Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фучик көчөсүндөгү жашоочулар менен жолугуп, аталган аймактагы үйлөрдүн келечегин талкуулады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Фучик көчөсүндөгү №18, 20, 22 үйлөр (жалпысынан 350гө жакын батир) учурда авариялык абалда турат.
Белгиленгендей, бул имараттар буга чейин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө болгон.
"Жогоруда аталган үй ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жаңы батирлер сунушталат. Эгерде бериле турган батир менен эски мүлктүн баасында айырма болсо, аны жеңилдетилген шарттарда төлөө мүмкүнчүлүгү каралат. Жакын арада ар бир батирдин жана коммерциялык жайдын баасы аныкталат. Мэр тургундар менен жеке консультациялар өткөрүлүп, тиешелүү келишимдер түзүлөрүн убада кылды. Имараттар бузулгандан кийин жер тилкеси муниципалдык менчикке өтөт. Аны келечекте натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын чечим кабыл алынмакчы. Ал эми мүлктү документтештирүүдө же башка процесстерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталса, аларга карата катуу чаралар көрүлөт.",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, учурда аталган тилкедеги 350 батирдин 38и муниципалитетке таандык. Калган жеке менчик ээлери менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында иш алып баруу мерчемделүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин Фучик көчөсүндөгү беш кабаттуу үй жашоого кооптуу деп табылган.