Министрлер кабинети мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун талкууга чыгарды. Анда президенттин чечимдеринин негизинде ишке ашырылуучу улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн жер 50 жылга пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул мүмкүнчүлүктөн жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор да пайдалана алышат. Жаңы эрежелер жергиликтүү инвесторлорго да тийиштүү.
"Сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик менчиктеги жерлерди башкарууну натыйжалуу уюштурууга, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана өлкөгө инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган",- деп токтомдун долбоорунда баса белгиленген.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жаңыбай Дыйканов жерди ижарага берүү боюнча коомчулукта жаралып жаткан суроолордун негизинде “Кабар” агенттигине түшүндүрмө берди.

— Жаңыбай Пиримбердиевич, мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин берүү тартибинде кандай жаңы өзгөрүүлөр каралып жатат?
— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2025-жылдын 5-августунан тартып Кыргыз Республикасынын жаңы Жер кодекси күчүнө кирди. Ошону менен катар өлкөдө административдик-аймактык реформа (ААР) жүргүзүлүп, натыйжасында шаарлардын (анын ичинде Бишкек, Ош жана башка шаарлардын) аймактарына мамлекеттик менчикте турган ар кандай категориядагы жер тилкелери кошулган.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартибин жөнгө салган министрлер кабинетинин токтомун жаңы мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүү зарылчылыгы жаралды. Дал ушул максатта токтомдун долбоору иштелип чыгып, бир нече маанилүү жаңылыктар каралууда.
— Жер кодексинин кайсы беренелери туурасында сөз болуп жатат?
— Бул жерде сөз Жер кодексинин 8-беренесинде жана 28-беренесинде каралган ченемдер тууралуу болуп жатат.
Тактап айтканда, аталган беренелердин жоболоруна ылайык, улуттук инвестициялык же мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелери чет өлкөлүк жактарга 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилиши мүмкүн.
Мындан сырткары, аталган кодекстин ченемдерине ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен дагы улуттук инвестициялык же мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ижарага түздөн-түз берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда ушул мыйзамдык ченемдерди практикалык жактан ишке ашыруунун тартиби так регламенттелип, жер тилкелерин берүү боюнча жол-жоболор жаңы Жер кодексинин талаптарына толук шайкеш келтирилүүдө.
— Алгач 50 жылга чейинки мөөнөт боюнча айтсаңыз, жерди кийин менчикке чыгарса болобу?
— Жер мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик менчикте турган жер тилкеси чет өлкөлүк жактарга улуттук инвестициялык же мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилиши мүмкүн. Бул мыйзамда белгиленген эң жогорку, башкача айтканда максималдуу мөөнөт болуп эсептелет жана ал мөөнөттөн ашырууга жол берилбейт.
Ошону менен бирге, 50 жыл ар бир учурда милдеттүү түрдө берилүүчү мөөнөт эмес. Ижаранын конкреттүү мөөнөтү долбоордун өзгөчөлүгүнө, инвестициялык милдеттенмелерге жана тараптардын келишимине жараша аныкталат. Практикада мамлекеттик менчиктеги жер тилкелери көпчүлүк учурларда 5, 10 же башка негиздүү мөөнөткө ижарага берилет. Башкача айтканда, мыйзам 50 жылдык максималдуу чекти белгилейт, бирок ар бир жер тилкеси автоматтык түрдө 50 жылга берилбейт.
Эң негизгиси, мындай жер тилкелери убактылуу пайдаланууга (ижарага) гана берилет. Ижара мөөнөтү канча жылга белгиленгенине карабастан, мамлекеттик менчиктеги жер тилкеси мамлекеттин менчигинде кала берет жана чет өлкөлүк жактардын менчигине өткөрүп берилбейт. Демек, мыйзам инвесторго жерге менчик укугун эмес, белгиленген мөөнөттө жана мыйзамда каралган шарттарда жерди пайдалануу укугун гана берет.
— Ал эми аукцион кайсы убакта өткөрүлбөйт?
— Негизинен мамлекеттик менчикте турган жер тилкелери аукцион же конкурс аркылуу берилет. Бул мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдаланууга жана бардык кызыкдар жактар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган жалпы тартип болуп саналат.
Ошол эле учурда мыйзамдарда өзгөчө учурлар да каралган. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген негиздер болгон учурда мамлекеттик менчиктеги жер тилкеси аукцион өткөрүлбөстөн түздөн-түз берилиши мүмкүн.
Мындай учурлардын бири – улуттук инвестициялык же мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу. Мындай долбоорлор үчүн мамлекеттик менчикте турган жер тилкеси министрлер кабинетинин чечиминин негизинде түздөн-түз убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилет. Башкача айтканда, мындай учурда аукцион өткөрүлбөйт, анткени бул тартип түздөн-түз мыйзам менен белгиленген өзгөчө механизм болуп эсептелет.
— Мамлекеттик жерди берүүдө инвесторлорго кандайдыр бир финансылык милдеттенмелер коюлганбы? Деги эле кандай шарттар менен берилиши керек?
— Биринчиден, долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү кеминде 1 миллиард сомдон жогору болушу керек. Бул талап долбоордун өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин аныктоого багытталган.
Экинчиден, долбоор министрлер кабинети тарабынан бекитилген улуттук же мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизилиши зарыл. Реестрге киргизүү үчүн долбоор белгиленген критерийлерге жооп берүүгө тийиш жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү баалоодон өткөрүлөт.
Мындан сырткары, долбоордун максаты, сунушталган жер тилкесинин багыттуу пайдаланылышы, инвестициянын көлөмү, курулуштун же өндүрүштүк объекттин түрү, жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымы, экологиялык жана шаар куруу талаптарына шайкештиги сыяктуу бир катар критерийлер эске алынат.
Ушул талаптар аткарылган учурда гана мамлекеттик менчикте турган жер тилкеси инвесторлорго убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилиши мүмкүн.
— Курулуш демекчи, кандай долбоорлорду курууга уруксат берилүүдө?
— Мындай жер тилкелеринде күн жана шамал электр станцияларын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду, өндүрүш ишканаларын, заводдорду жана фабрикаларды, ошондой эле эс алуу-туризм комплекстерин, соода жана бизнес борборлорун, транспорттук жана инженердик инфраструктура объекттерин курууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошону менен катар, мамлекеттик жер тилкелери ар кандай курулуш үчүн эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошо турган, улуттук же мамлекеттик мааниге ээ болгон ири инвестициялык долбоорлор үчүн гана мыйзамда белгиленген тартипте жана бардык талаптар сакталган учурда берилет.
Бүгүнкү күндө улуттук же мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизилген ири долбоорлордун катарына Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, Куланак ГЭСин куруу, "Бишкек Арена" стадионун куруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу, Асман экологиялык таза шаарын куруу долбоорлору жана башка стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор кирет.
— Коюла турган күрөө боюнча да суроо жаралып жатат. Мыйзам боюнча эреже кандай?
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык, ижарачынын укугу күрөөнүн жүйөсү болушу мүмкүн.
Ошондой эле мыйзамда белгиленгендей, белгилүү бир мөөнөткө берилген укук анын колдонуу мөөнөтүнүн чегинде гана күрөөнүн предмети боло алат.
Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик менчиктеги жер участогунун өзүн күрөөгө коюуну көздөбөйт. Күрөөнүн предмети болуп жер участогу эмес, ошол жер участогун белгилүү мөөнөткө пайдалануу укугу гана саналат. Мисалы, эгерде жер тилкеси юридикалык жакка же жаранга 10 жылдык мөөнөткө ижарага (убактылуу пайдаланууга) берилген болсо, күрөөгө ошол жер тилкесин 10 жылдык мөөнөттө пайдалануу укугу гана коюлушу мүмкүн. Мындай учурда мамлекеттин жерге болгон менчик укугу өзгөрүүсүз сакталат жана үчүнчү жакка өтпөйт.
— Эгер инвестор жердин максаттуу багытын өзгөртөм десе кандай болот? Мисалы, айыл чарбасындагы бир багытты экинчи багытка алмаштырса болобу?
— Бул маселе Жер кодексинин талаптарына ылайык чечилет. Ар бир жер тилкеси белгилүү бир категорияга жана максаттуу багытына ээ болуп, ал жер ошол белгиленген багыт боюнча гана пайдаланылышы керек.
Мисалы, айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн арналат. Аларга дан өсүмдүктөрүн өстүрүү, багбанчылык, мал чарбачылыгы, үрөнчүлүк жана башкалар кирет.
Эгерде жаран мындай жер тилкесине айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод, өндүрүш ишканасы же башка өндүрүштүк объект курууну пландаса, анда жер тилкесин мурдагы максаттуу багыты боюнча пайдаланууга жол берилбейт. Мындай учурда жер мыйзамдарында белгиленген тартипте жер тилкесинин категориясын же максаттуу багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жол-жобосу жүргүзүлүүгө тийиш.
— Чек арага жакын жерлер боюнча тартип кандай?
— Чек арага чектеш аймактардагы жер тилкелери боюнча өзгөчө укуктук тартип каралган. Тактап айтканда, чек арага чектеш аймактардагы жер тилкелери төмөнкү максаттар үчүн гана берилиши мүмкүн:
- кайрылман макамына ээ болгон этникалык кыргыздарга;
- кайра жаралуучу энергия булактарынын объекттерин (күн, шамал жана башка) куруу жана пайдалануу үчүн;
- темир жолдорду жана темир жол инфраструктурасынын объекттерин куруу жана өнүктүрүү үчүн.
Мыйзамда көрсөтүлгөн ушул учурлардан тышкары, чек арага чектеш аймактардагы жер тилкелерин башка жактарга же башка максаттар үчүн пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.
— Жер тилкелерин берүү укугу республикалык жана облустук деңгээлде да жүргүзүлсө болот экен да?
— Бул өзгөртүү административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга багытталган.
Белгилүү болгондой, административдик-аймактык реформанын алкагында мамлекеттик менчикте турган айрым жер тилкелери республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын административдик чектерине киргизилди. Натыйжада мурда райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан башкарылып келген айрым мамлекеттик жерлер шаарлардын аймагында жайгашып калды.
Мурда мындай жер тилкелери боюнча ижарага берүү, ижара келишимдерин өзгөртүү же алардын мөөнөтүн узартуу сыяктуу укуктук мамилелерди тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүзөгө ашырып келишкен. Бирок административдик-аймактык реформадан кийин бул укуктук мамилелерди ким улантары боюнча практикалык маселелер жаралган.
Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда ушул укуктук боштукту жоюучу жаңы норма сунушталууда. Ага ылайык, административдик-аймактык реформанын натыйжасында республикалык же облустук маанидеги шаарлардын административдик чектерине кирген мамлекеттик менчиктеги жер тилкелери боюнча мурда түзүлгөн укуктук мамилелерди, анын ичинде ижара келишимдерин өзгөртүү, узартуу, кайра жол-жоболоштуруу жана мыйзамда каралган башка аракеттерди тиешелүү республикалык же облустук маанидеги шаарлардын аткаруу органдары ишке ашыра алышат.
— Мыйзамды аткарбаган инвесторлорго кандай чара көрүлөт? Жогоруда айтылган тартиптин аткарылуусун ким көзөмөлдөйт?
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, инвестор же жер пайдалануучу мамлекеттик менчиктеги жер тилкесин келишимде жана мыйзамда белгиленген максат боюнча гана пайдаланууга милдеттүү. Ал жер тилкесинин максаттуу багытын өз алдынча өзгөртүүгө, ошондой эле келишимде каралган шарттарды бузууга укуктуу эмес.
Эгерде инвестор мыйзамдардын же ижара келишиминин талаптарын бузса, ага карата мыйзамдарга ылайык тиешелүү укуктук чаралар көрүлөт. Аларга административдик жоопкерчиликке тартуу, айып пул салуу, мыйзам бузуу кесепеттерин жоюу жөнүндө милдеттендирүү, ошондой эле мыйзамда каралган негиздер болгон учурда ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жана жер тилкесин мамлекетке кайтарып алуу сыяктуу чаралар кириши мүмкүн.
Бул талаптардын аткарылышына бир гана орган эмес, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бир нече мамлекеттик орган көзөмөл жүргүзөт. Алардын катарына жер жана суу көзөмөл кызматы, архитектура жана курулуш, экология, салык, ошондой эле мыйзамдарга ылайык көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органдар кирет. Ар бир орган өзүнүн компетенциясынын алкагында текшерүү жүргүзүп, мыйзам талаптарынын сакталышын камсыздайт. Демек, бул жерде мамлекеттик көзөмөл комплекстүү негизде жүзөгө ашырылат.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Эске салсак, министрлер кабинетинин мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин ижарага убактылуу пайдаланууга берүү тартибин өркүндөтүүгө багытталган токтом долбоору учурда коомдук талкууга коюлган. Сунуштар эске алынып өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.