Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата веложүрүш өттү

Коом 1352 31 Март 2025 21:36
photo_5427340835705449307_y.max-1920x1080.format-webp.webp
photo_5427340835705449308_y.max-1920x1080.format-webp.webp
photo_5427340835705449310_y.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
photo_5427340835705449307_y.max-1920x1080.format-webp.webp
photo_5427340835705449308_y.max-1920x1080.format-webp.webp
photo_5427340835705449310_y.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата веложүрүш өттү.

Иш-чараны "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму уюштурду.

29-30-мартта веложүрүшкө 30дан ашык велосипедчилер катышты, алардын арасында уюмдун ыктыярчылары да болду.

Веложүрүш “Эс тутум көпүрөсү” урааны астында өттү. Кыймыл Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы музыка менен коштолду.

Веложүрүш өлкөнүн укмуштуудай кооз жерлерин басып өтүп, Балыкчы шаарынан Жалал-Абад шаарына чейин созулду. Маара маршрутка кошумча кызыгууну тартуулаган Казарман айылында жайгашты.

"Веложүрүш – бул биздин республиканын укмуштуудай кооз жерлерине баруунун эң сонун жолу.

Андан да маанилүүсү, биз иш-чараны Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин юбилейлик датасына, бизге ачык асман тартуулаган чоң аталарыбыздын эрдигине арнадык”, - дейт уюштуруучу Талгат Арыкбаев.

Веложүрүштүн катышуучулары мындай иш-чаралар сергек жашоо образын жайылтууга гана эмес, жаштардын патриоттук сезимин чыңдоого өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.