Айтматов менен Толстойдун мааракелерине даярдык башталды

Коом 2 октябрь 2026 10:40
830343723_1100706899365631_1766483279918107228_n.jpg
828366240_2114648732591502_4554264894539802554_n.jpg
830434320_1575092477060017_8321975668953643048_n.jpg
829323050_2139279083369206_2594655225933191056_n.jpg
828872646_2007806783264760_834557553989114830_n.jpg
830883162_1846412150127958_446420291134388681_n.jpg
829529652_1648190973685843_6291944205949491887_n.jpg
829909511_854457504360217_5898418480006156690_n.jpg
831769109_1631773078624730_7056594481742040829_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана орус элинин атактуу жазуучусу Лев Толстойдун 200 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин алгачкы жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2028-жылы өтө турган мааракелик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.

Арслан Койчиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы жана Лев Толстойдун 200 жылдыгы эл аралык масштабдагы маанилүү маданий окуялар экенин айтты.

Ал иш-чараларды жогорку деңгээлде даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуунун, ошондой эле жооптуу министрликтердин жана Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруусунун зарылдыгын баса белгиледи.

Соңунда мамлекеттик катчы юбилейлик иш-чараларды өткөрүү кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, ошондой эле Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстойдун адабий мурастарын жайылтууга жана даңазалоого өбөлгө түзөрүнө токтолду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча жооптуу министрликтерге жана Мамлекеттер аралык уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнө бир айлык мөөнөттө кыргыз тараптын сунуштарын иштеп чыгуу жана иш-чаралар планын түзүү тапшырылды.