Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарына таянып, акырындык менен тыгыз ички интеграцияны ийгиликтүү курууда. Ошол эле убакта тышкы дүйнөгө саясий, экономикалык потенциалын көргөзө алды. Ал эми Кыргызстан учурда интеграция үчүн негизги платформалардын бири болуп жатат. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусун өткөрдү.

Мамлекет башчылары кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушуп, актуалдуу маселелерге токтолушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Документте саясий ишенимдин жогорку деңгээлин жана тараптардын бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндикти түзүүгө даярдыгын тастыкталган.
Белгилей кетүүчү жагдай “Борбор Азия+” форматы эски саясий жыйындарга караганда алда канча натыйжалуу экенин көрсөтүп жатат. Мындай ыкмалар менен региондун мамлекеттери тышкы чечимдерди күтпөй, өз алдынча транзиттик коридорлорду түзүп, экономика, жаратылыш ресурстары баштаган эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно башташты.
Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү жана дүйнөгө сунуштап жаткан артыкчылыктары туурасында Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков “Кабар” агенттигине берген маегинде айтып берди.

— Аскар мырза, Чолпон-Атада “Борбор Азия+Азербайжан” форматындагы президенттердин жолугушуусу өттү. Буга чейин да бир катар мамлекеттер менен жолугушуулар уюштурулганы маалым. Дүйнө өлкөлөрүнүн Борбор Азияга болгон кызыгуусунун кескин өсүшүнө кайсы факторлор негиз болууда?
— Глобалдык геосаясий абал тездик менен өзгөрүп жаткан азыркы заманда Борбор Азия аймагы өзүнүн тарыхый ролун кайрадан жаңы дем менен калыбына келтирүүдө. Учурда Европа Биримдиги, АКШ, Кытай, Россия жана башка дүйнөлүк державалар бул чөлкөмгө мурункудан алда канча чоң маани берип, өзгөчө назар сала башташты. Мунун артында логистикалык коопсуздук, заманбап технологияларга керектүү ресурстар жана жаңы энергетикалык мүмкүнчүлүктөр турат. Аймак жөн гана байкоочу эмес, дүйнөлүк процесстердин катышуучусуна айланууда.
Борбор Азиянын геостратегиялык мааниси биринчи кезекте анын транзиттик потенциалы менен аныкталат. Учурда дүйнөлүк соода жолдору диверсификацияланып, коопсуз жана кыска каттамдарды издөө күчөдү. Бул контекстте "Ортоңку коридор" деп аталган транзиттик каттамдын ролу өстү.
Чыгыш Азиядан чыккан жүктөрдү Европа менен байланыштырган темир жол жана автотранспорт түйүндөрү дал ушул биздин аймак аркылуу өтөт. Буга айкын мисал катары кылымдын долбоору аталган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун айтсак болот. Бул жол аймактын логистикалык туюктан чыгып, дүйнөлүк соода борборуна айлануусуна жол ачат.
Заманбап дүйнөдө жогорку технологиялар, жасалма интеллект микрочиптер жана жашыл энергетика биринчи планга чыкты. Бул тармактарды өнүктүрүү үчүн сейрек кездешүүчү минералдык ресурстар аба менен суудай зарыл. Батыш жана Чыгыш өлкөлөрү бул ресурстардын жаңы булактарын издөөдө. Мында негизги аймактардын бири — кайрадан эле Борбор Азия болуп жатат.
Минералдык ресурстар менен катар эле климаттын өзгөрүү шартында суу ресурстарынын мааниси кескин өстү. Бул жааттан алганда мөңгүлөргө жана тоолорго бай Кыргызстандын потенциалы абдан чоң. Суу — бул жөн гана ичимдик же сугат эмес, бул — жашыл энергия. Азыркы тапта аймакта ири ГЭСтердин биргелешип курулушу суу-энергетикалык коопсуздукту жана эгемендүүлүктү камсыздоого багытталган.
— Глобалдык өзгөрүү шартына туруштук берип өнүгүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн аракеттерине кандай баа бересиз? Биздин чөлкөмдүн аракети кандай болууда?
— Глобалдык деңгээлде бирдиктүү чөлкөм катары көрүнгөнү менен Борбор Азиянын ичинде соода, инвестиция жана технология тартуу боюнча ички позитивдүү атаандаштык да күчөдү. Ар бир мамлекет инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулууда.
Мисалы, Казакстан буга чейин эле өзүнүн "Астана" эл аралык финансы борборун (AIFC) түзүп, ийгиликтүү иштетип келет. Кыргызстан да акыркы убакта чоң кадамдарды таштап, Ысык-Көлдө СФИТ “Тамчы” сыяктуу инвестициялык жана туристтик долбоорлорду, эркин экономикалык аймактарды ача баштады. Кыргызстанга улай эле Өзбекстан да өзүнүн жаңы финансылык аймактарын жана өнөр жай борборлорун ишке киргизди.
Бул атаандаштык аймактын өнүгүүсүн тездетип, соода логистика, айыл чарба жана заманбап инфраструктураны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө.
Өз алдынча өнүгүү менен бирге, аймактагы өлкөлөр эл аралык форматтарда биригүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүштү. Алсак, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жаңы Жогорку мамлекеттик кеңеш курулду. Жыл сайын өтүүчү консультативдик жолугушуулар аймактын үнүн дүйнөгө бирдиктүү кылып угузууга шарт түзүүдө. Бул форматка Азербайжандын да кошулушу логистиканы, экономикалык кызматташтыкты бекемдейт.
Ошондой эле биздин чөлкөм Шанхай кызматташтык уюму, ЕАЭБ сыяктуу ири уюмдарда, ошондой эле өзгөчө мааниге ээ болуп жаткан Түрк мамлекеттеринин уюмунда соода-экономикалык, маданий байланыштарын алда канча күчөтүүдө.