Бишкектин Фучик көчөсүндөгү беш кабаттуу үй кооптуу деп табылды

Коом Загрузка... 23 Март 2026 13:45
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Фучик көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан беш кабаттуу турак үй жашоого кооптуу абалда деп табылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көп кабаттуу турак үйдүн сырткы көрүнүшү авариялык абалда экендиги тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн. Мындан улам адистер барып, имаратты текшерип чыгышты.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, имарат көп жылдар бою туура эмес эксплуатациялоонун жыйынтыгында ичиндеги түтүктөр (инженердик тармактар) өз убагында оңдолгон эмес.

Мунун кесепетинен:

  • Үйдүн дубалдарынан жаракалар кеткен;
  • Темир бетондон жасалган шыптары чирип баштаган.

Белгиленгендей, изилдөө иштери толук бүткөн соң Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан акыркы техникалык корутунду берилет.

Адистер үйдүн техникалык абалы тууралуу маалыматты жашоочуларга жана Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүштү.