Кыргызстан менен Индия мамилелердин жаңы этабына жакындап келе жатат. Бул этап эки тараптуу кызматташтыкты салттуу саясий жана гуманитардык байланыштардын чегин кыйла кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандын алдыдагы БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгү, соода-сатыктын, фармацевтика, зергерчилик тармактарынын жана билим берүү экспортунун өнүгүшү өлкөнүн позициясын бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Өсүштүн негизги мүмкүнчүлүктөрү кайсы багыттарда экени, экономикалык кызматташтык эмне үчүн азырынча аскердик жана билим берүү тармактарынан артта калып жатканы, ошондой эле Бишкек менен Нью-Делинин мамилелеринин келечеги тууралуу "Кабар" агенттигине Стратегиялык чечимдердин "Applicata" борборунун аткаруучу директору, Стратегиялык жана академиялык изилдөөлөр институтунун өнүктүрүү боюнча директору, экономика илимдеринин доктору Кубатбек Рахимов айтып берди.
— Кубатбек Калыевич, Кыргызстан аймактагы татаал геосаясий кырдаалдын шартында ШКУдагы төрагалыгын аяктап жатат. Бул мезгил өлкө үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана Бишкектин эл аралык аренадагы позициясына кандай таасир этиши мүмкүн?
— Мен үч жагдайга көңүл бургум келет. Биринчиден, 1-сентябрда биз ШКУдагы төрагалыкты Индия менен мамилеси татаал болгон Пакистанга өткөрүп беребиз. Экинчиден, эки жумадан кийин, 12-13-сентябрда Индия өзүнүн төрагалыгы астында Нью-Делиде БРИКС саммитин өткөрөт. Анда бирикмени кеңейтүүнүн экинчи этабы талкууланат. Үчүнчүдөн, биз үчүн эң маанилүүсү – 3-июнда Кыргызстан тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Биз үчүн 142 мамлекет добуш берди. Коопсуздук кеңешиндеги бул орун буга чейин Пакистанга таандык болгон.
Ушул үч жагдайды бириктирип карасак, Бишкектин Делиге болгон мамилесинде буга чейин болбогон мүмкүнчүлүк пайда болгонун көрөбүз. Бул биздин экономиканын көлөмүнө байланыштуу эмес, сүйлөшүүлөрдөгү саясий салмак. Индия салттуу түрдө биздин талапкерлерди колдоп келет, биз болсо Индиянын реформаланган Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу боюнча талапкерлигин колдойбуз. Буга чейин бул кагаз жүзүндөгү сылык өз ара колдоо гана болуп келген. Ал эми 2027-жылдын январынан тартып бул мамиле Нью-Йоркто күн сайын ийиндеш иштөөгө айланат.
— Келиңиз, сандарга токтололу. Өлкөлөр ортосундагы сооданын чыныгы көлөмү кандай?
— Бүгүнкү күндө эки тараптуу соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. 2022-жылы товар жүгүртүү дээрлик 118 млн долларды, 2023-жылы болжол менен 96 млн долларды түзгөн. БУУнун маалыматы боюнча, 2025-жылы Индиядан Кыргызстанга импорт болжол менен 76 млн долларды, ал эми Кыргызстандын Индияга экспорту 10 млн доллардын тегерегин түзгөн. Экспорттун негизги бөлүгүн баалуу металлдар түзөт.
Аймактык контекстке көз чаптырсак, 2025-жылы Индиянын Борбор Азиядагы бардык беш мамлекет менен болгон товар жүгүртүүсү болжол менен 2,5 млрд долларды түзгөн. Анын төрт пайызга жетпеген бөлүгү Кыргызстанга туура келет. Ошол эле учурда Индиянын аймактагы айрым мамлекеттер менен соода байланыштары кыйла жигердүү өнүгүп жатат. Мисалы, Индия менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашат, ал эми Казакстан Индия менен бир катар ири долбоорлорду, анын ичинде уран тармагындагы долбоорлорду талкуулоодо.
Ошол эле учурда Кыргызстанда азырынча анча кеңири көрсөтүлбөгөн багыттарды өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Евразия өнүктүрүү банкы менен Индиянын Эксимбанкынын биргелешкен изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын жалпы импорту 12,35 млрд долларды түзгөн шартта, анын ичиндеги Индиянын үлүшү болжол менен 0,4 пайызды түзөт. Мисалы, машиналардын жана жабдуулардын импорту 2,58 млрд доллар болсо, анын ичинен Индиядан келген импорт болжол менен 2,2 млн долларды түзөт. Ошол эле учурда Индия мындай продукцияны дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө дээрлик 30 млрд долларга экспорттойт.
Ошондуктан кыргыз рыногунда индиялык продукциянын үлүшүн акырындык менен бир-эки пайызга чейин көбөйтүү да жеткирүүлөрдүн көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мен эки тараптуу сооданы өнүктүрүүнүн эң келечектүү резервдеринин бири дал ушул багытта деп эсептейм.

— Сооданын көлөмү азырынча салыштырмалуу аз болгонуна карабастан, эмне үчүн аскердик кызматташтык кыйла жигердүү жүрүп жатат?
— Бул биздин мамилелерибиздин кызыктуу өзгөчөлүгү. Ал тургай, бул жагынан сабак алууга болот деп айтат элем. 2011-жылдан бери биз "Канжар" аттуу атайын багыттагы күчтөрдүн биргелешкен машыгууларын өткөрүп келебиз. Алар жыл сайын эки өлкөдө кезектешип, бир да жолу үзгүлтүккө учураган жок. 2025-жылдын март айында он экинчи машыгуу Токмок шаарында өттү. Ал эми 2026-жылдын февраль айында он үчүнчү машыгуу Индиянын Ассам штатында өткөрүлдү. Кыргызстандын атынан атайын багыттагы "Илбирс" бригадасы, Индия тараптан атайын операциялар күчтөрүнүн десанттык полку катышты.
Мындан тышкары, 2019-жылы түзүлгөн төрт ведомстволор аралык келишим иштеп жатат. Алар улуттук гвардиялар, аскер академиялары жана тоолуу аймактарда даярдык көрүү багыттарын камтыйт. Бишкекте кыргыз-индиялык бийик тоолуу биомедициналык изилдөөлөр боюнча биргелешкен борбор иштейт. Индия жыл сайын техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын алкагында бизге окууга 100 квота берет. Учурда бул программа боюнча билим алган бүтүрүүчүлөрдүн саны 1,5 миңге жакындады.
Эмне үчүн аскердик багыт соода багытына караганда жакшырак иштеп жатат? Анткени анын так графиги, жооптуу аткаруучулары жана бюджети бар. Ал эми соода багытында көп жылдар бою ниеттер тууралуу протоколдор гана болуп келген. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин милдет соода-экономикалык мамилелерге системалуу жана туруктуу мүнөз берүү.
— Борбор Азиядагы эң ири индиялык диаспора Кыргызстанда. Бул багытта азыр кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
— Бул жерде адатта гуманитардык байланыштар деген сөздүн артында калып кетчү бир нерсени белгилегим келет. Билим берүү бул жөн гана гуманитардык байланыш эмес. Ал Индияга кызмат көрсөтүү экспортунун эң ири багыты болуп саналат жана каржылык көлөмү боюнча Индияга экспорттогон бардык товарлардын көлөмүнөн бир нече эсе көп.
Индиянын элчилигинин баалоосуна ылайык, Кыргызстандагы индиялык диаспоранын саны 17 миңге жакын адамды түзөт. Алардын 16 миңден ашууну Бишкек, Ош, Манас, Кант шаарларында жана Ысык-Көлдө медицина багытында билим алып жаткан студенттер. Өлкөдө жалпы чет өлкөлүк студенттердин саны болжол менен 40 миңди түзөт. Алардын ичинен 17-18 миңи медициналык жогорку окуу жайларда билим алат. Чет өлкөлүк студенттер үчүн окуунун жылдык баасы эң төмөн дегенде 3 миң долларды түзөт деп эсептеген күндө да, жөнөкөй эсеп медициналык билим берүү сегментинин өзүнөн эле окуу акысы түрүндө жылына болжол менен 50-60 млн доллар түзөрүн көрсөтөт. Бул суммага турак жайды ижарага алуу, тамак-аш, транспорт жана башка чыгымдар кирбейт. Башкача айтканда, студенттер Бишкек менен Ош шаарларынын экономикасына калтырган каражаттар эсепке алынган жок.
Учурда бул багыт олуттуу кайра түзүлүү процессинен өтүп жатат. 2025-жылдын август айынан тартып медициналык кадрларды даярдоого мамлекеттик монополия киргизилди. Бул багыттагы башкы уюм катары Ахунбаев атындагы Медициналык академия аныкталды. Жогорку окуу жайлар 2026-жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек болчу. Ал эми март айынан тартып чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик борбор бирдиктүү оператор катары иштеп жатат. Өзгөрүүлөрдүн таасирин сандардан да көрүүгө болот: 2025-жылы 11 645 студенттик виза берилген. Бул бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн төрт эсе аз.
— Жүргүзүлүп жаткан реформа бул багыт үчүн белгилүү бир чакырыктарды да жаратып жатат деп айтууга болобу?
— Реформа чыныгы көйгөйгө жооп берип жатат. Бизде билим берүүнүн сапатына жана дипломдорубуздун аброюна байланыштуу маселелер чындап эле бар болчу. Анткени бүтүрүүчүнүн Индиядагы квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырып, өз мекенинде дарыгер болуп иштей алабы же жокпу, түздөн-түз ушул нерсеге байланыштуу.
Эгер мамлекет билим берүүнүн сапатын жогорулатып, квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн үлүшүн көбөйтө алса, анда биз эки эсе утушка ээ болобуз. Анткени узак мөөнөттүү келечекте билим берүү тармагындагы аброй студенттерди кыска мөөнөттө көбүрөк кабыл алуудан алда канча маанилүү.
Ошол эле учурда реформа чет өлкөлүк студенттер үчүн жогорку атаандаштык орун алган шартта жүргүзүлүп жатат. 2025-жылдын башына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында Индиянын 12 миңден ашуун жараны билим алган. Өзбекстан да бул багытты жигердүү өнүктүрүүдө. Ошондуктан өзгөрүүлөр мезгили аяктагандан кийин студенттерди кабыл алуунун көлөмү акырындык менен калыбына келип, андан ары өсүшү маанилүү.
Студенттер өздөрүнө түшүнүктүү эрежелер, туруктуулук жана билим берүүнүн сапаты камсыздалган системаларды тандашат. Ошондуктан бул жердеги милдет жөнөкөй, Кыргызстанды билим алуу үчүн жагымдуу өлкө катары сактап калуу менен бирге, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керек. Бул эки багыттын бири экинчисисиз узак мөөнөттүү келечекте толук ийгиликке жеткире албайт.
— Учурда бизнес үчүн өсүштүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү кайсы багыттарда?
— Быйылкы жылдагы эң жандуу багыттардын бири – зергерчилик жана асыл таштарды иштетүү тармагы. Июль айында Бишкекте Индиянын асыл таштарды жана зер буюмдарды экспорттоого көмөктөшүү кеңеши Индиянын элчилиги менен биргеликте уюштурган симпозиум өттү. Анда технология алмашуу жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү боюнча макулдашылды.
Биз тарап бул маселени туура коюп жатат: металлды жөн гана сыртка чыгарып кетпестен, аны Кыргызстанда иштетүү жана асыл таштарды кырдоо иштерин ушул жакка көчүрүү керек. Бул үчүн негиз да бар. Май айында министрлер кабинети зергерчилик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана материалдарды алып келүүнү кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон.
Экинчи багыт – фармацевтика. Индия дары-дармекти 20 млрд доллардан ашык көлөмдө экспорттойт. Ошол эле учурда анын Кыргызстанга фармацевтикалык импорттогу үлүшү жети пайыздан аз. Индиянын продукциясынын олуттуу бөлүгү Кыргызстанга түздөн-түз эмес, үчүнчү өлкөлөр аркылуу келет. Бул жерде түз жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана келечекте айрым өндүрүштөрдү Кыргызстанда локалдаштырууга мүмкүнчүлүк бар.
Үчүнчү багыт – саламаттык сактоо жана медициналык техника. Индия буга чейин Улуттук онкология жана гематология борборуна берген нур терапиясы аппаратындагы булакты алмаштырып, сызыктуу ылдамдаткычты берип жатат. Бул соода эмес, бирок адамдар анын натыйжасын түздөн-түз сезе турган жардам.
— ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстанга эмне берет?
— Бул жакынкы бир жарым жылдагы эң практикалык багыттардын бири деп эсептейм. Сүйлөшүүлөрдү баштоо шарттары 2025-жылдын август айында 18 айлык мөөнөткө эсептелип бекитилген. Быйыл бул процесс кыйла ылдамдады. Буга эл аралык соода шарттарындагы өзгөрүүлөр жана Индиянын тышкы экономикалык байланыштарын кеңейтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатканы да таасир этүүдө. ЕАЭБдин Индия менен товар жүгүртүүсү болжол менен 69 млрд долларды түзөт.
Кыргызстан үчүн мындай келишим тарифтик тоскоолдуктарды азайтуу жана товарлардын Индия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн маанилүү инструмент болуп калышы мүмкүн. Бул жерде Бишкектин ролу анын түздөн-түз экономикалык салмагынан кыйла жогору болушу мүмкүн. Анткени ЕАЭБге мүчө мамлекет катары Кыргызстан жалпы сүйлөшүү процессине катышат.
Ошол эле учурда маанилүү жагдай бар, кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча маселелер толугу менен союздун компетенциясына кирбейт. Ошондуктан айрым багыттар боюнча мамлекеттер өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ал эми кызмат көрсөтүүлөр – бул биздин билим берүү тармагыбыз жана жарандардын мобилдүүлүгү.
Ошондуктан Кыргызстан бул маселелер боюнча өзүнүн позициясын алдын ала түзүп, алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аны илгерилетүүсү маанилүү. Негизги сүйлөшүү процесси аяктагандан кийин гана бул маселелерге кайрылып калбашыбыз керек.
— Кыргызстан БРИКСке кирбейт, бирок Казакстан менен Өзбекстан буга чейин бирикменин өнөктөшү болуп калышты. Бизде да мүмкүнчүлүк барбы?
— Эгер маселени бизди кабыл алгыла деген өңүттө койсок, мүмкүнчүлүгүбүз анча чоң эмес. Кичинекей мамлекеттер мындай бирикмелерге жалгыз кире албайт. Муну мүчөлүккө берилген арыздардын кезегинен эле көрүүгө болот. Мен бул тема менен алектенип келем жана маселени башкача коюу керек деп эсептейм: бизди кабыл алгыла дебестен, биздей көлөмдөгү мамлекеттер үчүн мындай бирикмеге кирүү механизми жалпысынан кандай иштейт? деген суроону коюу зарыл.
Негизинен үч вариант бар:
- окшош көйгөйлөрү бар мамлекеттерден турган аймактык блок катары кирүү;
- интеграциялык бирикме аркылуу толугу менен кирүү;
- же Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин жамааттык түрдө кошулуусу.
Мында Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыртта калбайт. Анткени коңшу эки мамлекет буга чейин БРИКСтин өнөктөшү статусун алган.

Бул варианттардын эч бири бир саммиттин ичинде эле чечиле турган маселе эмес. Бирок мындай суроону отурумга төрагалык кылып жаткан өлкөгө берген туура. Ал эми 2026-жылы БРИКСтин жыйынына Индия төрагалык кылат. Мындай мүмкүнчүлүк экинчи жолу кайталанбайт.
— Сиз БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги иш тууралуу айтып өттүңүз. Ага конкреттүү түрдө эмнеге даярданышыбыз керек?
— Адам ресурстарын талап кылган эки жылдык күнүмдүк техникалык ишке даярданышыбыз керек. Коопсуздук кеңеши – бул жөн гана трибуна эмес. Бул жерде комитеттер, санкциялык режимдер, тынчтык орнотуучу миссиялардын мандаттары, жабык консультациялар, ондогон күн тартибиндеги маселелер бар. Алардын ар бири боюнча позицияга ээ болуп, аны коргой билүү зарыл.
Нью-Йорктогу Индиянын дипломатиялык миссиясы БУУ системасындагы тажрыйбасы мол жана курамы эң ири дипломатиялык топтордун бири. Ал эми алдыдагы эки жылда биз алар менен мурда болуп көрбөгөндөй тыгыз иш алып барабыз.
Бул азыр башкача айтканда, 2027-жылдын январь айына чейин индиялык тарап менен дипломаттарыбыз үчүн стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын эксперттик тажрыйбасынан пайдалануу боюнча макулдашууга жетишүүнүн негизги жүйөсү болуп саналат.
Мындай мүмкүнчүлүктөр керек болуп калгандан кийин эмес, аларга муктаждык жарала электе суралышы керек.
— Сиздин божомолуңуз боюнча, жакынкы үч-беш жылда мамилелер кандай өнүгөт?
— Көп нерсе алдыдагы эки жылдын мүмкүнчүлүктөрүн канчалык натыйжалуу пайдалана аларыбыздан көз каранды. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда 34 жылдан бери эч кандай талаштуу маселе болгон эмес. Тактап айтканда, аймактык, саясий же тарыхый мүнөздөгү пикир келишпестиктер болгон эмес. Узак убакыт бою бул биздин мамилелерибиздин маанилүү жетишкендиги болуп келген.
Бүгүнкү күндө болсо бул бекем саясий негизди конкреттүү биргелешкен долбоорлор жана экономикалык мазмун менен толуктоо маанилүү.
Эгер 2026-2028-жылдары эркин соода аймагы аркылуу келишимдик база түзүп, билим берүү багытын сактап жана иретке келтирип, иштей турган эксперттик форматты түзө алсак, анда товар жүгүртүү 300-400 млн доллардан ашат. Бул мамилелерибиз үчүн кыйла мазмундуу жана диверсификацияланган экономикалык негиз болот.
Эгер саммиттердин алкагындагы протоколдук жолугушуулар менен гана чектелсек, беш жылдан кийин да ошол эле жүз миллион доллардын тегерегиндеги көрсөткүчтү талкуулап отурабыз. Бул эки сценарийдин айырмасы Делиде эмес, Бишкекте.
— Ал эми мамилелерибиздин эксперттик жана аналитикалык багыты кандай абалда?
— Бул азырынча биз жасаган иштерге караганда мүмкүнчүлүктөрүбүз көбүрөк болгон багыт. Индия негизги өнөктөштөрү менен туруктуу эксперттик форматтарды түзүп келет. Алардын арасында аналитикалык борборлордун жыл сайын өтүүчү форумдары, биргелешкен баяндамалар жана изилдөөчүлөрдүн тажрыйба алмашуусу бар.
Кыргызстан менен мындай туруктуу механизм азырынча жок. Бирок кызыгы, бул багыттагы иштер дал ушул бизде башталган. 2012-жылы Бишкекте "Индия – Борбор Азия" аттуу алгачкы эксперттик диалог өткөн.
Азыр бул багытты өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүлдү. ШКУдагы төрагалык кылган жылы Кыргызстан ири эксперттик аянтчаларды кабыл алып, аларды ийгиликтүү өткөрө аларын көрсөттү. Ал эми 2027-жылдын январынан тартып БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги иш башталат. Анда позицияларды мазмундуу жана алдын ала даярдоо зарыл.
Индия менен туруктуу эксперттик формат түзүү дал ушундай даярдыкты камсыз кылуучу инструмент болуп саналат.
Биз бул багытта сунуштай ала турган темалар да жетиштүү. Алардын негизгилери – тоолор жана бийик тоолуу аймактар, суу жана мөңгүлөр, ошондой эле деңизге түз чыгышы жок өлкөлөрдүн транспорттук байланышын өнүктүрүү маселелери.