

“Чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр жана түз дистрибьюторлор менен түз келишимдик мамилелерди өнүктүрүү мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга, ортомчулук чыгымдарды азайтууга, жеткирүүчүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын медициналык уюмдарын жеткиликтүү дары-дармек каражаттары менен туруктуу жана өз убагында камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун чыңдайт”, – деп белгилешти мекемеден.

Бийик тоолуу медицина жана онкология

Илимий кызматташтыктын мисалдарынын бири – академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында Индиянын Коргоо министрлигине караштуу Коргонуу изилдөөлөрүн өнүктүрүү уюму менен биргеликте түзүлгөн Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борбору.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бийик тоолуу физиология жана медицина жаатындагы кызматташтык 1999-жылы башталган. 2008-жылы борборду түзүү жөнүндө өкмөттөр аралык меморандумга кол коюлуп, 2011-жылы ал расмий түрдө ишин баштаган.

Бүгүнкү күндө борбордун илимий-изилдөө инфраструктурасына Бишкектеги лабораториялар жана деңиз деңгээлинен 3200 жана 4100 метр бийиктикте, Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан эки бийик тоолуу илимий станция кирет.

Эки өлкөнүн окумуштуулары адамдын бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуусун, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын иштешин, когнитивдик функцияларды, уйкуну, молекулярдык-генетикалык механизмдерди жана гипоксиянын таасирин изилдеп келишет. Учурда бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуу учурундагы мээнин кан айлануусунун өзгөчөлүктөрүн жана жекече ыкмага негизделген йога сабактарынын таасирин изилдөөгө багытталган жаңы 5 жылдык илимий долбоор ишке ашырылууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, онкологиялык жардам көрсөтүү багытындагы практикалык кызматташтык да өнүгүүдө. 2026-жылдын 27-июлунда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав Улуттук онкология жана гематология борборуна барышкан. Индия тарап нур терапиясы үчүн колдонулган “Бабатрон” аппаратына жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын өткөрүп берди.

Белгиленгендей, аталган жабдуу үчүн жаңы булактын берилиши аппараттын мындан ары үзгүлтүксүз иштешин жана онкологиялык бейтаптар үчүн нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Мындан тышкары, Индия тарап Кобальт-60 булактарынын колдонуу мөөнөтү аяктаган сайын аларды кийинки этаптарда алмаштырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин да билдирди.

Билим берүү жана кадрларды даярдоо

Кыргызстан менен Индия билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы кызматташтыкты да өнүктүрүп келет. Негизги көңүл академиялык мобилдүүлүккө, жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкка, кадрларды даярдоого, ошондой эле биргелешкен билим берүү, илимий жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга бурулууда.

Эки өлкөнүн ортосунда 1992-жылы түзүлгөн маданият, илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишим, ошондой эле 2006-жылы түзүлгөн “Индия - Кыргыз маалыматтык технологиялар борборун” уюштуруу жөнүндө меморандум иштеп жатат. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 12 жогорку окуу жайы Индиянын билим берүү уюмдары менен 25тен ашык эки тараптуу келишим түзгөн.

2026-жылдын башына карата Кыргызстанда билим алып жаткан Индия жарандарынын саны 16 миң 778 адамды түзүп, чет өлкөлүк студенттердин жалпы санынын 40%дан ашыгын түзгөн. Индиялык студенттер үчүн негизги багыт – келишимдик негизде “дарылоо иши” адистиги боюнча медициналык билим алуу. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Индиянын университеттери жана клиникалары менен түзгөн келишимдери студенттердин окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикадан өтүүсү үчүн кыска мөөнөттүү алмашуу программаларын уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай өнөктөштүк медицина жана маалыматтык технологиялар тармагында жайкы мектептерди жана окутууларды өткөрүүгө да шарт түзөт.

Кыргызстан 1992-жылдан бери Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтык боюнча ITEC программасынын өнөктөшү болуп саналат. Индиянын элчилигинин расмий маалыматына ылайык, аталган программанын алкагында Кыргызстандын дээрлик 1,5 миң адиси окуудан өткөн.

Белгиленгендей, Индия Кыргызстан үчүн жыл сайын 100 окуу ордун бөлөт. Программа Индиянын өкмөтү тарабынан каржыланып, анын шарттарына ылайык авиакаттам, окуу, жашоо, күнүмдүк чыгымдар, окуу сапарлары жана медициналык тейлөө каражаттарын камтыйт.

ITEC программасынын багыттарына мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, маалыматтык технологиялар, экономика, финансы, ишкердик, англис тили, туруктуу өнүгүү, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча окуулар кирет.

Кызматташтыктын багыттарынын бири – санариптик билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү. Бул багытта Кыргызстандын министрлер кабинети менен Индиянын өкмөтүнүн ортосунда тез ишке ашырылуучу долбоорлордун алкагында гранттык жардам көрсөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде “IT Lab” гранттык долбоору ишке ашырылууда. Долбоор заманбап “IT Lab” борборун түзүүгө, санариптик билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө, маалыматтык технологиялар жаатындагы адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана илимий-инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.

IT тармагындагы кызматташтыктын келечеги

IT тармагында Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан үчүн Индиянын тажрыйбасы, биринчи кезекте технологиялык ишкердикти өнүктүрүү жана IT кызматтарын көрсөтүү жаатында иш алып барган компанияларды тартуу жагынан кызыгууну жаратат.

Индияда ири технологиялык экосистема, өнүккөн аутсорсинг тармагы, ошондой эле көптөгөн азыктарды иштеп чыгуучу компаниялар жана стартаптар бар. Бул кыргызстандык тарап үчүн тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкөнүн IT компанияларынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өз кезегинде Кыргызстан Борбор Азия рыногуна чыгуу үчүн индиялык ишкерлике кызыктуу аянтча боло алат. Жаш калктын көптүгү, санариптик технологияларга кызыгуунун өсүшү жана салыштырмалуу төмөн чыгымдар индиялык IT кызмат көрсөтүүчү жана аутсорсинг компанияларынын аймактагы ишмердигин кеңейтүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.

Келечектүү багыттардын бири – индиялык бизнести Кыргызстанга тартуу менен гана чектелбестен, кыргызстандык IT компанияларын Индиянын рыногуна чыгаруу. Биргелешкен долбоорлор, бизнес-миссиялар, адистер менен алмашуу жана компаниялардын ортосундагы түз байланыштар жаңы ишкердик мамилелерди түзүүгө өбөлгө болмок.

Белгилүү IT адиси, ишкер жана Outtalent сервисинин негиздөөчүлөрүнүн бири Тилек Мамутов “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстан менен Индиянын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин билдирди.

Анын айтымында, индиялык компаниялардын потенциалы көпчүлүк ойлогондон кыйла жогору. Индияда кызмат көрсөтүү жана аутсорсинг багытындагы ири компаниялардан тышкары, ийгиликтүү продукт иштеп чыгуучу көптөгөн компаниялар, стартаптар жана Кремний өрөөнүндөгү деңгээлде венчурдук фонддор түзүлгөн.

Индияда дүйнөдөгү эң күчтүү инженердик кадрлардын айрымдары топтолгон. Ошондой эле өлкөдө Google, Meta, Amazon жана Microsoft сыяктуу ири технологиялык компаниялардын изилдөө жана өнүктүрүү R&D - борборлору иштейт. Мамутов билдиргендей, чынында биздин Индия тараптан үйрөнө турган нерселерибиз көп.

“Индиянын Бангалор шаарына же өлкөдөгү башка негизги IT борборлоруна бизнес-делегация уюштуруу жакшы демилге болмок. Мындай сапарга биздин продукт иштеп чыгуучу жана банк секторунун лидерлерин (MBANK, Бакай Банк), IT кызмат көрсөтүүчү компанияларды (EPAM Systems, Mad Devs), ошондой эле келечектүү стартаптарды (Outtalent жана башкалар) бириктирип, алдыңкы корпорациялардын кеңселерине барып, түз байланыштарды түзүүгө аракет кылуу керек.

Теориялык жактан алганда индиялык венчурдук фонддор жана жаңы түзүлгөн же келечеги бар стартаптарга өзүнүн жеке каражатын инвестициялаган жеке инвесторлор кыргызстандык стартаптарга инвестиция сала алышат. Биз байланыштарды акырындык менен жолго коюп, өз ара сапарларды жана бизнес жолугушууларды уюштурушубуз зарыл. Анын үстүнө географиялык жактан Кыргызстан менен Индия бири-биринен анчалык алыс эмес. Өз кезегинде Индия да Кыргызстандын IT индустриясынын жана таланттуу адистеринин потенциалын ача алат”, – деди Мамутов.

Медициналык билим берүү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 15 жылда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган Индиядан келген студенттердин саны дээрлик 20 эсеге өскөн.

2010-жылдын башында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Индиядан келген 581 студент билим алган. 2013-жылы алардын саны 1 миң 709 адамга жетип, чет өлкөлүк студенттердин жалпы санынын 49,3%ын түзгөн. Кийинки жылдары да өсүш уланган. 2019-жылы индиялык студенттердин саны биринчи жолу 10 миңден ашып, 10 миң 749 адамды түзгөн. Эң жогорку көрсөткүч 2022-жылы катталып, анда 15 миң 306 студент билим алган.

2016–2018-жылдары КМШдан тышкары алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттердин жалпы санынын 70–80%ы Индиянын жарандарына туура келген.

2022-жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөн кийин индиялык студенттердин саны азая баштаган. 2023-жылы алардын саны 14 миң 424, 2024-жылы 12 миң 610, ал эми 2025-жылы 11 миң 376 адамды түзгөн. Көрсөткүчтүн төмөндөшүнө карабастан, Индия Кыргызстандын жогорку окуу жайларында алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттердин арасында эң чоң үлүштү сактап калууда. 2025-жылы индиялык студенттердин үлүшү алардын жалпы санынын 49,6%ын түзгөн.

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Индиянын өнөктөштөрү менен медициналык билим берүү, илим, академиялык алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана саламаттык сактоону санариптештирүү багыттарында кызматташып келет.

2026-жылдын март айында КММАнын жетекчилиги кыргыз-индия жумушчу тобунун жыйынына катышып, анда медициналык билим берүү, кадрларды даярдоо, саламаттык сактоодогу санариптик технологиялар жана фармацевтика маселелери талкууланган. Апрель айында академияга Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав барган.

Академиянын өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, КММА Индияда кесипке багыт берүү жана студенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтык иштерди да жүргүзүп келет. Академиянын өкүлдөрү Калькутта, Вишакхапатнам, Хайдарабад, Виджаявада, Ранчи жана башка аймактарга барып, абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, Кыргызстандагы билим берүү программалары, окууга кабыл алуу тартиби жана билим алуу шарттары тууралуу маалымат беришкен.

Билим берүү багыты менен катар КММАда индиялык студенттердин илимий-изилдөө ишмердиги да өнүгүп жатат. Алар илимий иштерге тартылып, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын эл аралык деңгээлде жарыялоого мүмкүнчүлүк алышууда. Буга КММАнын студенти Боммиди Сравинанын изилдөөсүнүн Oxford University Press тарабынан чыгарылган Journal of Surgical Case Reports илимий журналына жарыяланганын мисал келтирүүгө болот.

Ошентип, КММАнын Индия менен кызматташтыгы комплекстүү жана системалуу мүнөзгө ээ болууда. Индиянын ар кайсы шаарларындагы абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен түз иштөөдөн тартып, илимий макалаларды жарыялоого, академиялык алмашууларга жана мамлекеттер аралык кызматташтыкка чейин туруктуу билим берүү жана илимий өнөктөштүк калыптанууда.

Медициналык академияда чет өлкөлүк студенттер үчүн Индиядан келген профессорлор жана окутуучулар катышкан медициналык сабактар боюнча кошумча окуулар уюштурулган. Бул сабактар негизги окуу программасынан кийин өткөрүлүп, студенттердин кесиптик медициналык сабактар боюнча билимдерин тереңдетүүгө, ошондой эле Индиядагы медициналык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана кесиптик талаптарды эске алуу менен кошумча даярдыктан өтүүсүнө багытталган.

“Кабар” агенттигине “Дарылоо иши” факультетинин англис тилдүү бөлүмүнүн 5-курсунун студенттери Марзана Йесмин жана Вивек Будания билдиришкендей, Кыргызстан көптөн бери ишенимдүү эл аралык билим берүү борбору катары өзүн таанытып келет.

“Биз үчүн Медициналык академияны тандоодогу негизги факторлордун бири анын мамлекеттик макамы, күчтүү профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле өзүнө караштуу жана өнөктөш клиникаларынын кеңири тармагы болду. Окууну аяктагандан кийин мекенибизге кайтып, FMGE улуттук лицензиялык экзаменин тапшырып, интернатурадан өтүп, андан ары дипломдон кийинки (PG) программа боюнча билим алууну улантууну пландап жатабыз”, – деп белгилешти Индиядан келген студенттер.

Маданият тармагындагы кызматташтык

Кыргызстан менен Индиянын маданий кызматташтыгы эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири болуп саналат. Кызматташтык 2015-жылдын 12-июлунда Бишкекте кол коюлган маданият, искусство, жаштар, спорт жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Аны ишке ашыруунун алкагында 2022-жылы 2022–2026-жылдарга маданий алмашуу программасына кол коюлган.

Программанын алкагында Кыргызстанда жана Индияда “Kullu Dussehra” фестивалы, “Surajkund Mela” эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкеси, Бишкек жана Ош шаарларында Индиянын бий күндөрү, Бишкек эл аралык кинофестивалы, Индия кино күндөрү, ошондой эле эки өлкөдө тең кинофестивалдар өткөрүлгөн.

2026-жылдын 24-мартынан 2-апрелине чейин Индияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаштар делегацияларынын төртүнчү сапары болуп өттү. Ага Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация да катышты. Делегация Мумбай, Гоа жана Дели шаарларына барып, мамлекеттик органдардын, жаштар уюмдарынын, билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Сапардын алкагында Индиянын жаштар иштери жана спорт министри, ошондой эле аймактык жетекчилер менен сүйлөшүүлөр өттү. Катышуучулар жаштар саясаты жана ыктыярчылык жаатында тажрыйба алмашып, технология, киноиндустрия, маданий мурас, океанография жана “жашыл экономика” багыттарындагы тажрыйбалар менен таанышты. Делегация ошондой эле Бомбей фондулук биржасына, Индия технологиялык институтуна жана бир катар маданий-тарыхый жайларга барды.

2026-жылдын 18–20-июлунда Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйыны өттү. Ага Индиянын маданият министри Гаджендра Сингх Шекхават катышты.

Жыйында Кыргызстандын ШКУнун алкагында 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо жана уюмга мүчө мамлекеттерде театр фестивалын жыл сайын өткөрүү боюнча сунуштары талкууланды. Бул демилгелерди ШКУга мүчө мамлекеттер жана Индия да колдоду.

Жыйындын алкагында индиялык тарап менен эки тараптуу жолугушуу да өттү. Анын жыйынтыгында 2027–2031-жылдарга маданий кызматташтык программасына кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле аудиовизуалдык продукцияны биргелешип өндүрүү жөнүндө өкмөттөр аралык келишимге кол коюу маселеси каралууда.

Чолпон-Атадагы жыйын менен катар ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы жана искусство чеберлеринин фестивалы өттү.

Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылган мезгилинде ШКУнун Медиафоруму, ШКУ Жаштар кеңешинин 19-жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча Жаштар форуму да өткөрүлдү.

Тармактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында эки тараптуу документтерге кол коюу жана чыгармачылык тараптан эки тараптуу кызматташууларды активдештирүү боюнча иштерди улантуу пландалууда. Мындан тышкары, Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, 1–6-сентябрда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына Индия тараптын да катышуусу күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Индиянын мамилелери туруктуу жана көп багыттуу кызматташтыктын үлгүсүн түзөт. Соода, билим берүү, медицина, IT технологиялары жана аскердик-техникалык тармактар – негизги багыт катары эки тараптуу кызматташтыктын бекем пайдубалын калыптандырууда. Индиянын өсүп жаткан экономикалык потенциалы, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы транспорттук коридорлордун түзүлүшү эки өлкөгө айрым багыттардагы демилгелерден терең, системалуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө өтүүгө шарт түзөт.