Чет элдик инвесторлор менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү. Кайрат Итибаев менен маек

Маек 148 18 Август 2026 18:15
WhatsApp Image 2026-08-18 at 15.44.01.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялардын агымы өсүүдө. 2026-жылдын биринчи чейрегинде анын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34% өсүп, 386,7 млн долларды түздү. Акыркы жылдары өкмөт инвесторлорду тартууда жигердүү ишмердик көрсөтүп жатат. Учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор иштеп, жаңы технологиялар колдонулуп, чет элдик адистер тажрыйбасы менен иш үстүндө бөлүшүүдө. Кыргызстан инвестиция аркылуу жаңы өндүрүштөрдү, технологияларды, жумуш орундарын жана экспортту түзө алган өлкөгө айланып жатабы? Деги эле инвесторлор менен иштешүүнүн эрежелери кандай? "Кабар" агенттиги бул тууралуу Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев менен маектешти.

Кайрат Жаныбекович, статистика Кыргызстанга чет элдик түз инвестициялардын туруктуу өсүшүн көрсөтүп жатат. Ушул жылдын биринчи чейрегинде өсүш 34%ды түздү. Бул эмнени билдирет?

Мен бул көрсөткүчтү позитивдүү белги деп эсептейм. Мында инвестициянын көлөмүнө гана карап, маселе чечилди деп айтууга болбойт. 2026-жылдын биринчи чейрегинде чет элдик түз инвестиция 34% өсүп, 386,7 млн долларга жетти. Өзгөчө көңүл бура турган нерсе — кайра иштетүү өнөр жайына 90,1 млн доллардын тартылышы. Ошол эле учурда маалымат жана байланыш тармагындагы инвестициялар 75% көбөйдү.

Бул бизге эки маанилүү тенденцияны көрсөтөт. Биринчиден, Кыргызстан дагы эле соода жана финансылык операциялар үчүн кызыктуу рынок. Экинчиден, акырындап реалдуу секторго, кайра иштетүүгө жана технологияга кызыгуу күчөп жатат. Менин оюмча, кийинки баскычта биз ушул экинчи тенденцияны системалуу түрдө күчөтүшүбүз керек. Биздин максат — Кыргызстанды товар саткан рыноктон товар өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айландыруу.

Учурда экономиканын кайсы тармактары чет элдик капитал үчүн эң жагымдуу?

Мен бир эле тармакты бөлүп айтпайт элем. Кыргызстанда бири-бирин толуктаган бир нече инвестициялык багыт бар. Биринчиден, агроөнөр жай жана кайра иштетүү. Бизде айыл чарба продукциясы бар, бирок анын кошумча наркынын көп бөлүгү кайра иштетүү баскычында түзүлөт. Экинчиси — энергетика жана "жашыл" энергетика. Үчүнчүсү — логистика жана транспорттук коридорлор. Кыргызстан регионалдык соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Анда ары IT, AI жана санарип экономика, медицина, туризм турат. Биздин инвестициялык портфелде да ушул багыттарга басым жасап жатабыз.

Өкмөт ири долбоорлорго киришүүдө. Биздин ата мекендик бизнес моделдерибиз жана инфраструктурабыз чоң инвесторлордун стандарттарына канчалык деңгээлде жооп берет?

Бул жерде инвестор бизге даярбы же биз инвесторго даярбызбы деп өзүбүзгө ачык суроо беришибиз керек. Менин тажрыйбам көрсөткөндөй, потенциал абдан чоң. Ал эми эл аралык инвестор менен иштешүү үчүн жергиликтүү бизнеске дагы чоң өзгөрүү керек. Чет элдик инвесторго бизде жакшы жер бар, завод курабыз, рынок чоң деген сөздөр жетишсиз. Инвесторго товарды ким сатып алат, канчага сатып алат, канча өндүрөбүз, кандай технология колдонобуз, инвестиция канча жылда кайтып келет деген суроо маанилүү. Башкача айтканда, инвесторду издөөдөн мурда долбоорду инвестицияга даярдоо керек.

Сиз инвесторлорду соода-сатыктан өндүрүшкө жана кайра иштетүүгө буруу керектигин айтып келесиз. Бул процесс бүгүнкү күндө канчалык ийгиликтүү жүрүп жатат?

Бул жерде биздин философия өзгөрүшү керек. Инвестор бизге жөн гана акча алып келбеши керек. Ал технология, менеджмент, жаңы стандарттар жана жаңы рынок алып келиши шарт. Мисалы, чет элдик өнөктөш жергиликтүү агрардык компанияга инвестиция салса, анын пайдасы жаңы линия сатып алуу менен гана чектелбеши керек. Ал ошол компанияны өзүнүн эл аралык чынжырына кошуп, экспорттук рынокко алып чыгышы керек. Инвестор жөн гана капитал эмес, технология жана сатуу каналдарына жетүү мүмкүнчүлүгү.

Демек, жергиликтүү бизнестин даярдыгы көйгөйбү?

Кээ бир жергиликтүү компаниялар инвестор келгенде өзүнүн реалдуу финансылык абалын, башкаруу системасын же активдеринин баасын ачык көрсөтүүгө даяр эмес. Эгер компания үй-бүлөлүк принцип менен башкарылып, директор, бухгалтер жана кассир бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болсо, бул чоң инвестор үчүн олуттуу тобокелдик. Инвестор тартуу чет өлкөлүк адамды Кыргызстанга алып келүү эмес. Биздин иш жергиликтүү бизнести эл аралык капиталга даярдоо. Инвестиция тартуу инвестор менен жолугушуудан эмес, долбоорду сапаттуу даярдоодон башталат.

Климаттык шарттарды эске алганда, жакынкы келечектин бизнеси кандай болушу керек? Кыргызстанга климаттык инвестицияларды кантип тартса болот?

Бул менимче, кийинки он жылдыктын эң чоң инвестициялык темаларынын бири. Климаттык инвестиция дегенде биз бир гана күн панелин же ГЭСти түшүнбөшүбүз керек. Бул энергия натыйжалуулугу, суу ресурстарын башкаруу, климатка туруктуу айыл чарбасы, кайра жаралуучу энергия, калдыктарды кайра иштетүү, жашыл транспорт жана туруктуу туризм. Кыргызстан үчүн өзгөчө үч багыт маанилүү. Биринчиси — суу жана айыл чарбасы. Сууну аз сарптап, көбүрөк продукция өндүрүү. Экинчиси — энергетика. Биздин гидроэнергетикалык потенциалыбызды жана кайра жаралуучу энергия булактарын жаңы технологиялар менен айкалыштыруу. Үчүнчүсү — калдыктарды кайра иштетүү. Мен муну инвестициялык продукт катары кароону сунуштайт элем. Башкача айтканда, Кыргызстанга "жашыл" инвестиция керек деп эле отурбастан, конкреттүү, өлчөнө турган жана финансылык жактан негизделген климаттык долбоорлордун портфелин түзүшүбүз керек.

Сиз туризмди өнүктүрүү боюнча кеңири тажрыйбаңыз бар. Туризмди кандай өнүктүрсө болот?

Туризмде биз санга гана эмес, сапатка жана бир туристтин өлкөдө калтырган наркына көңүл бурушубуз керек. Туризмдин келечеги — бир нече күнгө келип кетүүчү туристтен регионго атайын максат менен келген туристке өтүүдө. Мисалы, бир адам Кыргызстанга лыжа тебүү үчүн келет, экинчиси — медициналык реабилитация үчүн, үчүнчүсү — тоо спорту үчүн, төртүнчүсү — этномаданий тажрыйба үчүн. Мындай турист экономикага көбүрөк акча алып келет. Чет элдик инвестициянын негизги натыйжасы капиталдын өзү эмес, жаңы технология, өндүрүш, жумуш орундары жана рыноктор.

Сиз инвесторлорду тартуу жана алар менен иштөө боюнча китеп жазган экенсиз. Эмне максатта жаздыңыз?

Чындыгында, бул китепти мен инвесторлор үчүн эмес, биринчи кезекте инвестиция тарткан адамдар үчүн жаздым. Инвестиция тартуу процесстин биринчи гана этабы. Мен даярдаган FIA Edu колдонмосунда инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин төрт негизги функциясы көрсөтүлөт. Алар инвесторду табуу, кызыктыруу, алып келүү, долбоорду ишке киргизүү, аны сактап калуу жана реинвестицияга алып келүү. Иш инвестор заводун куруп, ишке киргизилгенден кийин эле иш бүтүп калбайт. Тескерисинче, ошондо жаңы мамиле башталат. Мен көп айткан бир принцип бар. Эң арзан инвестиция жаңы инвесторду издөө эмес, Кыргызстанда иштеп жаткан инвестордун кайра инвестиция кылышына шарт түзүү.

Акырында, Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча сиздин негизги позицияңыз кандай?

Мен муну үч сүйлөм менен айтат элем. Биринчиден, инвесторду күтпөш керек, аны издөө керек. Экинчиден, инвестор келгенге чейин жергиликтүү долбоор даяр болушу керек. Мындан сырткары, инвестициянын көлөмүн эмес, анын экономикалык таасирин өлчөшүбүз керек. Биз келечекте канча завод курулду, канча жаңы жумуш орду түзүлдү, канча технология келди, канча продукция экспорттолду, канча жергиликтүү компания глобалдык чынжырга кирди жана инвестор канча жолу кайра инвестиция кылды сыяктуу көрсөткүчтөргө карашыбыз керек.