Унаа кыймылы чектелет: Бишкекте 8-ноябрда веложүрүш өтөт

Коом
IMG_4685.webp
e70510f7-ab7a-4112-aaa1-7a1bbec1deea.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4685.webp
e70510f7-ab7a-4112-aaa1-7a1bbec1deea.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.11.26. /Кабар/. 8-ноябрда Бишкек шаарында быйылкы велосезондун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат.

Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Веложүрүш “Газпром — балдарга” ден соолукту чыңдоо комплексинин жанында аяктайт.

Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат. Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында жүргүзүлөт.

Веложүрүшкө байланыштуу саат 09:45тен 10:30га чейин А. Токомбаев проспектисинин түндүк тарабындагы жолдун батыш багыты боюнча унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.