Милдеттенмелер аткарылган эмес: "Олд Бишкек" комплекси жабылды

Коом Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 12:30
747099240_2162116584700476_3281444489830833259_n.jpg
747903945_2177793779459742_2409051721821635396_n.jpg
746919770_1049269244723465_5504874100115648801_n.jpg
747086911_1262043336986099_6633163041055630327_n.jpg
747588248_1240446918120726_1218778643726339825_n.jpg
747862499_2286756515403472_8354179964935078256_n.jpg
747881797_1331693195746781_7182368345670386542_n.jpg
747881837_4715951725318699_6835508446697683023_n.jpg
Алдыга
Артка
747099240_2162116584700476_3281444489830833259_n.jpg
747903945_2177793779459742_2409051721821635396_n.jpg
746919770_1049269244723465_5504874100115648801_n.jpg
747086911_1262043336986099_6633163041055630327_n.jpg
747588248_1240446918120726_1218778643726339825_n.jpg
747862499_2286756515403472_8354179964935078256_n.jpg
747881797_1331693195746781_7182368345670386542_n.jpg
747881837_4715951725318699_6835508446697683023_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.

"Баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. Өз убагында муниципалитет шаардык инфраструктураны модернизациялоо жана жаңылоо шарты менен бул долбоордун ишке ашырылышын колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарууда", – деп баса белгиледи мэр.

Маалыматта белгиленгендей, Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2026-жылдын 1-июлунда ижарачыларга эки жумалык мөөнөттө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү талабы менен 122ге жакын билдирүү берилген.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн ишмердүүлүгү токтотулушу керек.

Мындан тышкары, тиешелүү кызматтарга ижарачылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, соода комплексинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча долбоордун инвесторлоруна кайрылуу зарылдыгын түшүндүрүү тапшырмасы берилди.

"Инвестор өзүнө алган бардык милдеттенмелерди толук аткарып, объектти мыйзамда белгиленген тартипте расмий пайдаланууга бергенден кийин гана соода комплексинин иши кайра жандандырылышы мүмкүн", – деди мэр.

Белгилей кетсек, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Айбек Жунушалиев ошондой эле Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги тилкеде жүргүзүлүп жаткан демонтаж иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мындан сырткары, аймакты көрктөндүрүү жана фонтан аймагын реконструкциялоо иштери да текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтарга курулуш-монтаждоо жана көрктөндүрүү иштеринин темпин тездетип, алардын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аякташын камсыз кылуу тапшырылды.