Эгемендүүлүккө 35 жыл: Кыргызстандагы ири өзгөрүүлөргө саресеп

Аналитика Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 18:40
WhatsApp_Image_2026_SmJVRJI.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына туура 35 жыл толот. Өлкө көз карандысыздыкка жетишкенден бери өз алдынча мамлекет катары өнүүгүүгө карай умтулуп келет. Акыркы беш жылды эле алсак, бардык тармактарда, мамлекеттик башкаруудан тартып экономикага чейин алгылыктуу натыйжаларга жетишүүдө. “Кабар” агенттиги аларды тизмектеп, саресеп салат.

Мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр

479723_Klipart_Boly_9BAJyZa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Өлкөнүн өнүгүүсүнө ар бир облус, район, шаарларда аткарылып жаткан иштер түздөн-түз таасирин тийгизери белгилүү. Элеттиктер мектеп, бала бакча, жол, жер, суу маселесинин чечилиши керектигин байма-бай айтып келчү. Акыркы беш жылда мамлекет бул багыттарга каражат бөлүп, жыл сайын ондогон социалдык объекттер курулууда. Жүздөгөн чакырым жолдор салынууда. Ал эми жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечилчү маселелерге келгенде мурдагыдай борборду карап отурбастан облус жетекчиси, айыл өкмөттөр жоопкерчилигин сезип, элеттиктер менен тыгыз иштөөнүн үстүндө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдрахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, эң алгач эле жергиликтүү бийликтин жетекчилери, мисалы акимдер сынактык негизде тандалып, кадрлар резервинде туруп, иш жөндөмдүүлүгү жана тажрыйбасына жараша дайындала баштады. Бул мурдагыдай тааныш-билиштерди кызматтарга орноштуруу деген терс көрүнүштөргө бөгөт коё алды. Экинчиден, кадрларды ротациялоо маселеси коррупцияны кескин түрдө кыскартууга өбөлгө түздү.

WhatsApp_Image_2025_bBcbdUD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

“Мамлекеттик башкарууга киргизилген мындай өзгөрүүлөр иштин сапатын кыйла өзгөртө алды десек болот. Азыр акимдер, айыл өкмөттөр жер-жерлердеги маселелерди чечүүдө жоопкерчиликтүү мамиле кылып баштады. Президент жетекчилерди атайын графикке ылайык, жергиликтүү тургундар менен түздөн-түз жолугушуп туруу керектигин тапшырды. Бул элдин көйгөйлөрүн жеринде угуп, ыкчам чечүүгө шарт түздү”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Абдрахман Маматалиев социалдык маселелерди чечүү боюнча да өз пикирин айтты.

WhatsApp_Image_2026_DaYk1Zl.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Анын белгилешинче, социалдык төлөмдөр, айлык акылар эки эселеп жогорулады. Муну менен катар бул тармакта курулуш иштери болуп көрбөгөндөй темп менен аткарылууда.

“Акыркы жылдары жүздөгөн мектептер, бала бакчалар, ФАПтар, ооруканалар курулууда. Мындай курулуштар ар бир облуста жүрүп жатат. Буга жараша калкты тейлөө сапаты жакшырды. Мугалим, дарыгерлердин айлык акысы көбөйтүлдү. Мугалимдик ишин таштап убактылуу башка иш менен алектенгендер же миграцияга кетүүгө аргасыз болгон адистер азыр кайра ишин келип улантып жатышат”, - деп мисал келтирди Маматалиев.

Коргоо жана коопсуздук маселеси

Абдрахман Маматалиев Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чектешкен чек арасын тактоо иштерин колго алып, бул багытта иштерди дипломатиялык жана сүйлөшүү жолу менен чече алганы менен башка өлкөлөргө үлгү көрсөттү деп эсептейт.

“Коңшу мамлекеттер менен достук жана бир туугандык мамиле бекемделип, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар дагы да артууда. Өлкө коргоо жана коопсуздук маселелерин унутта калтырбай, бул жаатта комплекстүү иштерди жасоого жетишти. Аскер кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулаптылып, иш шарттары жакшыртылып, жаңы имараттар курулууда. Ошол эле маалда аларды турак жай менен камсыздоо маселеси чечүлүүдө”, - деди мамлекеттик ишмер.

Эл аралык багыт жана дипломатия

494458520_122075889.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Кыргызстандын көп векторлуу саясат жүргүзүүсүнүн натыйжасында бардык чет өлкөлөр менен маанилүү, достук жана пайдалуу байланыштарды чыңдап, мындан ары да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууда. Кыргызстан эл аралык аянтчаларда глобалдык маселелерди чечүү тууралуу өз сунуш-пикирин ортого салып, тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнүн шартында алдыга коюлган пландарын ишке ашырууга басым жасоодо.

“Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул БУУга мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн Кыргызстанга көрсөткөн мындай ишеними өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулаганын айгинелеп турат”, - деди Абдрахман Маматалиев.

Экономика жана инвестиция

7a767716-71e6-4af8-_0dJxNBz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Акыркы жылдары экономиканын бардык секторлорунда оң динамика байкалууда. Үстүбүздөгү жылдын беш айында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) алдын ала эсептөөлөр боюнча 781 млрд сомду түзүп, 12,2% реалдуу өсүш темпин көрсөткөн.

Экономикалык өсүшкө курулуш тармагы, өнөр жай, тейлөө тармагы жана айыл чарбасы салым кошууда.

Жыл сайын 100дөн ашык ишканаларды ачуу тапшырмасына ылайык, облустарда жаңы жумуш орундары түзүлүп, ички рынокту суроо-талапка ээ болгон продукция менен камсыздоо, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Өлкөнүн экономикалык жактан өсүү темпи ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде эң жогорку көрсөткүчтөргө жетише алганын экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине билдирди.

Iskender-SHarsheev.jpg

Экономисттин баамында, Кыргызстандын экономикасы чет элдик бизнес үчүн жогорку жагымдуулугун көрсөтүүнү улантууда. Мындан улам түз чет элдик инвестициялардын агымы кыйла өскөнүн көрсөтүп жатат. Бул өлкөгө болгон ишенимдин жогорулаганын тастыктап турат.

Ошол эле маалда өлкөдө ири долбоорлорду ишке ашырууга маани берилүүдө.

“Энергетика тармагында ири ГЭСтерди куруу долбоорлору боюнча иштер жүрүп жатат. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу уланууда. Бул биздин өлкөгө стратегиялык жактан өтө маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери долбоорду ишке ашыруу маселеси каралып келген. Бул темир жол пайдаланууга берилсе мамлекетибиздин өнүгүшүнө дагы да салым кошот”, - деди ал.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 6 айында Кыргызстанга 6,3 млн турист келди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу миллион туристке көп. Жылдын жыйынтыгы менен 13 млн туристке жетет деп күтүлүүдө.

WhatsApp Image 2026-01-26 at 09.19.37 (1).jpeg

Искендер Шаршеев бул сандар коронавирус илдетинен кийин солгундаган туризм тармагы акырындык менен калыбына келгенин билдирерин айтат.

“Бүгүнкү күндө Борбор Азия дүйнө жүзүндө эң стабилдүү жана тез өнүгүп келе жаткан аймак катары таанылууда. Мунун эсебинен дүйнөлүк капиталдын Борбор Азияга келүү ыктымалдыгы жогорулады. Ошондуктан Кыргызстанга да инвестициялардын келиши мурдагыга салыштармалуу кыйла эле өстү. "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын ачылышы өңдүү жагымдуу иштер инвестициянын тартылышына жардам берет”, - деп белгиледи экономист.

Муну менен катар өткөн айда Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды. 20 жыл бою биздин өлкө аталган тизмеде турган. Акыркы үч жылда аткарылган иштер өз натыйжасын берип, Европага түз каттамдарды ачууга жол ачылып отурат. Экономисттер “кара тизмеден” чыгуу бир гана түз каттамдарды аткарууга гана эмес, соода-экономикалык, туристтик байланыштарды арттырууга өбөлгө түзөт деп айтышууда.