"Кабар" ШКУ форумун өткөрүүгө колдоо көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет

Бизнес Жүктөлүүдө... 09 Август 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-07-26 at 09.20.24.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 27-30-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун медиа форумуна ар тараптуу көмөктөшкөн мамлекеттик мекемелерге, өнөктөштөргө жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирет. Белгиленгендей, форум Кыргызстандын ШКУдагы төралыгынын алкагында уюштурулду.

Форумга уюмга мүчө мамлекеттерден, байкоочу мамлекеттерден жана диалог курууга келген чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, кыргызстандык делегацияларды кошкондо жалпысынан 26 өлкөдөн 250гө чукул адам катышты. Алардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

“Кабар” маалымат агенттиги президенттин администрациясына, президенттин Иш башкармалыгына, Тышкы иштер министрлигине, ШКУнун иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук координаторуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Мамлекеттик күзөт кызматына, “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасына, “Кыргызстан аэропорттору” ААК, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине жана форумду уюштурууга катышкан бардык мамлекеттик органдардын, ведомстволук ишканалардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирет.

Андан сырткары, демөөрчүлүк жана уюштуруучулук колдоо көрсөткөн “Кыргызалтын” ААК, "Кумтор Голд Компани" ЖАК, MEGA Кыргыз улуттук байланыш операторуна, “Кыргыз Коньягы”, “Шоро” компанияларына, “Алыкул” кемесине, “Супара” этнокомплексине, “Кыргыз Курут”, “Алайку Органик” ишканаларына, “Кыргыз Экспо”, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна, “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасына, Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданият борборуна жана Назира Бегим негиздеген “Кыргызстан мода индустриясы” компаниясына терең ыразычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуз эл аралык форумдун ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошту. Муну менен сиздер коом алдындагы социалдык жоопкерчиликти дагы бир ирет көрсөтө алдыңыздар.

Ошондой эле агенттик форумга келген чет элдик делегаттарды тосуп алып, аларды коштоп, бардык тараптан жардам берип, уюштуруу иштерине чоң салым кошкон ыктыярчыларга дагы терең ыраазычылык билдирет. Алардын жоопкерчилиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү жана ар бир жумушту кынтыксыз жасаганы форумдун ийгиликтүү өтүшүнүн бирден-бир себеби болду. ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму эл аралык маалыматтык кызматташтыкты бекемдөөгө, мамлекеттик институттардын, бизнес коомчулук менен коомдук уюмдардын өнөктөштүк байланышын кеңейтүүгө маанилүү кадам болуп калды.

Форумду ийгиликтүү өткөрүүгө жана уюштурууга салымын кошкон бардык катышуучуларга дагы бир ирет терең ыраазычылык билдиребиз.