“Кыргыз жараны” концепциясы: Кыргызстандын диний саясаты жаңы баскычка өтүүдө

Аналитика 257 18 Август 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-08-18 at 12.19.29.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы баскычына өтүүдө. Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик 2027–2031-жылдарга карата диний жана этностук чөйрөдөгү “Кыргыз жараны” улуттук биримдик концепциясынын долбоорун талкууга чыгарды. Бул документ жарандык иденттүүлүктү, чөйрөдөгү өз ара ынтымакты бекемдөөнү, мамлекеттик коопсуздукту, коомдук туруктуулукту, социалдык биримдикти жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган. Эксперттер акыркы жылдары тармактагы оош-кыйыш процесстер жөнгө салынып, диний чөйрө туруктуу калыптануу жолуна түшкөнүн белгилешүүдө.

Кыргызстандын светтик өлкө экени Баш мыйзамда так бекитилген. Ага ылайык дин мамлекеттен ажыратылган, мамлекет диний иштерге кийлигишпейт, ал эми дин саясатка таасир этпейт. Экинчиден, бардык диндер бирдей укукка ээ. Бир дагы дин мамлекеттик же милдеттүү катары кабыл алынбайт жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окутуу светтик мүнөздө жүргүзүлөт. Бул эрежелер өлкөнүн көп улуттуу жана көп конфессионалдуу коомун бириктирип турган негизги өзөк экенин белгилеп коюу шарт.

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 3000ден ашык диний уюм катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн ислам багытындагы уюмдар, мечиттер жана медреселер түзөт. Калган бөлүгү христиан жана башка диний жамааттарга таандык.

Башка тармактардай эле дин чөйрөсү да глобалдык өзгөрүүлөрдүн таасирине кабылып келет. Өзгөчө коопсуздук жана санарип технологиялар шартында дыкаттык менен мамилени талап кылган жагдайлар светтүүлүк принциптерин тереңден түшүнүү зарылчылыгын жаратууда. Мисалы, мектеп формасы, дин таануу сабактары, расмий каттоодон өтпөй нике кыюу, соцтармактардагы диний платформаларды өз кызыкчылыгына колдонгон коомдук ишмерлер жана саясатчылар кызуу талкууну жаратып келет. Ал эми диний сабаттын жетишсиздиги, деги эле динди үстүртөн түшүнүү радикалдуу идеяларга жол ачып коюшу ыктымал. Буларды жөнгө салуу аракети динди четке кагуу дегенди билдирбейт. Бул ар бир жарандын укугун бирдей коргоо, салттуу диний баалуулуктарды колдоо менен бирге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу дегенди билдирет.

Диний мамилелерди жөнгө салуу — мамлекеттик коопсуздукту, коомдук туруктуулукту, социалдык биримдикти жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуудагы мамлекеттик саясаттын башкы приоритеттеринин бири. Бул багытта 2021–2026-жылдарга карата диний жана этностук чөйрөдөгү “Кыргыз жараны” концепциясы кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, диний мекемелер бирдей тартипте катоодон өтүүдө. Бардык орто мектептердин окуу программасына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы киргизилди. Кыргызстан конфессиялар аралык кеӊешинин ишмердүүлүгүнө артыкчылык берилип, диндер аралык диалог жаӊы деӊгээлге чыкты.

Бул концепциянын мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу Улуттук агенттик кийинки 5 жылдыкка жаңы концепциянын долбоорун иштеп чыгууда. Мурунку концепция диний чөйрөнү жөнгө салуунун, светтүүлүктү сактоонун жана диний уюмдар менен мамлекеттик органдардын мамилелерин жөнгө салуунун алкагын түздү. Жаңы 2027–2031-жылдарга карата долбоордо бул системаны кеңейтип, “Кыргыз жаранынын” жарандык иденттүүлүгүн, улуттук биримдикти, социалдык ынтымакты, диний жана этностук көп түрдүүлүктү сактоону жана мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө багытында комплекстик чараларды көрүү милдеттери коюлган.

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жаңы концепция институционалдык өзгөрүүнү жана чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын сапаттык жактан жаңы баскычка чыгарын белгиледи.

“Глобалдык коопсуздук маселелери курчуган жана маалыматтык ачыктык шартында улуттук жана коомдун социалдык биримдигин чыңдоо өзгөчө мааниге ээ болуп калды. Мына ушундай шартта, аталган концепцияны иштеп чыгуу мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жана коомдун бүтүндүгүнө таасир этүүчү чакырыктарга системалуу жана өз убагында жооп кайтаруу боюнча буга чейин концептуалдык деӊгээлде аткарылып келген саясатты улантуу зарылдыгы менен негизделген.
Бул жаӊы концепцияда дагы мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу багыттына дагы өзгөчө артыкчылык берилип, бул багыттар менен бирге, коомдун "Кыргыз жараны" баалуулуктарына берилгендигин калыптандыруу жана илгерилетүү, этникалык чөйрөдө социалдык биримдикти күчөтүү жана мамлекеттик башкаруунун жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу багыттары боюнча иш алып баруу каралган.
Облустук, райондук жана шаардык деңгээлдеги координациялык жана коомдук-консультативдик кеңештер аркылуу жер-жерлерде мониторинг жана координация жүргүзүү механизмин өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер диний жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү чыр-чатактардын алдын алуу жана аларды болтурбоодогу негизги механизм катары каралган”, - деп билдирди Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен.

Аталган агенттик диний жана этностук көп түрдүүлүктү жалпы жарандык иденттүүлүк аркылуу бириктирүү Улуттук биримдик концепциясынын негизги өзгөчөлүгү экенин белгилеп, долбоорго карата сунуштарды кабыл алууда. Тарых илимдеринин кандидаты, дин боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов тармактагы “Кыргыз жараны” улуттук биримдик концепциясын Кыргызстандын “Уңгу жол” доктринасы менен биргеликте ишке ашырууну сунуштады.

WhatsApp Image 2026-08-18 at 12.08.22.jpeg
“Иштелип жаткан концепция президенттин жарлыгы менен бекитилген “Уңгу жол” идеологиялык платформасына адаптацияланып, эки багыт эриш-аркак ишке ашырылышы керек. Себеби, идеологиянын негизин түзгөн “Уңгу жол” багыты өзүнчө, ал эми “Кыргыз жараны” концепциясы башкача иштегени болбой калат. Багыты бир болуусу зарыл. Мында мамлекеттин светтүүлүк принциптерин кармануу керек. Дин эркиндиги, адам укугу принциптери камтылуусу зарыл.
“Кыргыз жараны” концепциясында Кыргызстандын негизги калкынын 90%га жакынын түзгөн исламдын Ханафий масхабынын Матрудий акыйдасын негиз кылып алуу зарыл. Анткени эгемендүүлүк алган жылдардан бери диний чөйрөдө Кыргызстан бир канча баскычтарды басып өттү. Бүгүн бул диний чөйрө мамлекеттин тикеден-тике катышуусунун негизинде институционалдашып мамлекет менен диний бирикмелер эриш-аркак иштеп келе жатат.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле 2010-жылдан кийинки процесстер, экстремизм коркунучу, жарандардын башка динге өтүүсү, локалдуу конфликттер, Сирияга массалык түрдө кетүүлөр, терроризм коркунучтары бүгүнкү күндө муфтияттын диний кызматкерлеринин, башка диний органдардын, айрыкча дин иштери боюнча мамлекеттик органдын, укук коргоо жана күч органдарынын жана жарандык коомдун катышусу менен бул процесстер жөнгө салынып калды. Диний чөйрө дагы өзүнүн туруктуу бир калыптануу процессине түштү. Мындан ары да ушул багытты карманып кете берүү керек”, - деди Канатбек Мурзахалилов.

Эксперт белгилегендей, диний чөйрө өзүнүн бир калыптагы өнүгүү жолуна түштү.

Улуттук агенттик тарабынан талкууга коюлган жаңы концепция коомдун бардык катмарынан сунуштарды кабыл алуу менен, өлкөнүн ички биримдигин жана коопсуздугун камсыздай турган стратегиялык документке айланышы шарт.