Бишкекте көмүр менен иштеген беш отканага жылуулук насостору орнотулду

Коом Жүктөлүүдө... 15 Апрель 2025 14:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Бишкекте беш көмүр отканага жылуулук насосторун орнотуу иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.

Жылуулук насостору  №118, №111, №106 мектептерде жана №55, №56 бала бакчаларда орнотулду. Орнотулган жылуулук насосторунун жалпы саны 66 бирдикти түзөт.

Белгилей кетсек, жылуулук насостору алдыдагы жылытуу мезгилинде иштей баштайт жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жылуулук насосторун колдонуу экологиялык абалды жакшыртуудагы маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.