Көчмөн цивилизациясы тууралуу эл аралык илимий жыйнак даярдалууда

Маданият 21 Август 2026 09:15
bc7b2039-7061-4390-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өтө турган "Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги" эл аралык илимий-практикалык конференциясынын материалдарынын негизинде илимий жыйнак басмага даярдалууда.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, жыйнакка Евразиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын көчмөн цивилизацияларынын тарыхы, маданияты жана мурастарына арналган 28 өлкөнүн окумуштууларынын жана адистеринин изилдөөлөрү киргизилет.

Анда салттуу билимдерди сактоо жана муундан муунга өткөрүү, элдер менен маданияттардын өз ара байланышы, ошондой эле санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу заманбап чакырыктар каралат.

Жыйнактын өзүнчө бөлүгү 2014-жылдан бери эл аралык спорттук-маданий долбоорго айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын феноменине арналат.

"Илимий жыйнактын жарык көрүшү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Илимий программасынын маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп, ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн мындан аркы илимий кызматташтыгына өбөлгө түзөт",-деп айтылат маалыматта.