Кыргызстанда балдар онкологиясын каржылоо 3 эсе өстү

Ден соолук
680800.307e5887f9f261e4d517c1868c413119.jpg
855759093_1425643756448899_8895134615844965210_n.jpg
Алдыга
Артка
680800.307e5887f9f261e4d517c1868c413119.jpg
855759093_1425643756448899_8895134615844965210_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы беш жылда балдардын онкологиялык ооруларын дарылоого мамлекеттик каржылоо үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн балдардын бакубаттуулугу боюнча дүйнөлүк саммитте билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдө балдардын рак ооруларынын улуттук реестри түзүлүп, Бишкек жана Ош шаарларында адистештирилген медициналык жардам өнүктүрүлүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда биринчи жолу өспүрүмгө өзүнүн жилик чучугун трансплантациялоо операциясы жасалган.

Кыргызстан 2023-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун балдар арасындагы рак ооруларына каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгесине кошулган. Анын максаттарынын бири — 2030-жылга чейин онкологиялык ооруларга чалдыккан балдардын жашап кетүү көрсөткүчүн кеминде 60 пайызга жеткирүү.

Дамир Осмонов балдардын ооруларын эрте аныктоо, заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү жана керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.