Узак жашоонун сыры: Күн сайын бир убакта ойгонуунун пайдасы

Ден соолук 15 сентябрь 2026 15:05
Узак жашоонун сыры: Күн сайын бир убакта ойгонуунун пайдасы
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Узак жашоону каалагандарга күнүмдүк тартибине бир гана өзгөртүү киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Лента.ру дарыгер Эстела Льядо Карбого шилтеме берүү менен жазды.

Адистин айтымында, эгер адам бир гана адатын өзгөртө алса, анда күн сайын бир убакта ойгонууга көнүшү керек.

“Бул акысыз жана ден соолукту чыңдоого багытталган, өмүрдүн узактыгын көбөйтүү боюнча мен билген эң мыкты ыкмалардын бири”, — деп белгилеген дарыгер.

Ал белгилегендей, мындай режим организмдеги циркаддык ритмдерди калыбына келтирүүгө жардам берет.

Мында дем алыш күндөрү да белгиленген убакта ойгонуу зарыл. Эгер ишемби жана жекшемби күндөрү адам адаттагыдан кыйла кеч туруп, уйкусун кандырууга аракет кылса, бул ыкма күтүлгөн натыйжаны бербейт.

Льядо Карбо ойгонгондон кийин таасирин бекемдөө үчүн 10–15 мүнөттү таза абада өткөрүүнү да сунуштады.