Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусундагы "Манас Ордо" маданий-тарыхый комплексинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында уюштурулган айтыш жыйынтыкталды.
Мелдештин жыйынтыгында баш байге — 500 миң сом Тынчтык Эсенбай уулуна ыйгарылды.
Биринчи орунду 400 миң сом акчалай сыйлыгы менен Шайлообек Отунчиев ээледи.
Экинчи орунга 300 миң сом байге менен Турат Жумаев татыды.
Үчүнчү орунду 200 миң сом байге менен Арген Биймырза уулу алды.
Айтыштын калган катышуучуларына сертификаттар жана 80 миң, 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында белгилүү акын Амантай Кутманалиевге "Талас облусунун ардактуу атуулу" деген наам ыйгарылды.