Мекенге арналган өмүр. Ардагер Асан Тезекбаевди эскерүү

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 29 Апрель 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Улуу Ата Мекендик согуш деп аты айтып тургандай бул апаат нечендеген өмүрлөрдү кыйратып, үй-бүлөлөрдү ар тарапка чачыратып, балдарды жетим, аялдарды жесир калтырып, канчалаган ата-энелердин көз жашын агызган. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе мерт кеткен, дайынсыз жоголгон, мунжу-майып болуп кайткан жоокерлердин саны жүз миңдеп саналат. Алардын арасында мекен үчүн салгылашкан, кан майданда душман менен арбашкан мекендештерибиз арбын. Бүгүн алардын бири, согуштун ардагери – Асан Тезекбаевди уулу медицина илимдеринин кандидаты, медицина кызматынын полковниги - Болот Асанов эскерет.

Атам Асан Тезекбаев 1922-жылы Ысык-Көл облусунуна караштуу Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында жарык дүйнөгө келген экен. Мектепти аяктагандан кийин педагогикалык окуу жайды бүтүрүп, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна жиберилип, ал жерде мугалим болуп иштеп калат. Ошол мезгилде согуш башталып, 1941-жылы фронтко аттаныптыр. Эки жылдай кан майданда салгылашып, 1943-жылы жарадар болуп мекенине кайтат.

Атам Сталининградда болгон үчүн ага “Сталининградды баатырларча коргоого катышкандыгы үчүн”, “Биздин советтик мекен үчүн” деген сыйлыктар берилиптир. Акырегинен жаракат алгандыгынан улам сол колу жакшы иштечү эмес. Башынан өткөн оор күндөрдү эстегиси келбей, кыска гана “биз го тирүү калдык, канча киши шейит кетти” деп кейип калчу. Муну менен атам согушту баштаган адамдардын канкордугун жектечү окшойт. Бул сөздү ал өз ажалы менен эмес, бөөдө өлүп кеткен жоокерлерге, бирин-бири аёосуз кырган адамдарга карата да айтса керек. Өзү коммунист болсо дагы, Кудай, дин деген нерселер жок деген идеология өкүм сүрүп турса дагы жаратканга ишенип, динди сыйлаган адам болгон экен. Кийин карылар үйүндө жетекчи болуп иштеп турганда каза болгон орустарды христиан дининин жөрөлгөсү менен гробко салдырып, попту чакырып, ал эми мусулмандарды жаназа окутуп, кепиндеп көмдүрчү экен. Муну менен катар эле атам коммунисттик партияга да жан дүйнөсү менен берилип кызмат кылган. Каза болоордо Кудай менен коммунисттик партияга ыраазымын деп айтып кетиптир.

Согуштан кайткандан кийинки жылдары атам партиялык мектепти аяктап, анда сабак да бериптир. Партиянын тапшырмасы менен Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай районунда партиялык жумуштарда иштеп, 1950-жылдары Ысык-Көлгө кайтыптыр. 1946-жылы үйлөнүп, жети балалуу болуптур. Атам бизге тарбиясын иши аркылуу берди десем жаңылышпайм. Жумушун так аткарган адамдарды, билимге умтулган жаштарды абдан жакшы көрчү эле. Элине, мекенине кызмат кылуу менен маңыздуу өмүр сүрүп сексен жашка чыга жашады. Артында атамдын ишин улаган уул-кыздары - биз калдык.