Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. 22-сентябрда “Каракол” эл аралык аэропортунда Кыргызстандагы алгачкы Business Aviation Summit 2026 иш-чарасы өтүп, ага эл аралык авиация коомчулугунун, бизнес-авиациясынын, авиакуруу жана ага байланыштуу тармактардын өкүлдөрү чогулушту. Иш-чарага Asman Airlines, Airbus, Bombardier, ACS Central Asia, COMAC, Kaz Air Jet, Aelia Insurance, Jet24, Volare Aviation, PamAir, Comlux, Flight Consulting Group, Dzun жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Саммиттин негизги максаты Кыргызстандын авиациялык инфратүзүмүнүн жана “Каракол” эл аралык аэропортунун бизнес-авиацияны өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтча катары мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу болду.
Саммиттин катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун "Каракол" эл аралык аэропортунун перронунда уюштурулган аба кемелеринин статикалык көргөзмөсү жаратты. Анда ар кандай үлгүдөгү бизнес-жеттер, ошондой эле тик учактар көрсөтүлдү. Өзгөчө көңүл кытайлык компания чыгарган медициналык каттамдарды аткарууга ылайыкташтырылган COMAC учагына бурулду. Ошондой эле перрондо “Asman Airlines” авиакомпаниясына таандык De Havilland Dash 8-400 учагы көрсөтүлдү.
“Business Aviation Summit 2026 иш-чарасынын өткөрүлүшү Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүдөгү жана эл аралык авиация коомчулугу менен кызматташтыкты чыңдоодогу дагы бир маанилүү кадам болуп калды”, – деди “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.