Акыркы жылдары кыргызстандыктардын көбү электромобилдерге өтө баштады. Кытайда өндүрүлгөн бул унаанын санынын өсүшү, кубаттоо инфраструктурасынын өнүгүшү жана импортко карата колдонулуп жаткан жеңилдиктердин натыйжасында барган сайын жарандар экологиялык жактан таза транспортту тандап жатышат. Бирок электромобилдердин популярдуулугу менен катар бир катар өлкөдө электр энергиясы жетиштүүбү, электромобилдерди кайсы жерден оңдотууга болот, импортко берилген жеңилдиктер узартылабы жана эмне үчүн айрым адамдар бул унааларга ишене беришпейт деген суроолор да жаралууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономист Кубат Рахимов айтып берди.

— Негизги суроолордун бири — электромобилдерди импорттоого берилген жеңилдиктердин мөөнөтү узартылабы? Бул жагдайга кандай баа бересиз?
— Менин оюмча, Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өзүнчө жеңилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттердеги кесиптештерибиз бул демилгени колдойт деп ишенем. Анткени Россиядагы күйүүчү май тартыштыгы аймактагы бардык өлкөлөргө таасирин тийгизүүдө.
Азыр Россияда күйүүчү май боюнча көйгөйлөр жаралып, Беларусь күйүүчү майдын бир бөлүгүн Россияга жөнөтүүдө. Ал эми Казакстан техникалык жардам көрсөтүп, бензин жеткирүүдө. Ошол эле учурда Казакстандагы мунай иштетүүчү заводдор жай мезгилинде пландуу техникалык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Ошондуктан электромобилдерди алып кирүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү узартылышы ыктымал. Мындагы негизги маселе — квотанын канчалык көбөйтүлүшүндө. Менин оюмча, ал жок дегенде эки эсеге чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул багытта мамлекет менен бизнестин көз караштары негизинен дал келип жатат.
Ошол эле маалда бул теманы коомчулукта, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу талкуулоону улантуу маанилүү. Коом жеңилдиктердин артыкчылыктарын жакшы түшүнмөйүнчө, өкмөттүн деңгээлинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу кыйын болот.
Мындан тышкары, жеңилдик менен алып келинген автоунааларды өлкөдөн чыгаруу маселесин да чечүү зарыл. Азыр Кытайдан Кыргызстанга көп сандагы электромобилдер алынып келинип, алардын кыйла бөлүгү кийин кайра Россияга сатылып жатканын көрүп жатабыз.
Эгерде жеңилдиктер Кыргызстан рыногу үчүн берилсе, анда аларды жөн гана кайра экспорттоонун куралына айлантпай турган механизмдерди иштеп чыгуу керек. Болбосо анын пайдасын айрым ишкерлер гана көрүп, жети миллион калк андан эч кандай пайда ала албайт.
— Эмне үчүн Кыргызстанда электромобилдерге болгон кызыгуу өсүүдө?
— Бүгүнкү күндө бул багыттагы өзгөрүүлөр ачык эле байкалууда. Алгач Кытайда башталган электромобилдерге өтүү кийин АКШ менен Европада кеңири жайылып, эми Кыргызстанда да күч алып жатат.
Жарандар эң оболу экономикалык жактан пайдалуу вариантты тандап жатышат. Электромобилди сатып алуу бир нече себептен улам ыңгайлуу болууда. Биринчиден, импортко карата колдонулуп жаткан жеңилдиктер. Бажы төлөмдөрүнүн жана кошумча нарк салыгынын дээрлик жоктугу сатып алуу баасын кыйла төмөндөтөт.
Экинчиден, Кыргызстанда электр энергиясынын салыштырмалуу арзан болушу чоң артыкчылык болуп саналат. Дал ушул фактор электромобилдерди пайдаланууну экономикалык жактан пайдалуу кылууда.
Муну такси кызматында иштегендердин мисалынан эле көрүүгө болот. Коммерциялык максатта автоунаа колдонгон көпчүлүк айдоочулар электромобилди кармоо ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаага караганда пайдалуураак экенин белгилеп келишет.

Айрым электромобилдер буга чейин көп айдалып келген газ менен жүрүүчү автоунаалардан дагы үнөмдүү болууда.
Ал эми экологиялык фактор азырынча анчейин роль ойной элек. Айдоочулардын экологиялык маданияты жетиштүү деңгээлде калыптана электигинен улам, көпчүлүк адамдар электромобилдин зыяндуу газ бөлүп чыгарбай турганын жана абаны булгабай турганын көп ойлоно беришпейт.
— Бүгүнкү күндө электромобилдерге массалык түрдө өтүүгө эмнелер тоскоолдук кылууда?
— Негизги көйгөй —оңдоо инфраструктурасынын жоктугу. Асма бөлүгүн, редукторлорду жана башка механикалык тетиктерди оңдой алабыз. Бирок электр кыймылдаткычтарын жана аккумулятордук системаларды оңдоочу толук база азырынча түзүлө элек.
Мындан тышкары, кытай автоунаа маркаларынын көптүгү да өзүнчө көйгөй жаратууда. Унаалар көбөйүп жатат, бирок аларды тейлөө жана тетиктер менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү система азырынча жетишсиз.

Азыр автоунаалар негизинен жаңы болгондуктан, олуттуу көйгөйлөр байкала элек. Бирок бир нече жылдан кийин батареялар же электр кыймылдаткычтары иштен чыга баштаганда бул маселе даана сезиле баштайт.
Ошондуктан кытайлык өндүрүүчүлөр менен активдүү кызматташуу зарыл деп эсептейм. Өнөр жай парктарынын алкагында литий-иондук жана темир-фосфаттык аккумуляторлорду, ошондой эле электр кыймылдаткычтарын оңдоочу ири адистештирилген тейлөө борборлорун ачуу натыйжалуу болот.
— Кыргызстан электромобилдердин көбөйүшүнө канчалык даяр? Кубаттоочу станциялар жетиштүүбү?
— Базар буга чейин эле калыптанган. Ал эми электр кубаттоо станцияларын орнотууга берилген жеңилдиктер натыйжа берип жатканын көрүп жатабыз.
Бирок, мында энергетика тармагы электр энергиясына болгон суроо-талаптын кескин өсүшүнө туруштук бере алабы деген суроо жаралат.
Дүйнө жүзүндө электромобилдер негизинен эки жол менен кубатталат.

Биринчиси — үйдө кубаттоо. Эгер адамдын жеке үйү, гаражы же автоунаа токтотуучу жайы болсо, ал жерге атайын кубаттоочу түзүлүш орнотсо болот. Мындай түзүлүш аркылуу электромобилди кадимки электр тармагына туташтырып, түн ичинде толук кубаттап алуу мүмкүн. Бул эң арзан жана эң ыңгайлуу жол.

Экинчи жолу — коомдук кубаттоо станцияларын пайдалануу. Бирок мындай станцияларда кубаттоонун баасы айрым учурларда бензинге кеткен чыгымга жакын болуп калат.
Ошондуктан үй шартындагы кубаттоо түзүлүштөрүн орнотууну колдоо керек. Аларга үч фазалуу электр тармагына кошулуу же башка жеңилдиктер берилүүгө тийиш.
Эгерде бул маселе чечилсе, электромобилдерге өтүү кыйла ылдамдайт.
— Кыргызстандыктардын айрымдары азырынча электромобилдерге ишенимдүү мамиле кыла элек. Бул эмнеге байланыштуу?
— Негизинен бул кытай технологияларына болгон ишенимдин жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт. Биздин рыноктогу электромобилдердин басымдуу бөлүгү Кытайда чыгарылган.
Бирок бул этап акырындык менен өтүп жатат. Адамдар көнүп жатышат. Оңдоочу адистер жаңы технологияларга ылайыкташууда, пайдалануу боюнча тажрыйба топтолууда.

Негизги кооптонуулар үйдөгү кубаттоо түзүлүштөрүнүн кубаттуулугу жетиштүү болобу жана кубаттоо станцияларынын саны жетиштүү болобу деген эки суроо менен байланыштуу.
Кубаттоо станциялары шаарларда, трассаларда жана аймактарда кеңири жайылган сайын бул тоскоолдук акырындык менен жоголот.
Бирок дагы бир маанилүү жагдай бар — өлкөнүн энергетикалык абалы. Электромобилдердин өнүгүшү түздөн-түз электр энергиясынын жетиштүүлүгүнө байланыштуу экенин түшүнүшүбүз керек.
— Жакынкы жылдары Кыргызстан үчүн кайсы транспорт эң ылайыктуу болушу мүмкүн?
— Алдыдагы 5–10 жылда Кыргызстанда толук электромобилдерге өтүүдөн мурун гибрид унаалар жакшы чечим болушу мүмкүн. Бул негизинен электромобиль сыяктуу жүргөн, бирок аккумуляторду кубаттоо үчүн гана колдонулуучу чакан ички күйүүчү кыймылдаткычы бар автоунаалар.
Мындай унаалар арзан электр энергиясын пайдаланууга мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда кубаттоо инфраструктурасына толук көз каранды эмес.
Эгерде түнкүсүн кубаттоо мүмкүнчүлүгү болсо — автоунаа электр энергиясы менен жүрөт. Эгерде кубаттоо мүмкүн болбосо — бензин генератору ишке кирет.
Кыргызстан үчүн бул эң ылайыктуу өткөөл модель болушу мүмкүн.
— Электромобилдерди көбүрөөк колдонууга түрткү берүү үчүн дагы кандай иштер аткарылышы керек?
— Импортко берилген жеңилдиктерден тышкары, транспорт салыгын кайра карап чыгуу зарыл.
Азыр электромобилдердин жана гибриддердин ээлери бул салыктан дээрлик бошотулган, ал эми негизги жүк ички күйүүчү кыймылдаткычы бар автоунаалардын ээлерине түшүп жатат.
Менин оюмча, транспорт салыгын кымбат баалуу автоунааларга салынуучу салык катары кайра киргизүү керек.

Эгерде адам баасы 70–100 миң доллар болгон кымбат автоунаа сатып алса, тиешелүү өлчөмдө салык төлөшү керек. Ал эми чакан жана үнөмдүү электромобилдердин ээлерине мурдагыдай эле жеңилдиктерди сактап калышы зарыл.
Экологиялык транспортко массалык өтүүнү колдоонун сакталышы, ошол эле учурда кымбат автоунааларга салык салуу -кыйла адилеттүү система болмок.