Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Коргоо министрлигинде бүгүн кан тапшыруу акциясы өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратында канды ыктыярдуу тапшыруу акциясы уюштурулду.
"Бул иш-чара республиканын саламаттык сактоо мекемелеринин муктаждыктары үчүн кан жана анын компоненттеринин корун толуктоо максатында уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.