Акыркы жылдары аба ырайынын туруксуздугу, кургакчылык жана жаан-чачындын ашыкча болушу айыл чарба тармагына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Айрыкча суу тартыштыгы жана өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калууда. Мындай шартта мамлекет айыл чарбасын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу багытында бир катар чараларды көрүүдө. Анын ичинде кургакчылыкка жана ысыкка туруктуу жаңы сортторду сыноо, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу, ошондой эле дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү өзгөчө мааниге ээ.
Ошондой эле өлкөдө жаңы өсүмдүктөрдү, анын ичинде цитрус өсүмдүктөрүн сыноо иштери жүргүзүлүп, Баткен облусунда апельсин, мандарин, кумкват сыяктуу жемиштер өстүрүлө баштады. Бул климаттык шарттарга жараша жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатканын көрсөтөт. Азык-түлүк коопсуздугу маселесине токтолсок, Кыргызстан негизги азык-түлүк түрлөрүнүн көбү менен өзүн камсыздап жатканына карабастан, айрым стратегиялык продукциялар боюнча импортко көз карандылык сакталып калууда.
Ушул жана башка актуалдуу маселелер тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

— Акыркы жылдардагы климаттын өзгөрүшү Кыргызстандын айыл чарба тармагына кандай таасир тийгизүүдө?
— Акыркы жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да климаттын өзгөрүшүнүн таасири байкалууда. Аба ырайынын кубулушу өлкөнүн айыл чарбасына жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизбеши үчүн көп багыттуу иштерди алып баруудабыз. Мисалы, кургакчылыкка жана ысыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү сыноодон өткөрүп, дыйкандарга сунуштап жатабыз. Буудай, арпа жана сафлор май өсүмдүгүнүн ысыкка-суукка чыдамдуу сортторун чет өлкөлөрдөн алып келүүдөбүз. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 300дөн ашык өсүмдүк сорттору менен көчөттөрүнө сыноолор жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары, сууну үнөмдөө максатында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларын киргизүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Аталган сугаруу тутумдарын орнотуу үчүн 2 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү долбоору ишке кирүү алдында турат. Министрлик тарабынан сууну үнөмдөө жана түшүмдүүлүктү арттыруу максатында өткөн жылдан бери “80/20” долбоору иштеп жатат.
— Аба ырайынын өзгөрүшү жашылча-жемиш өстүрүүдө кандайдыр бир кыйынчылыктарды жаратып жатабы?
— Негизги көйгөй суунун тартыштыгы болушу мүмкүн. Бирок биз дыйкан-фермерлерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын коюуну сунуштап жатабыз. Мисалы, 2025-жылы аба ырайы абдан кургакчыл болду. Ошого карабастан, заманбап сугаруу системасынын аркасында помидор, пияз, калемпир сыяктуу жашылчалардан жогорку түшүм алууга жетиштик. Ошондуктан дыйкандарды бул технологияларды жигердүү колдонууга чакырабыз. Бул багытта мамлекет тарабынан да чоң колдоолор көрсөтүлүүдө. Каржылык көмөк, көчөт жана үрөн маселелери боюнча райондук башкармалыктарга же министрликке түз кайрылып, маалымат алса болот. Белгилей кетсек, быйыл аба ырайы жаан-чачындуу болгондуктан, былтыркыга салыштырмалуу суу жетиштүү жана бул боюнча маселе жок.

— Негизи эле акыркы жылдары суунун тартыштыгы өлкөнүн кайсы облустарында көбүрөк байкалууда?
— Өткөн жылы кардын аз түшүшүнө байланыштуу Баткендин Лейлек районунда, Чүйдүн Жайыл жана Панфилов райондорунда, ошондой эле Талас облусунда суу тартыштыгы сезилген. Быйыл андай көйгөй байкалган жок, бардык райондордо суу жетиштүү. Бирок буга карабастан, биз акыркы 2-3 жылдан бери дыйкандарга күзүндө ным топтоо иштерин жүргүзүүнү сунуштап келебиз. Суу тартыштыгынын алдын алуу жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн дыйкандар сентябрь айынан тарта ным топтоого көңүл бурса дейт элем. Эгерде ушул абдан натыйжалуу ыкманы колдонсок, жазгы талаа иштеринде көп көйгөй жаралбайт.
Мисалы, кант кызылчасы, буурчак сыяктуу кээ бир өсүмдүктөр бир вегетациялык мезгилде 5-6 жолу сугарууну талап кылат. Суу тартыш болгондо алар 3-4 эле жолу сугарылып, натыйжада түшүмдүүлүк төмөндөп кетиши мүмкүн. Белгилей кетсек, республика боюнча 400 миң гектарга жакын суу жетпеген кайрак жерибиз бар. Ал жерлерге дан жана май өсүмдүктөрү айдалат. Кургакчыл жылдары ушул кайрак жерлердин түшүмдүүлүгү өтө төмөн болуп калууда. Ал эми 800 миң гектардан ашык сугат жерлерибизге суу жетиштүү көлөмдө берилет. Жогоруда аталган райондордун кайрак жерлеринде өткөн жылы дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү аз болду, ал эми сугат жерлерде көрсөткүч жакшы.
— Акыркы жылдары Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрүн өстүргөн чарбалар көбөйүүдө. Муну аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштырсак болобу?
— Аба ырайы ысып кеткендиктен эле цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлө баштады деген түшүнүк жаңылыш. Бизге салттуу өсүмдүктөрдөн тышкары, башка жаңы өсүмдүктөрдү да сыноодон өткөрүү тапшырмасы коюлган. Ошондуктан апельсин, мандарин, кумкват сыяктуу цитрус өсүмдүктөрүн алып келип, 2025-жылдан бери Баткендин Кадамжай районунда ачык жерде жана жабык күнөсканаларда сыноо иретинде өстүрүп жатабыз. Өсүмдүктөр биринчи кышты жакшы өткөрүп, алгачкы түшүмүн берди. Быйыл экинчи кыштан аман-эсен чыкса, кийинки жылдан тарта дыйкандарга сунуштай баштайбыз.
Буга чейин бизде мандарин, апельсиндер мындай чоң аянтта өстүрүлгөн эмес. Учурда сыноо ийгиликтүү өтүп жатат, климат да туура келүүдө. Жалпысынан бизде ушундай сыноодон өтүп жаткан 300дөн ашык өсүмдүктүн түрү бар.

— Өсүмдүктөрдүн ар кандай зыянкечтерине жана ооруларына каршы кандай аракеттер көрүлүүдө? Аларды жок кылууда химиялык каражаттар колдонулабы?
— Өсүмдүк өстүрүүдө айрым зыянкечтер ысык аба ырайында тез көбөйүп кетет. Бирок кургакчылык эле эмес, жаан-чачындын ашыкча болушу да өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизет. Маселен, жаанчыл мезгилде нымдуулук жогорулап, буудайда дат оорусу пайда болот жана башка илдеттердин тарашына шарт түзүлөт. Бул багытта бүгүнкү күндө жаңы дарыларды каттоодон өткөрүп, сыноо иштерин жүргүзүп жатабыз.
Учурда бизде биокаражаттарга басым жасоо пландары бар. Зыянкечтерге жана курт-кумурускаларга каршы бир-эки биокаражатты алып келип, сыноодон өткөрүп жатабыз. Эгер бул жакшы натыйжа берсе, кийинки жылдардан тарта аларды кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күндө зыянкечтерди, ооруларды жана отоо чөптөрдү жок кылуу негизинен химиялык жол менен жүргүзүлүүдө.
— Климаттык факторлор азык-түлүк коопсуздугуна кандай таасирин тийгизүүдө?
— Бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугун түзгөн негизги 9 азыктын алтоосу менен өлкөбүздү толук камсыздай алабыз. Ал эми буудай, өсүмдүк майы жана эт боюнча ички суроо-талапты 100 пайыз жаба элекпиз. Маселен, мал чарбачылыгы өнүккөнү менен, 7 миллион 300 миңден ашуун калктын керектөөсүнө бөлгөндө эт азыктары дагы деле жетишсиз болууда.
Ал эми кант, жашылча, мөмө-жемиш, картошка, сүт жана жумуртка менен өзүбүздү ашыгы менен камсыздап, экспортко да чыгарып жатабыз. Өзгөчө белгилей кетсек, кант кызылчасы боюнча 2024-жылдан бери өзүбүздү 100 пайыз камсыздоо деңгээлине жеттик. Буудай менен өлкөнү толук камсыздай албагандыктан, ЕАЭБ алкагындагы келишимдердин негизинде жетишпеген көлөмдү Казакстан менен Россиядан импорттойбуз.

— Мамлекет тарабынан айыл чарба тармагын колдоо багытында кандай иштер аткарылууда?
— Айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоо багытында учурда бизде 7-8 каржылык долбоор иштеп жатат. Анын алкагында бириккен товар өндүрүүчүлөргө, асыл тукум мал чарбаларына, үрөнчүлүк жана көчөт өстүрүүчү чарбаларга 3 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Жакында эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу тутумдарын киргизүү үчүн 2 пайыз менен насыя бериле баштады.
Андан тышкары, атайын токтомдун негизинде мамлекеттик фонддун жерлери үрөнчүлүк жана мал чарбаларына, ошондой эле кооперативдерге бөлүнүп берилип, чоң колдоо көрсөтүлүүдө. Негизги басым сууну үнөмдөөчү заманбап сугаруу системаларын жайылтууга жасалууда. Мындай аракеттердин негизинде өсүмдүктөрдүн өздүк наркын төмөндөтүү жана түшүмдүүлүктү арттыруу багытында жигердүү иш алып барып жатабыз.

— Аба ырайындагы олуттуу өзгөрүүлөргө карабастан, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн дыйкандарга кандай кеңештерди бересиз?
— Биз жыл сайын жазгы талаа иштерин утурлай дыйкандарга аймактын өзгөчөлүгүнө жараша өсүмдүктөрдүн сортторун сунуштайбыз. Учурда жай мезгили ортолоп, күздүк дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу дыйкандарга, өзгөчө Чүй жана Талас облусунун дыйкандарына дан эгиндерин жыйнап алгандан кийин, алардын ордуна эрте бышуучу жашылча өсүмдүктөрүн айдап, экинчи түшүм алууну сунуштайбыз.
Күзүндө экинчи түшүм жыйналгандан кийин, топурактын курамын лабораториялык анализден өткөрүп, анан жерди ным топтоо максатында терең айдоо зарыл. Негизи эле күзүндө дыйкан-фермерлерибиз ным топтоо иштерин жигердүү жүргүзүшсө, бул келечектеги түшүмдүүлүккө чоң таасирин тийгизет. Жерди терең айдоо, күздүк сугаруу сыяктуу агротехникалык ыкмалардын натыйжасында мол түшүм алууга шарт түзүлөт. Жер семирткичтерди да топурактын курамына жараша, ченем менен берүү шарт.
Мындан сырткары, көчөт, үрөн, жер семирткич жана өсүмдүктөрдү коргоочу дары-дармектерди сатып алууда сертификаты бар, ишенимдүү жайларга кайрылуу зарыл. Дыйкандар жер иштетүү, мал чарбачылыгы боюнча өздөрүн кызыктырган бардык суроолоруна райондук бөлүмдөрдөгү адистерден же 1210 бирдиктүү колл-борборуна чалып жоопторду ала алышат.