Аймактардагы онколог тартыштыгы азайып баратат — Букуев

Ден соолук 15 сентябрь 2026 14:58
Аймактардагы онколог тартыштыгы азайып баратат — Букуев
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн аймактарында химиотерапияга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, химиотерапия үчүн негизги дары-дармектер мамлекет тарабынан каржыланат. Ошол эле учурда айрым бейтаптарга кээ бир дарылар туура келбей калышы мүмкүн. Мындай учурда алар керектүү препараттарды өз алдынча сатып алышат.

Тилек Мамадалиев учурда мамлекет 12 маммограф сатып алып жатканын да билдирди.

Ошондой эле Улуттук онкология борбору менен биргеликте аймактарда химиотерапия бөлүмдөрүн ачуу пландалып жатканын белгиледи.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде онкологиялык жардам учурда бир катар аймактарда көрсөтүлүп жатканын айтты.

“Ош шаарында Ош облустар аралык онкология борбору бар. Жалал-Абадда жана Караколдо онкология бөлүмдөрү иштейт. Химиотерапия бөлүмдөрүн ачуу маселеси азырынча чечиле элек, бул дагы талкууланат”, — деди ал.

Букуевдин айтымында, аймактарда онкологиялык жардамды кеңейтүүгө негизги тоскоолдуктардын бири — адистердин жетишсиздиги.

“Жалпысынан республика боюнча кадр тартыштыгы маселеси абдан курч турат. Аймактарда онкологдор дээрлик жок. Республика боюнча 76 штаттык орундун 35и гана толтурулган, анын үстүнө бул орундарда иштегендердин баары эле дарыгер-онкологдор эмес”, — деди ал.

Министрдин орун басары түшүндүргөндөй, айрым кызматтарды хирургдар жана терапевттер кошумча аткарып жатышат. Алар онкологдун милдетин 0,5 же 0,25 ставка менен айкалыштырып иштешет. Ошол эле учурда адистер тиешелүү адистешүүдөн өтүп, негизги дарыгерлик ишин улантышат.

Букуев онкологиядагы кадр тартыштыгы көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй экенин белгиледи. Ошол эле учурда айлык акынын жогорулашына байланыштуу оң динамика байкалып, дарыгерлер аймактарда иштөөгө көбүрөөк кызыгып жатканын айтты.

Мындан тышкары, аймактарда иштеген адистерге колдоо көрсөтүү чаралары да каралган. Мисалы, Талас облусунда шаардан барып иштеген дарыгерлерге кошумча 20 миң сом төлөнөт.

“Ошондуктан аймактарда кадр тартыштыгы бар, бирок абалдын жакшыруу тенденциясы байкалууда”, — деди ал.

Анын айтымында, жаңы бөлүмдөрдү ачуу эле көйгөйдү чечпейт. Алар тиешелүү кадрлар менен камсыздалышы керек.

“Бөлүмдөрдү күчтүү кадрдык потенциал менен камсыз кылышыбыз керек. Ошондо Улуттук онкология борборуна да кыйла жеңил болот”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө онкологиялык жардамды күчөтүү пландалууда. Атап айтканда, Ош шаарында хирургиялык дарылоо, нур терапиясы жана химиотерапияны камтыган ири облустар аралык борбор куруу каралууда.

Букуевдин айтымында, мындай борбордун түзүлүшү Улуттук онкология борборуна түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

“Бул бардык дарылоо түрлөрү бириктирилген борбор болот. Анда хирургия гана эмес, нур терапиясы жана химиотерапия бөлүмдөрү да иштейт. Ошондо, албетте, Улуттук онкология борборуна түшкөн жүк кыйла азаят”, — деди ал.

Министрдин орун басары аймактардагы медициналык мекемелер менен катар Улуттук онкология борборун да техникалык жактан жабдууну улантуу зарылдыгын белгиледи.

“Жөн гана дарыгерлер менен камсыз кылуу жетишсиз, техникалык жабдуу да керек”, — деди Букуев.

Анын маалыматына караганда, быйыл Улуттук онкология борборуна олуттуу колдоо көрсөтүлүп, негизги медициналык жабдууларды сатып алуу иштери аяктоо алдында турат. Анын ичинде рентген жана ультраүндүк аппараттары, ошондой эле диагностика жана дарылоодо колдонулуучу эндоскопиялык жана лапароскопиялык комплекстер бар.

Министрдин орун басарынын айтымында, кийинки жылдары мындан да татаал жабдууларды, анын ичинде сызыктуу ылдамдаткычтарды сатып алуу пландалууда. Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү онкологиялык кызматты жана Улуттук онкология борборун мындан ары да техникалык жактан күчөтүү улантылат.