Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсү, социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан жок жана өз тажрыйбасына таянып, өлкө жетекчилиги тарабынан аймактарды гана эмес, жалпы өлкөнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерден таасир алган.
“Биринчи кезекте сиздерди жана бир тууган кыргыз элин социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү, экономикалык потенциалды бекемдөөдөгү маанилүү жетишкендиктер жана өлкөнүн эл аралык иш-чаралардагы ролунун жогорулашы менен куттуктап кетким келет.
Биз боордош эл катары сиздердин жетишкендиктерге кубанабыз. Өлкөнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы даана көрүнүп турат”, - деди мамлекет башчысы.