Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Бишкек мэриясынын "Олд Бишкек" жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөгүндөгү соода жайларынын ишин убактылуу токтотуу чечимине байланыштуу долбоордун администрациясы учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.
Билдирүүгө ылайык, бул түшүндүрмө муниципалитет, бизнес өкүлдөрү жана шаар тургундарынын ортосунда ар кандай түшүнбөстүктөрдүн жаралышына жол бербөө максатын көздөйт.
"Биз борбор калаанын жетекчилигинин шаардык инфраструктураны жакшыртуу аракеттерин толугу менен колдойбуз. Ошол эле учурда айтылган негизги сын-пикирлер техникалык жана уюштуруучулук жагынан тактоону талап кылат.
Биринчи кезекте белгилеп кетүүчү жагдай — жер алдындагы өтмөктүн техникалык режимде ишке киргизилиши өз алдынча жасалган аракет болгон эмес. Объектти пайдаланууга берүү баскычында бардык тараптар үчүн негизги максат шаар тургундарынын коопсуз жана ыңгайлуу өтүүсүн мүмкүн болушунча ыкчам камсыз кылуу болгон. Ошондуктан өтмөк расмий ачылыш аземи өткөрүлбөстөн эле пайдаланууга берилген. Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өзү да бир нече ирет жумушчу сапарлары менен бул жерге келип кеткен. Бул шаар бийлиги объекттин иштеп жатканынан толук кабардар болгонун жана анын ишин өз алдынча пайдалануу катары баалоого негиз жок экенин көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле курулуш иштеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу төмөнкүлөр кошумчаланды.
"Учурда пайдаланууга берүү актысын юридикалык жактан тариздөө стандарттуу макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жаткандыктан гана кечигүүдө. Долбоордун администрациясы бул иштерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүүгө аракет кылууда.
Мындан тышкары, жер алдындагы бөлүктүн иштеши менен жер үстүндөгү курулушту демонтаждоо — эки башка процесс. Чүй проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү курулушту бузуу иштери бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Себеби иштеп жаткан жер алдындагы конструкциянын үстүндө оор техниканы колдонуу технологиялык жактан мүмкүн эмес жана жөө жүргүнчүлөр үчүн түздөн-түз коркунуч жаратат. Жарандардын коопсуздугу жана өтмөктүн көтөрүүчү конструкцияларын сактоо бул иштердин темпин аныктаган негизги артыкчылык болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.
Ал эми аймакты көрктөндүрүү боюнча долбоордун администрациясы жашыл аянттарды сугаруу үчүн суу түйүндөрүнө кошулууга техникалык шарттарды берүү өтүнүчү менен муниципалдык кызматтарга бир нече ирет кайрылганын билдирди.
"Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Мунун айынан, инвестордон көз каранды болбогон техникалык себептерден улам, жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү азырынча мүмкүн болбой жатат. Коммерциялык жайлардын жабылышы жүздөгөн ишкерлерди жана өз үй-бүлөсүн багып жаткан кызматкерлерди оор абалга кептейт. Биз муниципалитет менен инвестордун ортосундагы бардык техникалык жана административдик пикир келишпестиктер мыйзам чегинде гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Мындай маселелерди чечүүдө бир тараптуу жана кескин чаралар кабыл алынбашы зарыл. Ак ниет иш алып барган чакан бизнес бул процесстердин курмандыгына же барымтасына айланбашы керек", - деп белгилешти "Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы.