Бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык мурасын даңазалаган “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды. Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышып, комплексти пайдаланууга берди. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жазуучунун эстелигине гүл коюп, улуу жазуучунун элесине таазим кылды.

Мамлекет башчысы “Чыңгыз Ааламы” комплекси Айтматовдун кичи мекенин гана эмес, жалпы Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган маанилүү долбоор экенин белгиледи. Ал комплекстин негизги максаты жазуучунун мурасын сактоо менен гана чектелбестен, аны кийинки муунга жеткирүү экенин айтты.
“Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын адеми курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү болуп саналат”, – деди президент.
Өлкө башчысынын айтымында, Айтматовдун чыгармаларында көтөрүлгөн адамдык абийир, тарыхый эс тутум, эне тил жана мекенге болгон жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктар бүгүн да маанисин жоготкон жок. Анын белгилешинче, технологиялар өнүгүп, дүйнө өзгөрүп жаткан учурда адамдын руханий дүйнөсү өзгөчө мааниге ээ.
“Чыңгыз агабыз ар кыл каармандары аркылуу таасын сүрөттөгөн адамдык абийир, тарыхый эс тутум, эне тил, мекенге болгон жоопкерчилик сыяктуу түшүнүктөр бүгүн да актуалдуу. Дүйнө өзгөрүп, жаңы технологиялар жашообуздун бардык тармагына кирип жаткан тапта Айтматов туюндурган баалуулуктарга дүйнө суусап турат”, – деди Садыр Жапаров.

Президент “Айтматов ааламы” мындан ары музей катары гана чектелбестен, агартуунун, илимдин, маданияттын жана руханий тарбиянын борборуна айланышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул жерде жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгынын кийинки муун үчүн жаңы мааниси ачылып, илимий жана маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу зарыл.
Комплекс залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылык мурасын даңазалоого, ошондой эле аймакта маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Бул жай келгендерге Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен жакындан таанышууга шарт түзөт.
Комплексте музей, кинотеатр жана китепкана жайгашкан
Жазуучун 100 жылдыгынын алкагында курулган бул комплекстин жалпы аянты 15 гектарды түзөт. Башкы планга ылайык, анын аймагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана курулган.
Мындан тышкары, аймакка Чыңгыз Айтматовдун жана анын чыгармаларындагы каармандардын айкелдери орнотулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун сметалык баасы 150 млн сомдон ашат. Долбоорду ишке ашырууга 100дөн ашуун адам тартылган.
Маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган
Долбоордун негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын даңазалоо менен гана чектелбестен, Талас облусунда маданий туризмди өнүктүрүү.
“Чыңгыз Ааламы” комплекси мындан ары келген конокторго улуу жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана бай адабий мурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген маданий-туристтик жай катары кызмат кылат.
“Чыңгыз ааламы” — Айтматов аркылуу кыргызды тааныткан өзгөчө мейкиндик
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев белгилегендей, жаңы ачылган “Чыңгыз ааламы” комплекси — Чыңгыз Айтматовдун гана эмес, жалпы кыргыз элинин руханий мурастарын даңазалаган өзгөчө мейкиндик.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда руханий жаңыланууга, улуттук баалуулуктарды кайрадан баалоого жана тарыхый мурастарды сактоого багытталган маанилүү иштер аткарылууда.
“Акыркы кезде өлкөбүздө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөрдү “Кыргыз кайра жаралуусу”, башкача айтканда, “Кыргыз ренессансы” деп атап жатышат. “Кыргыз рецнессансы” деген сөз — кыргыздын жан дүйнөсүнүн, ички дүйнөсүнүн жаңыланышы, элдин тутумунун өзгөрүшү, ой жүгүртүү маданиятыбыздын өсүшү жана алтын мурастарыбызга болгон өзгөчө мамиленин калыптанышы. Бул — биздин чоң руханий капиталыбыз”, - деди ал.
Раев белгилегендей, президент акыркы жылдары руханиятка өзгөчө маани берип, бул багытта дүйнө көңүл бура турган чоң иштерди жасап жатат.
”Бул менин гана сөзүм эмес. Мен чет өлкөдө жашап, иштегендиктен, бул жактагы адамдардын Кыргызстанга болгон мамилеси, өлкөбүзгө болгон урматы азыр таптакыр башка деңгээлге өтүп жатканын көрүп жатам. Себеби Кыргызстанда жасалып жаткан позитивдүү иштер чет өлкөдө да жакшы маанай жаратууда.

Ушул иштердин уландысы, руханий баалуулуктардын кербенинин сапары уланып жатканынын бир мисалы катары “Чыңгыз ааламы” комплексинин ачылышын айтсак болот”, -деген ал “Чыңгыз ааламы” комплекси боюнча идея көп жылдар мурун пайда болсо дагы, буга чейин ага жетиштүү көңүл бурулбай, көз жаздымда калып келгенин кошумчалады.
Анын айтымында, эми мамлекет башчысы бул маселеге өзгөчө маани берип, аны улуттук жана руханий маанидеги, доорубуздун алтын барагы боло турган чоң долбоор катары ишке ашырып жатат.
“Бул — абдан маанилүү кадам. Биз албетте, Айтматов менен сыймыктанабыз. Бирок сыймыктануу менен гана чектелбестен, аны конкреттүү иштер менен материалдаштырышыбыз керек. Айтматов жөнүндө көп айтабыз, көкүрөк кагабыз, “Айтматов” деп сыймыктанабыз. Бирок реалдуу, принципиалдуу чечимдерди кабыл алып, түбөлүккө кала турган руханий жана материалдык мурастарды буга чейин жетиштүү деңгээлде жарата албай келдик“,- деди ал.

Ошондой эле ТҮРКСОй уюмунун башкы катчысы ошол руханий боштукту президенттин аракети толтуруп жатканын белгиледи.
“Бул — өтө чоң кадам. “Айтматов ааламы” — жөн гана Айтматовдун ааламы эмес, бул улуу кыргыздын ааламы. Кыргыз баткан, Манас баткан, биздин улуу сөздөрүбүз, тарыхыбыз жана руханий мурастарыбыз камтылган өзгөчө мейкиндик, өзгөчө платформа.
Албетте, биз көп нерсени Айтматов менен байланыштырабыз. Бирок Айтматов да ошол улуу мурастардын негизинде Айтматов болгон. Ошондуктан Айтматовду даңазалоо менен биз өзүбүздүн өткөндөгү алтын мурастарыбызды, тарыхыбыздын алтын барактарын даңазалап жатабыз.
Бишкекке келген чет элдиктер, андан кийин Айтматовдун мекени болгон Таласка, Шекерге барышат. Биз Таласты руханияттын өзгөчө пантеону кылышыбыз керек деп айтар элем. Айтматовдун Шекер айылы Лев Толстойдун Ясная Полянасы сыяктуу дүйнөгө белгилүү руханий жай болушу керек. Биз ошол жерди урматтап, улуу адамдын киндик каны тамган жерди руханий чекит, кыргыздын жаңы ой жүгүртүүсүнүн, жаңы бийиктигинин, жаңы мейкиндигинин башаты катары көрсөтүшүбүз керек.

“Айтматов ааламы” деген түшүнүк да чоң маанини билдирет. Бул — биз үчүн жаңы ачылыш. Биз Айтматов аркылуу өзгөчө руханий космосту ачып жатабыз. Ошондуктан ушул нерсеге маани берип, аны көтөрүп чыккан өлкө башчыбыздын аракетине чоң баа беришибиз керек. Ошол эле учурда бул ишти мындан ары да улантышыбыз зарыл.
Ошол эле Бишкекке барган чет элдиктер Айтматовдун музейин сурашат. 2028-жылы Айтматовдун 100 жылдыгы белгиленгени турат. Биз ошол мааракеге карата чоң руханий жана материалдык эстелик жаратышыбыз керек. Менин оюмча, Бишкектин борборунда Айтматовдун музейи болушу керек”, -деп сөзүн жыйынтыктады Султае Раев.