Кыргыз мамлекети быйыл эгемендиктин 35 жылдык мааракесин белгилегени турат. Бул күнгө өлкөбүз экономикалык жетишкендиктер, ишке ашырылып жаткан стратегиялык чоң долбоорлор, ачылып жана курулуп жаткан ГЭСтер, күн станциялары, өндүрүштөр, социалдык объекттер жана жүздөгөн башка жаңылыктары менен бара жатат. Ошол эле убакта мамлекеттин ийгилиги ички экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөр менен эле ченелбей турганын эске алуу керек. Өлкөнүн чыныгы эл аралык салмагын, геосаясий кадыр-баркын жана дүйнөлүк аренадагы ордун сырткы дүйнөнүн ишеними аныктайт. Бул жагынан Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүлүн ала алды.
Алыс барбай эле мындан беш жыл арттагы окуяларды карасак, бир мектептин курулушу чоң жаңылык, фонтандын ачылышы кадимкидей майрам эле. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр туурасында сөз да жок болчу. Азыр социалдык объекттер эле эмес, ири транзиттик, логистикалык түйүндөр курулуп, энергетикалык, туристтик ири долбоорлор ишке ашырылып, жылына 100 өндүрүштүн ишке кирүүсү кадимки көрүнүшкө айланды. Президент Садыр Жапаровдун бийлиги ыкчам жана чечкиндүү иштөө темпиний үлгүсүн көрсөтүп жатат. Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча Борбордук Азияда жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундарды ишенимдүү кармап турат.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курула баштаганы Кыргызстанды дүйнөлүк деңиз жолдоруна жана негизги соода хабдарына туташтырган транзиттик мамлекетке айлантат. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун жанданышы жана ондогон чакам ГЭСтердин, күн электр станцияларынын ишке кириши өлкөнү жакынкы келечекте таңсыктыктан чыгарып, энергиянын экспорттоочусуна айлантат деп үмүт артып жатабыз.
Өлкөнүн мындай көрсөткүчтөрү дүйнөлүк коомчулук үчүн жөн эле цифра эмес. Эл аралык абройлуу финансылык институттар Кыргызстанды тез өнүгүп жаткан экономика деп тааныганы, биздин мамлекетке аброй жана ишеним алып келди. Натыйжада Кыргызстан акыркы жылдары тышкы саясатта, деги эле кыргыз дипломатиясында мурда болуп көрбөгөн окуяларга күбө болууда.
Муну өлкөдө иштеп жаткан чет элдик дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү да жогору баалап жатышат. Маселен, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпи жогорку деңгээлде баратканын Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже Бишкекте өткөн ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өзгөчө белгиледи.

"Кыргызстандын экономикасы ыкчам темп менен өнүгүп жатканына күн сайын күбө болуудамын. Борбор калаадагы курулуштардын масштабын көрүп, буга толук ынандым. Бардык аймактарда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Өлкөнүн мындай туруктуу экономикалык өсүшү туризм тармагына да оң таасирин тийгизүүдө. Маселен, Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин саны акыркы 3 жылда кескин өстү. Быйыл болсо мурдагы жылдарга салыштырмалуу дагы көп конок келери күтүлүүдө.
Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө коомчулугунун өлкөгө болгон кызыгуусун андан бетер арттырууда. Бул маанилүү иш-чараларды утурлай, кореялык журналисттер азыртан эле Кыргызстанга келип, өлкөнүн экономикалык потенциалы жана инвестициялык жагымдуулугу менен жакындан таанышып жатышат. Алдыдагы саммитке жана Көчмөндөр оюндарына Корея Республикасынан атайын расмий делегациялардын келиши күтүлүүдө", - деп билдирди элчи.
Мындан 15 жыл мурун Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болгондо добуш топтой албай койгон эле. 2026-жылы БУУнун дээрлик 142 өлкөсүнүн добушуна ээ болуп, тарыхта биринчи жолу эл аралык уюмдагы чечим кабыл алуучу позицияга ээ болду. Кечээ жакында эле ички саясий каатчылыктан башы чыкпай, чек ара маселелерин чече албай келген өлкө, бүгүн дүйнөнүн коопсуздугу менен тынчтыгын аныктай турган мамлекеттердин катарына кошулду.
Дээрлик 20 жыл бою авиация тармагындагы алсыздык, коррупциянын, кемчиликтердин кесепетинен Кыргызстан Европага түз уча албай калган. Бийлик тийиштүү чараларды көрүү менен Еврокомиссияны ынандырып, асман жолдору ачылды. Бул чечим Кыргызстандын авиациялык системасы коопсуздуктун эң бийик дүйнөлүк стандарттарына жооп берерин бүткүл дүйнөгө далилдеди.

Тоолуу өлкө болгондуктан климаттык өзгөрүүлөрдүн соккусуна биринчи кабылып келген Кыргызстан учурда БУУнун деңгээлинде глобалдык тоо күн тартибин жана экологиялык дипломатияны жетектөөчү негизги лидер катары таанылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУ бир добуштан 2023–2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялады. 2027-жылы Кыргызстан тарыхый мааниге ээ болгон Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрөт. Анда дүйнөлүк лидерлер, БУУнун жетекчилиги жана окумуштуулар Бишкекке чогулуп, планетанын тоолуу аймактарын сактап калуунун жаңы стратегиясын кабыл алары күтүлүүдө.
Учурда дүйнөнүн дээрлик 185 өлкөсү менен алака куруп жатат. Тарыхта биринчи жолу Африка континентинде элчилигин ачып, Гвинея-Бисау, Ботсвана, Буркина-Фасо, Белиз, Сомали, Гондурас, Эсватини, Габон, Папуа, Багам аралдары, Танзания жана Принсипи сыяктуу экзотикалык өлкөлөр менен катыша баштадык.
Кыргызстандын саясий салмагын күздө өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммити дагы да арттырары күтүлүүдө. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 20дан ашык өлкөнүн президентин күтүп алат. Бул жөн гана дипломатиялык жеңиш эмес, бул дүйнө коомчулугунун Кыргызстанды туруктуу, жоопкерчиликтүү жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү өнөктөш катары тааныганынын айкын далили.
Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк экономика боюнча изилдөөчү окумуштуу, Кыргызстандын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин эксперти Замир Айылчыев өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы өзгөрүүлөргө башкы себепчилерди атады.

"Мен өзүм буга чейин президенттин тышкы саясат бөлүмүндө иштеп, 50гө жакын мамлекеттин саясатынын куратору болчумун. Бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп келем. Садыр Жапаров президент болуп келгенде эле тышкы саясатты жогорку деңгээлге чыгарууга жан үрөп баштаган. Президенттин Россияга болгон алгачкы мамлекеттик расмий сапарына өзүм күбө болгом. Мурдагы башчылар жергиликтүү диаспоралар менен деле жолугушчу эмес. Садыр Жапаров алар менен жолукканда көйгөйлөрдү өзү жазып алып, баары чечилди. Бизнес форум өткөрүлүп, бир топ макулдашуулар түзүлдү. Башка өлкөлөргө барганда да өзү баштап жолугушуп, иштеп, маселелерди чечип жатты. Инвестицияга ошондо эле кызыгуусу бар болчу. Мына эми ошолор жыйынтыгын берип жатат. Өлкө башчынын командасы, идеялары, демилгелери менен тышкы саясатта ордубузду таптык.
Мурда 20-25 жылдап Европа биримдиги менен мамилебиз солгун эле. Мамлекет башчынын саясий чечкиндүүлүгү менен көп иштер жасалды. Эмне үчүн дүйнө коомчулугу Кыргызстанга көбүрөк ишеним артып, инвестициялык жагдай жакшырып жатат? Бир катар факторлор бар. Анын ичинен КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин ишмердиги түздөн-түз таасирин берип жатат. Буга чейин инвесторлор бизге эмнеге келген эмес десеңер, мурда мамлекет кепилдик болуп берген эмес, коррупциялык моменттер көп болгон. Мында өлкөнүн коррупцияга каршы саясаты таасирдүү иштеп жатат. Дагы бир фактор, биздин өлкөнүн салык саясатынын жакшыртылышы. Санариптешүүдө ачыктык өкүм сүрүп, бюджет камсыздалды. Бул да эл аралык финансы уюмдары үчүн жагымдуу белги. Мына ушундай жагдайлар өлкөнүн сырткы саясатына түркүк болуп берет", - деди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Замир Айылчыев.
Эксперттин пикиринде, ички өсүштү туруктуу сактап калуу үчүн сырткы ишеним маанилүү. Ири глобалдык корпорациялар жана фонддор коопсуз, туруктуу, эл аралык ишенимге ээ болгон өлкөлөргө коркпой капитал салышат. Бул жаңы жумуш орундары, жаңы өндүрүштөр, казынага түшүп, кайра чөнтөгүбүздөн орун ала турган кирешелер, айлыктар жана пенсиялар.