Бүгүн Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган чоң концерт өтөт

Маданият 12 сентябрь 2026 11:41
Бүгүн Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган чоң концерт өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын алкагында чоң концерттик программа тартууланат.

Маданият, маалымат жанп жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерттик программага кыргыз эстрадасынын белгилүү аткаруучулары Афток, Изи, Баястан, Каныш Нурди, Эра, Жетиген, ”Ага-Ини“, Тата-Улан, Lucky, Саламат жана Адилхан катышат.

Майрамдык концертте белгилүү ырчылардын музыкалык чыгармалары аткарылып, Талас шаарынын тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартууланат.

Концерт саат 19:00дө башталат.